Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкек менен Ошто Ыйык Рамазан айына карата масштабдуу иш-чара өтөт

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 10 май 2018

Ыйык Рамазан айынын келишинин урматына 12-майда Кыргызстандын 2 чоң шаарында, Бишкек жана ошто “Рамазан-жан дүйнөнүн майрамы” аттуу уникалдуу долбоор болот. Аталган масштабдуу иш-чаранын экөөсү тең “Умма” ислам журналы тарабынан уюштурулууда.

null

Бишкектеги иш-чара 12-майда саат 17:30да Д.Асанов атындагы Жеңиш сейил багында (10-кичирайон, Түштүк Дарбазалары) башталмакчы. Майрамдык иш-чаранын программасында балдарга жана чоңдорго арналган кызыктуу конкурс, викториналар, белгилүү ырчылардан ыр белек, акын, түрдүү улут өкүлдөрүнөн куттуктоолор, кооз нашид, чыгыш барабанында кол ойнотуу, Muslim Art мусулман фото-арт көргөзмөсү, Борбор Азиядагы мыкты дизайнерлерден каллиграфия жана леттеринг боюнча акысыз мастер-класстар, акысыз мехенди уюштурулуп, Кыргызстандын белгилүү диний аалымдары орозого байланышкан бардык суроолорго жооп берет. Ошондой эле, туура тамактануу, дени сак жашоо образын жүргүзүү боюнча кеңештер, креативдүү фотозоналар коюлмакчы. Иш-чаранын кичинекей коноктору үчүн да кызыктуу өзүнчө бурч даярдалат.

Дал эле ушундай прграммадагы иш-чара Ошто да 12-майда Алымбек Датка атындагы сейил бакта саат 17:00до башталат.

Уюштуруучулардын айтымында бул иш-чаралар коммерциялык эмес мүнөздө болуп, анын башкы максаты шаар тургундарына позитивдүү, майрамдык маанай түзүү болуп саналат.

“Мындай иш-чаралар түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог үчүн көпүрө болуп, достук мамилелерди чыңдоо, маданият алмашууга түрткү берет. “Рамазан-жан дүйнөнүн майрамы” журнал тарабынан Бишкекте 3 жылдан бери, Ошто былтыркы жылдан бери өткөрүлүп, өзүнө тынчтык, позитивдүүлүктү камтыган уникалдуу долбоор катары жылуу кабыл алынып келет”,-дейт “Умма” журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова.

1 / 13



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов