Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн наристеге операция жасалды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 23 май 2018

Биз буга чейин бүткүл Кыргызстанды таң калтырган Асылбек Нуркамиль уулунун үй-бүлөсү тууралуу бир нече жолу жаздык эле. Бүгүн мындан 2 ай мурун Бишкекке жүрөк кемтиги жана көздөрүндөгү чоң гематомалар менен төрөлгөн 2 айлык наристесинин жүрөгүнө операция жасатуу үчүн келген Асылбек мырза менен байланышып, ал-акыбалдарын сурадык.

null

Асылбек мырза өзү көзү азиз төрөлгөн. Анын жубайы 2-топтогу майып. Бул үй-бүлөнүн 2 кыз, 1 уулу бар. Алардын үчөө тең түрдүү дарт менен төрөлүшкөн. Улуу кызынын сүйлөө дефекти болсо, 2-кызы да атасындай көзү азиз болуп төрөлгөн. Эң аянычтуусу, 4 айлык кичинекей уулу жүрөк кемтиги (порок сердца) жана көзүндөгү чоң гематомалар менен жарык дүйнөгө келген. Бул үй-бүлө кичи уулунун төрөлүшүнө чейин өзүлөрүнүн жанын өзү багып келсе, кенже наристелүү болушу менен мекендештеринин колдоосуна муктаж болуп калышты.

Анткени алар айына берилчү 11миң сомдук пенсия менен гана жан багышат. Анын жарымы эле Оштогу жашаган батиринин акчасын төлөөгө кетет.

Жүрөк кемтиги менен төрөлгөн наристеси жаны кыйналып ыйлагандан ата-энеси өзүлөрүн коерго жер таппай калышкан.

null

Ушул жылдын 14-мартында үй-бүлө Бишкекке наристесинин жүрөгүнө операция жасатуу үчүн келген. Ата-эненин тилеги орундалып, доктурлар 14-майда наристенин жүрөгүнө операция жасашып, ал ийгиликтүү аяктады. Асылбек мырза менен байланышканыбызда, баланын ал-акыбалы жакшы экенин айтты:

“Баары жакшы буюрса. Балабыз ыйлабай калды. Доктурлар 6 айда бир көрүнүп турушубузду айтышты”.

Массалык маалымат каражаттары жана социалдык тармактар аркылуу Асылбек мырзанын абалы тууралуу уккан кайрымдуу мекендештер анын эсебине акча которушуп, колдорунан келген жардамдарын көрсөтүшкөн эле.

Асылбек Нуркамиль уулу:

“Баланын дары-дармектерине, палатанын акысына, ошондой эле баскан-турганыбыз, күнүмдүк керектөөлөрүбүзгө ошол мекендештеримден түшкөн каражат чоң колдоо болду. Алар болбосо эмне кылмак элек?”-дейт ал.
Асылбек мырза алардын үй-бүлөсүн, ал-акыбалын сурап, колдоолорун көрсөткөн баардыгына терең ыраазычылыгын билдирет.

Эми алдыда чоң гематомалар менен төрөлгөн баланын көзүн дарылатуу турат.

Асылбек мырза жубайы, наристеси жана апасы менен 25-майда Ошко үйүнө сапар тартканы турушат. Асылбек мырзанын айтымында, акча каражаты тартыш болгондуктан, алар Ошко такси менен кетерин айтышты. Жакында эле жүрөгүнө операция болгон наристени кыйнабай, алар самолет менен кетишсе жакшы болор эле. Андыктан, биз кайдыгер эмес мекендештерибизди Асылбек мырзаны наристеси жана үй-бүлөсү менен Ошко кыйналбай, ийгиликтүү жетип алуулары үчүн самолетко акча каражатын чыгарууга колдорунан келген жардамдарын берүүгө чакырабыз.

Ал үчүн каалоочулар 0776 122 190 жана 0774 322 463 номурларына ЭлСом электрондук капчыгы аркылуу акча которо аласыздар.

Асылбек мырзанын үй-бүлөсүнүн ал-акыбалынан кабар алып турам дегендер 0776 122 190, 0774 322 463 номурларына же “Умма” журналынын редакциясына байланышып турсаңыздар болот.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
23 октябрь 2018г.
Багымдат
05:49
Күндүн чыгуу
07:24
Бешим
12:46
Аср
16:24
Шам
18:13
Куптан
19:28
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов