Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Кыз көркү-2018" жаш дизайнерлер сынагынын жыйынтыгы чыкты. Жеңүүчүлөр кимдер?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 8 май 2018

Жекшемби күнү, 6-майда, улуттук уңгуну жандандырган, кыргыз колорити менен ислам дининин эрежелерине дал келген эже-сиңдилердин көйнөгүнүн көргөзмө-сынагы өттү. Ал "Кыз көркү-2018" деп аталып, 6 жылдан бери «Даткайым» кыздар жатаканасы коомдук фонду тарабынан уюштурулуп келет. Жаш дизайнерлер арасында өткөрүлгөн сынак бул жылы да өз көрөрмандарын сүйүнттү.

Аталган иш-чаранын максаты - ислам динине ылайык келген жана улуттук колориттерге айкалышкан кыз-келиндердин кийимин сунуштоо.

null

Бул жылы 1-орунду Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин 3-курсунун студенти

Махаммадаминова Канышай утуп алса, 2-орунга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 4- курсунун студенти Муразбек кызы Эльмира, 3-орунга Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин 3-курсунун студенти Чынтурган кызы Перизат татыктуу болушту.

Иш-чаранын уюштуруучусу «Даткайым» кыздар жатаканасынын жетекчиси Салтанат Бекмурзаева баса белгилегендей, бул сынак-көргөзмө менен алар хиджабды модалоо эмес, аны кыргыз менталитетине ылайыкташтырып, кыргыз салтына туура келген стилин сунуштоону каалашат.

null

"Алгач ирет уюштурулган жылы катышуучулардын саны өтө аз болсо, 2016-жылы алардын саны жыйырма жетиге жеткен. Быйылкы жылы санга эмес, сапатка маани бергендигибизден, катышуучулардын санын 13кө түшүрүүгө туура келди. 10дон ашуун катышам дегендерге мүмкүнчүлүк бере албадык, анткени конкурстун шартына дал келбей калды. Быйылкы жыл башка жылдардан айырмаланып, мектеп окуучулары үчүн да коллекцияларга старт бердик", - дейт уюштуруучу Салтанат Бекмурзаева.

Белгилей кетсек, бул жаш дизайнерлердин сынагына борборубуздун ар кыл жогорку окуу жайларынан жана облусттардан да таланттуу студенттер катышып келишет.

1 / 17



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48