Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ошто уникалдуу жана масштабдуу “Рамазан Чатыры” долбоору эшигин ачат

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 31 май 2018

Ыйык Рамазан айынын урматына Ошто масштабдуу жана уникалдуу долбоор саналган “Рамазан Чатыры” эшигин ачат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары болгон “Умма” ислам журналы билдирди.

null

“Рамазан чатырынын” майрамдык ачылышы 4-июнда саат 20.00до Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрынын аймагында болот. Ага Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан өкүлдөр, түрдүү конфессия, ишенимдин өкүлдөрү, маданий жана коомдук ишмерлер жана жардамга муктаж адамдар чакырылды.

“Рамазан Чатырынын” максаты - Ыйык Айдын урматына колунда жок, муктаж адамдарга биргелешкен кайрымдуулук ооз ачуу тамактарын уюштуруу.

Уюштуруучулардын айтымында, 250 кишиге ылайыкталган акысыз ооз ачуу тамактары 4-июндан 14-июнга чейин күн сайын уюштурулмакчы. Конокторду таттуу даамдардан тышкары Рамазан тууралуу баяндар, кызыктуу тасма, түрдүү конкурстарды камтыган маданий программалар да күтөт.

Рамазан Чатыры майда, декоративдүү лампочкалар менен кооздолуп, ага аят, хадистер, ислам тууралуу уникалдуу инфографика, плакаттар илинет.

Азыркы тапта Ошто чатырды орнотуу ишинин 60%ы бүттү.

null

“Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова иш-чара тууралуу мындай деди:

“Бул кайрымдуулук жана социалдык- маданий долбоордун максаты- колунда жок, жардамга муктаж адамдарга ооз ачуу тамактарын уюштуруп, атайын даярдалган уникалдуу маданий программалар аркылуу аларга майрамдык маанай тартуулоо. Мындан тышкары, түрдүү улут, диний көз караш, ар кыл курак жана социалдык деңгээлдеги адамдарды бир чатыр астына бириктирип, өз ара диалог түзүү, бири-бирин таануу, байланыштарды чыңдай турган платформа түзүү. Президент Сооронбай Жээнбековдун указы менен 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганына байланыштуу уюштуруучулар “Рамазан Чатырын” Ошто өткөрүүнү чечтик”.

Белгилей кетсек, “Рамазан Чатыры” буга чейин 2 жылдан бери Бишкекте өткөрүлүп келген. Былтыркы “Рамазан Чатырында” 4000ге чукул жардамга муктаж мекендештерибиз майрамдык ооз ачууга чакырылып, көңүл ачып кетишкен. Буга кошумча, чатырдын жанына уюштурулган жардам пунктуна кайрымдуу адамдардан азык-түлүк, кийим-кечелер чогултулуп, алар жеринде өз ээлерине таратылган. Коомду кайрымдуулук, социалдык активдүүлүк жана ынтымак-ырашкерликке үндөгөн бул долбоор көптөрүн кызыктырып, ММК өкүлдөрүн да четте калтырган эмес. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык ММКлар “Рамазан Чатырын” жеринде чагылдырышкан.

null

“Умма” журналы азыркы тапта иш-чарага даярдыктар кызуу жүрүп жатканын айтышат. Эгер сиз да бул долбоорго демөөрчү болуп же ыктыярчы катары кызмат өтөп, сооп табууну кааласаңыз, анда 0773 58 96 14, 0555 58 95 95 номерлерине байланышыңыз.

null



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
21 октябрь 2018г.
Багымдат
05:47
Күндүн чыгуу
07:22
Бешим
12:46
Аср
16:27
Шам
18:16
Куптан
19:31
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов