Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Көзү азиздер жана дүлөйлөр ифтарда: "Бизди коомдук иш-чараларга чакырышпайт"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 16 июнь 2018

Маршрурттук такси Бишкектеги мыкты ресторандардын бири саналган «Версаль» ресторанынынын алдына келип токтоду. Андан бири-бирин жетелеп, коноктор толкундануу менен түшүп жатышты. Алардын арасында бир үй бүлө толугу менен көзү азиз экенин да байкадык. Бир унаанын артынан 2-унаа токтоп, келгендер ресторанды көздөй бет алышты. Бул күнү, тагыраагы, 14-июнда дүлөйлөр жана көзү азиздер коому, “Аль-Бухари” балдар үйүнүн тарбиялануучуларына “Унутулгус ифтар” аталышындагы чоң майрамдык ооз ачуу кечеси уюштурулду.

null
"Унутулгус майрамдык ифтар" кайрымдуулук иш-чарасы

Конокторду сакуранын гүлдөгөн кезин элестеткен өзгөчө чеберчилик менен кооздолгон зал күтүп турган эле. Аларды элпек ыктыярчылар жылмаюу менен тосуп алышты.

Жайнаган дасторкондун үстүндө баарыбыз биргеликте алакан жайып, жүрөктөн чыккан дуба-тилектер менен оозубузду ачтык.

250гө чукул адамдын башын бириктирген бул ифтар кечесине Катар кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылды. Ал эми мындай форматтагы ооз ачуу уюштуруу идеясын “Умма” ислам журналы демилгелеп, бир топ демилгелүү эже-сиңдилер кош колдоп колдошту. Өзгөчө сөзгө ала турчу нерсе - бул кайрымдуулук иш-чарасы 1 күндүн ичинде эле уюштурулганы.

null
Уюштуруучулар тобу

Ооз ачкан соң көзү азиз коноктор бири-бирин таяп, шам намазын окууга 2-кабатка көтөрүлүп кетишти. Алар тагдырдын мындай оор сыноосуна карабастан, колдорунан келишинче Жараткандын өкүмүн аткарганга аракет кылышканы мактоого арзыйт.

Ооз ачуу кечеси атайын концерттик программа менен коштолду. Кайрымдуулук иш-чараларын дайыма колдоп жүргөн ырчы Анжелика бул күнү кечеге келүүдөн баш тарткан жок. Көзү азиз коноктор Анжеликаны кунт коюп тыңшап, угуп, кол чаап отурушту. Ал эми угуу жөндөмдүүлүгүнөн ажырагандарга жанындагылар кол жаңсап, эмне жөнүндө ырдалып жатканын түшүндүрүп берип жатышты.

null
Ырчы Анжелика келгендерге ыр белек сунду

Биз коноктордун бири менен сүйлөштүк.

“Бизге бүгүнкү иш-чара абдан жагып жатат. Өзүбүздү чоң майрамда отургандай сезүүдөбүз. Бизди көбү мындай иш-чараларга чакыра беришпейт. Анткени бизге шаарда жүрүүгө ыңгайсыз, чоң түйшүктү жаратат”, - деди келгендерден бирөөсү.

null
"Бизди көбү мындай иш-чараларга чакыра беришпейт. Анткени бизге шаарда жүрүүгө ыңгайсыз, чоң түйшүктү жаратат”

Ырчы Ташкент кызы Гүл конокторго бул сыноого сабыр кылууларын айтты. “Биз өзгөчө сиздердей адамдардын баталарына муктажбыз”, -деп, ал “Дуа кылалы” деген чыгармасын сунду.

null
“Биз өзгөчө сиздердей адамдардын баталарына муктажбыз”

Алып баруучу Мыйзам Абдумаликов коноктордун көңүлүн кызыктуу программасы, конкурс, викториналары менен көтөрө алды.

null
Эч ким куру кол кеткен жок

Кичинекей бөбөктөр да четте калбай, сахнага баалуу белектерди утуп алууга оюнга катышуу үчүн чыгышты. Аларга футболка, кепка, бут кийим, адеп китептери сыяктуу баалуу белектер ыйгарылды.

Чоңдор үчүн да оюндар уюштурулуп, аларга да кийим-кече түрүндөгү белектер таратылды.

Иш-чаранын демилгечиси, “Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова шаарыбыздын эң алдыңкы ресторандарынын биринде коомдун жылуу мамилесине жана камкордугуна муктаж болгон мекендештерибизге мындай иш-чара уюштуруу алар үчүн чоң сыймык экенин белгилеп өттү.

null
Элиана-Марьям Сатарова: "Рамазан-кайрымдуулуктун айы, бул айда муктаждарды көбүрөөк эстешибиз керек"

Социалдык, кайрымдуулук иш-чараларына ар дайым колдоо көрсөтүп жүргөн активист айым Хани Тукеева ынтымак жакшылык иштердин башаты экенин баса белгиледи:

“Күч бирдикте болсо мындан да масштабдуу кайрымдуулук иштерин жасоого болот. Ушундай иш-чара өткөрүү тууралуу тааныштарыбызга айтканыбызда, алар ойлонбостон кол кабыш кылышты. Бирок аттарын атабай эле коюуну суранышты”, - дейт Хани айым.

null
Активист Хани Тукеева

Бул ооз ачуу кечеси кыска аралыкта уюштурулганын айткан тележурналист Айжамал Каразак:

“Биз бүгүнкү күндү жогорку деңгээлде өткөрүүнү кааладык. Рамазандын акыркы күнү ооз ачуу кечесин уюштурууну алгач журналдын башкы редактору Элиана эже сунуштады. Бирок бизге дагы бир аз каражат жетпей жаткан. Анан колдоо болуп калар деп дос, тааныштарыбызга чала баштадык. Биз күтпөгөн жерден жардамдар келди”, -деди.

null
Журналист жана активист Айжамал Каразак

Кайрымдуулук иш-чарасы бир топ демилгелүү адамдардын башын бириктирди. Жакшылык ишине маршруттук таксилердин айдоочулары да кошулуп, алар алыс жактан келгендерди акысыз алып келип, кайра үйлөрүнө жеткирип коюшту.

Алардын бири, 100 – маршруттук таксинин айдоочусу Бакыт Эрменбаев ага мындай жардам көрсөтүү сунушу түшкөндө дароо макул болгондугун билдирди: “Эгер колубуздан келип турса, сөзсүз жардам беришибиз керек”, - деди ал.

null
Маршруттук таксинин айдоочусу Бакыт Эрменбаев

Иш-чаранын өтүшүнө ар ким колунан келген салымын кошту. Алсак, журналист жана кийимдер дүкөнүнүн ээси Амаль Миранова өзүнүн дүкөнүнөн конокторго белек катары 30 көйнөк белек кылды.

“Жакшылык иштерибиздин баары-Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн. Мага Хани Тукеева бул иш-чара тууралуу айтып, белек-бечкек жагынан бир аз колдоо керек болуп жатат дегенинен дароо макулдугумду бердим. Анын үстүнө орозонун акыркы күнү болгондуктан, сооп иштерди жасап калалы деген ой болду”, - дейт Амаль айым.

null
Амаль Миранова: “Жакшылык иштерибиздин баары-Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн".

"Халал индустриясын өнүктүрүү борбору" болсо баткен өрүгүнөн жасалган табиягый таттуу шербеттерди койду.

Гүлдөр менен кооздолгон жаркыраган зал - дагы бир демилгелүү бир тууганыбыз Акимбекова Айнагүлдүн эмгеги. "Felichita" декор студиясынын башкы менеджери Айнагүл чоң залды “гүлдөгөн бакча” стилинде жасап, келгендерге өзгөчө атмосфера тартуулады. Негизи, мындай көрктөндүрүү иши 20 миң сомдун тегерегинде болот. Бирок аталган студиянын жетекчиси Чинара Ибраимова жана Акимбекова Айнагүлдүн колдоосу менен бул күнкү зал толугу менен акысыз негизде шөкөттөлдү.

null
Айнагүл чоң залды “гүлдөгөн бакча” стилинде жасап, келгендерге өзгөчө атмосфера тартуулады.

Ооз ачуу кечесине келген көзү азиз жана дүйлөйлөрдү, алардын оор тагдырын көргөн “Версаль” ресторанынын кызматкерлери да кайдыгер кала алышкан жок. Кийин алар кесиптештери менен акча чогултуп, бул адамдарга алып барып беришерин айтышса, айрымдары ошол жерден акчалай жардам беришти.

null
Жардам баштыктары

Дүлөйлөр жана көзү азиздер коомунун жетекчиси Шахризада Аскарова алар Ыйык Рамазан айын чыдамсыздык менен күтүшөрүн баса белгиледи:

null
Шахризада Аскарова

“Рамазандын өзгөчө атмосферасы бар. Көңүлүң толуп, жүрөгүң кубанат. Мындай сезимди сиздерге окшогог мекендештерибиз түзүп жатканын айта кетпесек болбойт”,- деп уюштуруучуларга терең ыраазычылыгын билдирди.

null
Белектер көңүл сүйүнтүп, маанай көтөрөт

Убакыт учкан куштай зымырап, ооз ачуу иш-чарасы да аяктап, коноктор бири-бирин жетелеп, сыртта аларды күтүп турган автоунааларга түшүп үйлөрүн көздөй сапар тартышты.

null

Белгилей кетсек, “Эстен кеткис ооз ачуу” деп аталган кайрымдуулук иш-чарасы Бишкектин эң мыкты ресторандарында 3 жолу уюштурулуп, ага жалпысынан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, балдар үйүнөн жана жардамга муктаж 400дөй мекендешибиз келишти. Эч кимиси кур кол кетпестен, күнүмдүк турумушка өтө зарыл болгон азык-түлүк баштыктарын алышты.

null
Күч бирдикте!

Мына ошентип сооптор бир нече эселеп көбөйтүлүүчү берекелүү Орозо айында “Умма” журналы жана өнөктөштөрдүн колдоосунда Бишкекте масштабдуу “Унутулгус майрамдык ифтар” кайрымдуулук кечеси, “Муктаждарга жардам бер” акциясы жана “Ош шаарында 10 күн бою тынымсыз иштеген“Рамазан Чатыры” социалдык-маданий долбоору орун алды. Жылдан жылга Рамазан айынын мааниси калктын калың катмарына терең тарап, кайрымдуулук иштери байма-бай аткарылып жатканы көңүл сүйүнтөт.

1 / 43



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 июль 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:08
Аср
18:21
Шам
20:23
Куптан
22:16