Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Рамазан Чатыры” Ошто 11 күндүн ичинде 2500дөй адамды коноктоду

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 21 июнь 2018

“Рамазан Чатырынын” акыркы 10 күнү Ош шаарындагы калктын аялуу катмарына чыныгы майрамдык маанай тартуулады. Анткени бул жылы Ошто алгач ирет “Рамазан Чатыры орнотулуп”, масштабдуу кайрымдуулук жана социалдык-маданий долбоору өз ишин баштады.

З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрдын короосунда апапак чатыр тигилип, ал майда декоративдүү лампочкалар менен кооздолду. Аят, хадистер, ислам тууралуу уникалдуу инфографика, плакаттар Рамазандын чыныгы атмосферасын түздү.

null

11 күн бою 70 ыктыярчы буту-бутуна тийбей, чатырда кызматта болуп, конокторду тейлеп жатышты.

Жалпысынан Ош жергесинен 2500гө чукул адам бул берекелүү жерден даам сызып, майрамдык маанай менен үйлөрүнө кайтышты.

Ыйык Айдын урматына колунда жок, муктаж адамдарга биргелешкен кайрымдуулук ооз ачуу тамактарын уюштурууну максат кылган масштабдуу долбоор “Рамазан Чатырында”:

1- жардамга муктаж, көп балалуу үй-бүлөлөр:

2- Оор жумушта кызмат кылышкан “Тазалык” жана “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканаларынын жумушчулары;

3- Мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибиз;

4- “Ош”, “Боорукердик, “Лотос”, “Алтын уя” балдар үйүнүн тарбиялануучулары;

5- Азиздер жана дүйлөйлөр коому;

6- “Бир биргебиз Ош” мүмкүнчүлүгү чектелген коомдун мүчөлөрү

7- Ош казыятынын өкүлдөрү, түрк, уйгур, дунган, күрт диаспораларынан өкүлдөр кадырлуу конок болушту.

null

Келген конокторду Кыргызстандагы түрдүү уюмдар, элчиликтен өкүлдөр жана атын атагысы келбеген катардагы кайрымдуу үй-бүлөлөр дасторкон жайнатып, тосуп жатышты. Ифтар кечесин көңүл ачуучу маданий программа коштоду. Күн сайын конокторго конкурс, викториналар уюштурулуп, баалуу белектер ойнотулуп жатты.

11 күн бою бир чатыр алдында түрдүү улут, курак жана кесиптеги адамдар чогулуп, Рамазан айынын шаңын бирге тосушту.

“Рамазан Чатыры”, ошондой эле, кайрымдуу адамдардын да башын бириктирди. Ошто мындай долбоор жүрүп жатканын уккандар “менин да салымым болсун” деп колдорунан келген нерсени чатырга көтөрүп келишти. “Умма” журналынын Оштогу ыктыярчысы Гүлбурак буларды айтып берди:

“Бере ала турчу нерсебиз ушул эле экен деп дыйкандар өрүк, алчаларын алып келишти. Дагы бир эже жууп-тазалоочу каражаттарын таштап кетти. Маршрурттук таксилердин айдоочулары да четте калган жок. Алар алыстан келгнен тургундарды акысыз ташышты. Аларды көрүп, бул долбоор эл тарабынан абдан жакшы кабыл алынганына сүйүндүк. Калкыбыз аябай берешен келет экен”,-деди.

null

Дагы бир жагынан “Рамазан Чатыры” жаштарды социалдык активдүүлүккө үндөп, алардын өз ара бири-бири менен таанышып, достошуусуна мыкты платформа болду.

null

“Умма” ислам журналы тарабынан демилгеленген бул кайрымдуулук долбоору быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ош шаарына көчүрүлдү. Буга чейин ал Бишкекте 2 жолу И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин аймагында өткөрүлүп, коом тарабынан өз ара сый-урмат, бири-бирин түшүнүшүү жана тынчтыкты камтыган долбоор катары абдан жылуу кабыл алынган.

1 / 8



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
13 декабрь 2018г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов