Активист жаштар 7 облусттун өкүлдөрүнөн турган чакан топту чогултуп, Кыргызстандагы жаштардын арасында бири-бирине кандай жаңылыш стереотиптер бар экендигин аныкташты. Алар «Консултанты по Миростроителству» аттуу республикалык долбоорго катышып, чакан иш-чарага грант утуп алышып, “Умма” ислам журналы менен биргеликте “Достук диалогу” аттуу тренинг уюштурушту.
“Ар бир адам - өзүнчө дүйнө” деп таасын айтылган жакшы сөз бар. Жер жүзүндө 7 миллиарддан ашык адам болсо, ошончо жеке ой-пикир жашайт деп эсептей бериңиз. 7 миллиард “дүйнөнү” орток баалуулуктар бириктирип турганы үчүн планетабызда жашоо жүрүп, “достук”, “ынтымак”, “бир туугандык” деген түшүнүктөр жашап келет.
Айрым убактарда баалуулук, түшүнүктөрдүн дал келбестиги, түрдүү стереотип, бири-бирин уга албоо, пикир келишпестиктерден улам коомдо конфликттер чыгып турат. Эң негизгиси - конфликттерди андан ары өөрчүтүп ийбей, убагында токтотоо билүү керек.
Дал ушул максатта жаш актисттер Акыйкат, Айгерим жана Бермет «Консултанты по Миростроителству» аттуу республикалык долбоорго катышып, анын ичинен “Достук диалогу” деген кичи долбоорго грант утуп алышкан.
Андан соң алар бир жума бою “конфликт деген эмне?”, “конфликт анализин кантип өткөрүү керек?” “конфликтик сезимталдуулук”, “регионалдык, улуттар аралык, диндер арасы конфликттерди анализ кылуу” жана мындай темаларда иш-чараларды кантип уюштуруу боюнча окуудан өтүшкөн. Алар даяр болгон соң ноябрь айынын башында “Достук диалогу” аттуу 2 күндүк тренингди уюштурушту. Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чара аркылуу алар жаштар арасында бири-бирине карата кандай стереотиптер бар экенин аныктоо, аларга адамдык жана улуттук баалуулуктар боюнча маалымат берүү максатын көздөшкөн.
Бизге долбоордун жетекчиси Айгерим Алимбекова төмөндөгүлөрдү айтып берди:
Кыргызстаныбыздын 7 облусунан түзүлгөн 20 киши 2 күн бою эртең менентен тарта кечке чейин бирге болгондуктан, бири-бирине жакын болуп калганын уюштуруучу Акыйкат Кеңешбеков баса белгилейт:
Мындай тренингге алгачкы жолу катышкан Жалал-Абаддын өкүлү 21 жаштагы Элдос Мырзакаримов иш-чара ал үчүн пайдалуу болгонун айтат: “Негизи ар бир адамдын өзүнө тиешелүү стереотиптери болот. Бул стереотиптер адамдардын бири-бири менен батыраак тил-табышып, достошуп кетүүсүнө кедергисин тийгизет деп ойлойм. Мисалы, менин чөйрөмдөгү айрым адамдардын “Ысык-Көлдүктөр орус-чалыш болушат, түштүктүктөр орой келишет, нарындыктар этти өтө эле ашыкча жешет” деген ойлорун укчумун. Бирок иш-чарада ошол региондун жаштары менен сүйлөшүп, баары эле андай эмес экенин билдим”,- дейт Элдос.
Элдос адамдарга кийимине, кайсы жерлик экенине карап баа бербей, алгач аны изилдеп, сүйлөшүп көргөн соң гана жыйынтык чыгарууга чакырат.
“Мен өзүм адамга позитивдүү карап, алгач анын жакшы жактарын көрүүгө аракеттенем. Албетте, өзүң тааныбаган адам менен сүйлөшүүдө алгачкы кадамдарды жасоо кыйын. Ушул этаптан өтсөң калганы оңой кетет деп ойлойм. Өзүм 15 жыл Россияда жашап, анан Кыргызстанга келгенде алгач кыргызча сүйлөй албай кыйналдым. Туура эмес сүйлөп коем деген сезимдер болду. Бирок ошого карабай сүйлөй бердим. Ошентип, өзүмдөгү комплексти жеңдим”, -дейт ал.
Элдос жаштарды эле эмес, жалпы адамдарды ислам дининин айланасында бириктирсе болорун баса белгилеп өттү: “Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) өзүнүн жолдоочулары менен Меккеден Мединага көчкөндө меккеликтер менен мединалыктардын жүрөктөрүн бириктирип, бири-бирине туугандаштырган. Анткени ислам дининде бардык адамзат бири-бирине тууган болуп саналат. Бул кандай сонун!”,-дейт ал.
Тренингдин жүрүшүндө кызыктуу тапшырмалар болгонун уюштуруучу Айгерим Алимбекова айтып өттү:
“Биз катышуучуларга түрдүү адамдардын сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын кандай статустагы, кайсы кесиптин ээси болушу мүмкүндүгүн сурап көрдүк. Мисалы, бир сүрөттү карап, көбү “бул адам - бизнесмен” деп жооп беришти. Чынында, ал адам баңгизат колдонгон кылмышкер эле. Биз ушундай жол менен адамдардын сырткы келбети биз ойлогондой толук маалымат бере албастыгын, жаңылыш болушу мүмкүндүгүн көрсөткүбүз келди”, -дейт Айгерим.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар 4 командага бөлүнүп, ар бир облусттун артыкчылыктары менен ошол ошол облуска тиешелүү стереотиптерди жазуу тапшырмасы берилген. Бул оюнда региондон келгендер тууралуу түнт, уялчаак, жабык, ал эми шаар жергесинде тургандарга карата үй-чарба иштерине жок, бир аз жеңил ойлуу сымал пикирлер калыптанганы белгилүү болду. Ал эми региондогуларга карата: Ош жергесиндегилер кара жанын карч уруп иштеген эмгекчил, таластыктар - мактанчаак, нарындыктар салтка өтө эле катуу жана этти ченеминен көп жешери сыяктуу ойлор айтылат экен.
Бирок катышуучулар бул стереотиптердин жаңылыш экенине ынанышканын баса белгилешет. Катышуучу Нурсултан Токтобеков 2-3 адамдан көргөн адатты жалпы регионго тиешелүү кылып айтуу туура эместигин белгиледи: “Албетте, ар бир облусттун тилдеги өзгөчөлүктөрү, салттагы айрымачылыктары болушу мүмкүн. Менимче, бул, тескерисинче, жакшы. Анткени ушул айрымачылыктар маданият, тилибизди байытып, кызыктуу кылат. Мисалы, мен өзүм Нарындан болом. Досторум менен түрдүү тойлорго түштүк жергесине барып, жаңы салттарды көрүп аябай кызыктым. Орусча айтканда, мен үчүн “прикольно” болду”. Биз облус-облус болуп бөлүнбөй, башка региондон дос күткөнгө аракеттенсек, ынтымагыбыз ошончолук артат”, -деген пикирде Нурсултан.
Тренингдин дагы бир катышуучусу Рабия Расуловна жаштар арасында бири – бири менен таанышууда “бул бой көтөргөн, керсейген” эмеспи деген ой келерин баса белгилеп өттү:
Кыргызстан жаштарын бириктирүүдө мамлекетке болгон патриоттук сезим маанилүү ролду ойношу керектигин катышуучулар бир ооздон белгилешет.
Нурсултан: “Кыргызстан көп улуттуу жана көп конфессиялдуу өлкө. Бул мамлекетте ар бир жаран өзүн комфорттуу, коопсуз сезиши зарыл. Менимче, бизди мекенибизге болгон сүйүү баалуулугу бириктире алат. Ар бирибиз башканын оюн уга билүүнү жана баалуулугун сыйлоону үйрөнүшүбүз абзел”.
Кыргызстанда түрдүү регионалдык стереотиптердин болгонунан улам кызматташуу, үй-бүлө куруу сыяктуу маселелерде көйгөйлөр жаралып жатканын көбүбүз эле байкагандырбыз. Мисалы, эки жаш бири-бирин жакшы көрүп, баш кошууну каалап жатышса, кыз алып жаткан тарап - түштүк, кыз берип жаткан тарап түндүктөн болгондугу үчүн ата-энелери макулдук бербей койгон учурларды уксаңыздар керек. Биз “Мындай жаңылыш стереотиптер каяктан пайда болот?”, “Эмне үчүн биз кичинекей айырмачылыктарды чоң жарака, ажырымга айлантып жатабыз?”, “Аларды кантип оңдойбуз?” деген суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп, аны чечүүгө аракет кылганыбыз жакшы. Антпесек, биргеликте бактылуу болуу, чогуу өнүгүү, Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекетке айлантуу мүмкүнчүлүгүн колдон учуруп жиберишибиз мүмкүн.
Тренингге спикер катары келген Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Муратаалы Үчкемпиров адамдардын бири-бирин түшүнүүсүндө, жогорудагыдай стереотиптерди жок кылууда уга билөө өтө чоң ролду ойнорун практика жүзүндө көрсөтүп берди. Ал үчүн катышуучулар тегерек болуп отурушуп, ар бири кезек-кезеги менен өз оюн айтышты. Бирок бул озгөчө ыкма менен жүрдү: катышуучунун бирине каалаган бир буюм берилет. Алар ошол буюм колуна тийгенде гана сүйлөп башташат.
Мына ошентип, 2 күндүк тренинг 7 облусттун өкүлдөрүн бири-бири менен жакындан тааныштырып, бөлүнүүгө караганда бириге турчу себептер көп экендигин көрсөттү. Уюштуруучулар да, катышуучулар да мындай тренингдер көп өткөрүлүп турса ортодогу ынтымак, достук жана өз ара кызматташуунун бекемдөөгө чоң салым кошорун белгилешти.