Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Литванын муфтийи Ромас Якубаускас: Биз коомдук иштерге маани бербей койбошубуз керек

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 18 сентябрь 2018

Мусулмандар коомдук иштерге активдүү аралашып, анын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошушу зарыл. Бул-анын милдеттерине кирет. Мындай оюн Литванын муфтийи Ромас Якубаускас Кыргызстанда өткөн “Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары” аттуу III Эл аралык илимий-диний конференцияда сүйлөп жатып баса белгиледи.

null

Анын айтымында, Литванын калкынын 80%ын католиктер түзөт. Мусулмандар азчылыкты түзсө да, мамлекет тарабынан алардын тиешелүү бардык укутары корголгон. Маселен, ислмам никеси таанылат, аялдарга жоолукчан документтерге сүрөткө түшүүгө уруксат берилет.

"Мындай бардык шарттар түзүлгөн чөйрөдө жашап жатып да биз өз укуктарыбызды жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү толугу менен колдонбой жатабыз. Мусулмандар өз баалуулуктары менен жашоонун бардык тармагында мыкты ийгиликтерге жетише алат. Бирок элдердин диний билиминин аздыгы, уюштуруучулук жааттагы мүчүлүштүктөр жана каражаттын аздыгы бир орунда туруп калууга алып келип жатат. Исламдын ритуалдык жаткарына гана маани берип, башка сфераларды унутуп калып жатабыз", - деген оюн билдирди муфтий.

Муфтий белгилегендей, ислам динин жакшылап, тереңден түшүнүү бул коомду ойлоп, ага кызмат кылуу милдет турбайыбы деген ойду алып келет.

Маселен, Ыйык Куранда таамай айтылган мындай бир аят бар:

“Жүзүн Чыгышка, же Батышка буруу эле жакшылык эмес. Жакшылык бул Аллахка, Кыямат Күнүнө, периштелерге, Китептерге, пайгамбарларга ыйман келтирүү. Жакындарына, жетимдерге, кедейлерге, жолоочуга, тилемчилерге, күң-кулдарга жакшы көргөнүнө карабай мал дүнүйөсүн бергендер, намаздарды толук окугандар, садака бергендер; эгер убада берсе убадасына тургандар; кедейликте, кырсыкта жана согушта сабыярдуу болгондор. Ушулар – чынчылдар, мына ушулар-такыбалар (2: 177).

Бул аятта айтылгандар коомго кызмат кылуу түшүнүгүнө негиз болот. Бул - тек гана руханий же философиялык концепция эмес (түшүнүк, система), а коомдук кызматтын сфералары айтылган практикалык долбоор. Мунсуз Жаратканга болгон кызмат толук кандуу болмок эмес. Мусулман намаз окуп, орозо кармагандан тышкары, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, экономика, коопсуздук сыяктуу жааттарда да мыкты адис болуп, өзү жашап, иштеп жаткан жерди гүлдөткөн адам болууга тийиш.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
13 декабрь 2018г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов