Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ыктыярчылар карылар үйүнүн жашоочуларын Ч.Айтматовдун үй-музейине алып барышты

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 11 май 2018

Убакыт өткөн сайын жаштар коомубуздун социалдык турмушуна активдүү аралашып, ыктыярчылыкка көп тартыла башташты. Алсак, 8-майда демилгелүү жаштар "Умма" ислам журналы, Ч.Айтматовдун китеп борбору, "Prego" рестораны жана "Экодемия" кафесинин колдоосу менен Бишкек шаардык карылар үйүндөгү чоң ата, чоң апаларды маданий экскурсияга алып барышты.

null

Карылар үйүндөгү чоң ата, чоң апалардын көпчүлүгү бул жакка алгачкы жолу келип жатышкандыктан, үйдүн ичин чоң кызыгуу менен аралап киришти.

null

Ата-апаларды Ч.Айтматовдун жубайы, уулу Эльдар Айтматов, карындашы Роза Айтматова тосуп алышты.

null

Экскурсиядан соң ата-апаларга үй-музейдин алдында чакан дасторкон жайылып, түрдүү даамдар берилди.

null

Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун үй-бүлө мүчөлөрү залкар инсандын адамдык асыл сапаттарын айтып, чоң ата, чоң апаларга ден соолук, узун өмүр каалашты.

null

Жагымдуу эс алуу жана баарлашуудан соң үй-музейдин жамааты коноктор менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

1 / 49



Намаз убактылары
29 март 2024г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
13:07
Аср
17:32
Шам
19:28
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов