Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кандай адам сулуу?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 29 ноябрь 2018

Эл аралык деңгээлдеги диний аалым, профессор, ислам илимий изилдөө институтунун президенти шейх Омар Сулейман адамдагы чыныгы сулуулук жөнүндө айтып берди.

“Эгер сизге өзүңүздүн келбетиңиз жакпай, моралдык жактан кыйналып жатсаңыз, анда бул макаланы окуңуз. Эгер сиздин таанышыңыз өзүн сулуу эмес сезип, "мени эч ким жактырбайт" деп кабатыр болуп жатса, анда ага бул макаланы сөзсүз түрдө окуттуруңуз. Бул материалда ааламдардын мырзасы, сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) кандай адамга “өтө сулуу, керемет” деген баа бергенин билесиздер.

null

Азыркы заманда айрым адамдардын “сулуулук” деген түшүнүккө карата мамилеси кыйла өзгөрдү. “Сулуулук стандарттары”, “Сулуулук индустриясы”, “дүйнө сулуусу”, “Пластикалык хирургия”, “Сулуулукту сатып алуу, жасап алуу” деген түшүнүктөр пайда болду. Дүйнө жүзүндө канчалаган аялзаты өзүнүн келбетине ыраазы болбой депрессияга түшүп, ойго келбеген комплекстер менен жашап келишет.

Ал эми адамдардын эң мыктысы пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) кандай адамды сулуу деп эсептеген, билесизби?

Бир жолу пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) жолдон өтүп бараткан, коомдо таасири күчтүү кишини көрүп, сахабалардан сурайт: “Силер бул адам жөнүндө эмне айта аласыңар?

Сахабалар: “Ал сүйлөп жатканда эл аны угат, эгер ал бирөөгө болушса анын бул аракети ишке ашат, эгер ал кудалашканга барса, ага сөзсүз түрдө өзүнүн кызын беришет”,-деп жооп беришет.

Андан соң пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) сахабалардын көңүлүн башка кишиге бурат. Ал кишинин коомдогу статусу төмөн, жакыр жашаган адам эле. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) кайрадан сахабалардан сурайт: “А бул киши тууралуу эмне айта аласыңар?”

Сахабалар: “Эгер ал сүйлөсө, аны эч ким укпайт, эгер ал бирөөгө болушса, анын бул аракетине эч ким деле көңүл бурбайт, а эгер ал үйлөнгүсү келсе, эч ким ага кызын бербейт, - деп жооп кайтарышат.

Сахабалардын жообун уккан куттуу пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун): “Бирок бул кедей адам тиги коомдо таасири чоң адамдан миң эсе өйдө турат”,-дейт.

Муну менен пайгамбарыбыз сахабалардын өң-келбет, социалдык статус деген түшүнүктөргө болгон мамилесин өзгөрткүсү келген. Ал мындай аракетти көп учурда жасаган. Мисалы, Ибн Масудду (Аллах андан ыраазы болсун) алалы. Ал улуу сахаба болгон. Аллах Таалага талыкпастан ибадат кылган. Анын бою адаттан тыш кыска эле. Бир жолу пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) андан бактан мисвакты алып берүүсүн өтүнөт. Бул убакта шамал болуп, сахабаларга анын арык буттары көрүнүп калгандыктан, алар күлүп жиберишет. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун): “Силер эмнеге күлүп жатасыңар?” деп сурайт. Сахабалар: “Абдуллах ибн Масуддун буттары дарактын 2 кыска бутактарына окшош экен”,- дешет. Анда пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун): “Бирок бул 2 бут Кыямат күнү Ухуд тоосундай салмакка ээ болот”, -дейт. Элестетиңиздер, таразада анын жакшы иштери Ухуд тоосу кандай салмакка ээ болсо, анын иштери да ошондой салмакка ээ болот эле.

Биз пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) сахабалары дегенде, дене-мүчөсү келишкен, жүзү жагымдуу адамдардын элеси келет. Бирок, алардын арасында бул сүрөттөлүшкө төп келбеген да адамдар бар эле. Мына ошондой пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) 2 сахабасы болгон. Аларга коом “дамин” деген ат коюшкан. Ал “түрү суук, жийиркеничтүү” деп которулат. Бул алардын сырткы келбетине гана байланыштуу болчу. Ал сахабалардын бири - Захир (Аллах андан ыраазы болсун).

Аль - Байхакинин жыйнагында белгиленгендей, Захир түрү суук адам болгон. Ошондуктан, ал өзүн төмөн сезип, бул нерседен катуу жапа чеккен. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) Захирдин өзүн төмөн сезгендигин байкап калат да, ал Захирди көргөн сайын анын маанайын көтөрүп, өзүнө болгон ишенимин бекемдөөнү каалап, Захир жөнүндө минтип айтчу: “Захир биздин чөлдөгү тууганыбыз. Анткени ал - бедуин. А биз анын шаардан келген конокторубуз. Башкача айтканда, биз – бир бүтүнбүз. Биз ага таандыкбыз, а ал бизге таандык”. Муну менен пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) Захирге алар аны баалашарын билдиргиси келген. Бул Аллах элчисинин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) мыкты тарбиясынын көрүнүшү эле. Бир абдан жагымдуу окуяны айталы:

Бир жолу пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) базарда Захирдин бир нерселерди сатып отурганын көрүп калат. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) анын жанына акырын келип, артынан кучактап “Бул кулду ким сатып алат?” деп айтат. Албетте, Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) тамашалап жаткан эле. Ал Захирдин маанайын көтөргүсү келген. Анас ибн Маликтин айтканынан, пайгамбарыбыздын колу жибектен да жумшак болгонун билебиз. Качан Захир Пайгамбарыбызды (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) анын колдору менен үнүнөн тааныганда, анын кучагынан чыккысы келбей, ага жакыныраак болууну каалаган. Ошондо Захир абдан кайгылуу жана өзүн кордогон мындай сөздөрдү айтат: “О, Аллахтын элчиси (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун), эгер мен кул болсом да мени, баары бир, эч ким сатып алгысы келмек эмес”. Алар тамашалашып, күлүп жатышса да, баары бир, Захирдин көңүлү өзүнүн келбетин эстегенде чөгө түштү. Муну уккан пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) Захирди өзүнө каратып, анын колдорун өзүнүн ийнине коюп, минтип айткан: “Билгин, сенин ордуң Аллахтын алдында өтө жогору, өтө кымбат экенин билгин. Аллах Таала үчүн сен кереметсиң. Элдер сени түрү суук жана жагымсыз деп эсептегени үчүн кабатыр болбо. Аллах Тааланын алдында сен адамдык сапатың, адеп-ахлагың үчүн өтө бийиксиң. Эң башкысы, Аллахтын сага кандай мамиле кылгандыгы эмеспи!”,-дейт пайгамбарыбыз.

Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) дагы бир сахабасы болгон. Аны элдер Захирден да түрү суук деп эсептешкен. Ал сахабаны келбетине жараша элдер Жулейбиб деп аташар эле. “Жулейбиб" деген сөз “кебетеси келишкен” деп которулат. Жулейбиб “түрү суук” кебетеси менен баарына белгилүү болгон. Анын китептерде кантип сүрөттөлүшүн караңыздар: “Анын бою өтө эле кичине, өтө кедей, буга кошумча кебетесинин сууктугу менен элдерди өзүнөн түртүп турар эле”. Жулейбиб буларга кошумча ата -тегин билчү эмес. Ата-энеси ким экенин да билбей чоңойгон. Ал эми Жулейбиб жашаган коомдо кайсы уруудан экендигин, ата-тегин билүү эң маанилүүсү эле. Булардын баары аны өтө кыйын абалга койгон. Жулейбиб канчалаган сыноолордон, маскаралоолордон өткөн.

Хиджаб тууралуу аяттар түшкөнгө чейин Жулейбиб абдан катуу шылдыңдоолорго туш болгондуктан, ал аялдардын коомунда отурууга мажбур болгон. Анткени аялардын Жулейбибге аз да болсо боору ооруп, ага адамча мамиле кылышкан.

Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) бул жаш жигитке анын жашоосу оор болуп жатканын көргөн. Ошондуктан, ал көп жолу Жулейбибге жана сахабаларга чыныгы сулуулук сырткы келбетибизде эмес, жүрөктөрдө экенин айткысы келген. Жулейбиб үйлөнүү тууралуу ойлогон да эмес. Бирок Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) Жулейбибге үйлөнүүгө ортомчу болууну чечет. Бир жолу ал коомдогу урматтуу ансарлардын бирине келип, “Биз сиздин кызыңыздын колун сураганы келдик” деп айтат. Тиги киши Пайгамбарыбыздын өзү (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) кызынын колун сураганы келди деп ойлоп, “бул биз үчүн кандай гана урмат” деп сүйүнөт. Бирок пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) үйлөнүү өзү үчүн эмес экенин түшүндүрөт. Муну уккан киши көңүлү чөгүп барып, кимге анда деп ойлонот. “Балким, Абу Бакр, Умарга, а балким Усман же Алиге болуп жүрбөсүн. Ким болушу мүмкүн?” Ошондо пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) : “Мен анын Жулейбибге жубай болушун каалар элем” дейт. Айланадагылардын баары Жулейбибди абдан жакшы таанышчу. Киши эмне дээрин билбей: “Мен анын энеси менен сүйлөшүп көрүшүм керек”, -деп кирип кетет. Үйгө кирип, аялына айтат: “Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) кызыбыздын колун сурап келиптир”. Аялы да күйөөсү айткан эле сөздөрдү айтат: “Кандай жакшы, бул биз үчүн чоң урмат. Кандай сонун жаңылык”. Күйөөсү: “Бирок ал өзү үйлөнгөнгө эмес”. Анда аялы: “Анда ким? Балким Абу Бакр, Умар, Усман, Али? Алардын минтип айткандарына караганда, ата-эненин көптөгөн жуучулардан баш тартышканы билинип турат. Алар кызынын коомдо чоң урмат-сыйга ээ болгон, бай жана келбеттүү кишиге турмушка чыгышын каалашкан. Күйөөсү ал кишинин Жулейбиб экенин айтканда, аялы: “Жулейбииб?” -деп чочуп кетет. “Ант берем, ант берем, кызыбыз Жулейбибдин аялы болбойт”,-дейт аял. Бирок Аллах Таала чыныгы ишенимди, ыйманды алардын кызынын жүрөгүнө салган эле. Кызы апасынын кыйкырып жатканын угуп, ылдыйга түшүп, эмне болгонун сурайт.

“Аллах элчиси (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) сени Жулейбибге турмушка бергиси келип жатыптыр. А биз буга эч качан жол бербейбиз”,-дейт апасы.

Анда кызы: “Силер эмне? Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) буйругун четке кагып жатасыңарбы? Мени Жулейбибге бергиле. Ал мага жаман мамиле жасабайт”,-дейт кызы. Кызы дагы Жулейбибдин ким экенин жакшы билчү. Бирок кыз такыба эле. Ал пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) ага эң жакшысын кааларын билген. Эгер пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) Жулейбибди тандаса, демек, ал үчүн бул эң мыкты талапкер деп түшүнгөн. Ошондуктан, пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) дал ушул такыба кызга келип, Жулейбиб үчүн колун сураган.

Жулейбиб ушунчалык кедей болгондуктан, Усман тойдун бардык чыгымдарын өзүнө алган. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) Жулейбибдин бактылуу болуусун каалаган. Ал Жулейбибге анын жан дүйнөсүнүн, ишениминин сулуулугу чыныгы сулуулук экенин түшүндүргүсү келген.

Кайсы бир салгылаштан кийин пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) элдердин арасын аралап “силер жакыныңарды жоготтуңарбы?” деп сурап чыгат. Адамдар пайгамбарыбызга эч кимди жоготпогонун айтышат. “Баары тирүү”, - дешет алар.

Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) болсо: “А мен Жулейбибди жоготуп алдым. Мен Жулейбибди таба албай жатам”,- дейт. Жулейбиб анын үй-бүлөсүнөн болгон сымал аябай издейт. Андан соң Аллах элчиси (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) Жулейбибди өлгөндөрдүн арасынан издей баштайт. Акыры Жулейбибдин денесин тапканда, ал анын айланасынан 7 өлгөн душмандын денесин табат. Белгилүү болгондой, Жулейбиб өзү өлөрдөн мурун 7 душманды өлтүргөн экен. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) кайгылуу туруп минтип айткан: “Ал жетөөнү өлтүрсө, алар Жулейбибди өлтүрүшүптүр”.

Пайгамбарыбыз кайран сахабанын жанына туруп: “Ал менден, а мен андан”,- деп 3 жолу айткан. Андан соң ал Жулейбибдин денесин колуна көтөрөт. Жулейбиб ушунчалык кичинекей болгондуктан пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) колуна оңой эле батып кеткен. Көтөрүп, четирээк алып барып, денесин жерге коет. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) өз колу менен кабырын казып, Жулейбибди көмгөн. Айтыңыздарчы, мындан өткөн чоң урмат барбы? Аллах Таала менен анын элчиси сага ушундай мамиле кылышы үчүн кандай ички жан дүйнөнүн сулуулугуна ээ болуш керек?

Шейх Омар Сулейман өзүнүн лекциясынын аягында көрөрмандарга мындай деп кайрылат: “Кимдин өзүнө болгон баасы төмөн болуп, өзүнүн сырткы келбетинен улам моралдык жактан кыйналса, башкалардын алдында сулуу болууга ашыкпай деле коюңуз демекмин. Баарынан биринчи Аллахтын алдындагы өзүңөрдүн сулуулугуңарды издегиле. Бул - Кыяматта мааниге ээ боло турган жападан жалгыз нерсе. Эгер сиздер өзүн сулуу эмес деп эсептеген жана бул нерседен кыйналгандарды билсеңер алардын көңүлүн көтөрүп, өзүнө болгон ишеничин бекемдегенге жардам бергиле. Биз Аллахтын бизге чыныгы сулуулук берүүсүн суранабыз”, -деп сөзүн жыйынтыктайт Омар Сулейман.

null

Макала Эл аралык деңгээлдеги диний аалым, профессор, ислам илимий изилдөө институтунун президенти шейх Омар Сулеймандын видеолекциясынын негизинде даярдалды.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
22 апрель 2021г.
Багымдат
4:24
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:56
Куптан
21:11
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов