Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Аялдарга таксиге түшүү кооптубу? Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Интернет / Жарыяланды: 6 декабрь 2018

Бишкекте биринчи жолу жоолук салынган кызды зордуктоо аракети менен таксист кармалды. Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратты. Биз бул факт боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы, такси кызматын көрсөтүүчү компаниялар жана мындай окуяга аралашкан жарандар менен байланышып, окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк. Таксиге отуруу аял кишиге өтө эле кооптуубу? Бул кырдаалды кантип чечүүгө болот? Кимге кайрылуу керек?

null

Алсак, “Хонда Фит” үлгүсүндөгү таксинин айдоочусу жаш кызды зордуктоого аракет кылып жаткан жерден бейтааныш балдар аны байкап калып, видеого тартып, интернетке чыгарышкан. Алар машинанын сыртынан кыздын кыйкырган үнүн угушкан. Бул окуя 26-ноябрда болгон.

Андан соң, 1-декабрда, фейсбук колдонуучусу Эрик Абдыкалыков анын кичинекей карындаштарына тийишкен таксисттин кылык-жоруктары тууралуу жазып чыкты. Эрик мырзанын 20 жаштагы карындашы алардыкына конокко “SMS такси” кызматы аркылуу келе жаткан. Жолдон таксист кызга телефондон сексуалдык мүнөздөгү кат жөнөткөн. Корккон кыз байкесине телефондон аны тосуп алуусун жазган. Үйгө жетери менен кыз машинадан атып чыгып, байкесине таксист жөнөткөн катты көрсөтөт.

null

Жини келген Эрик таксистке телефонду көрсөтүп, бул эмне болгон жорук экенин түшүндүрүп берүүсүн андан талап кылат. Эрик Абдыкалыковдун айтымында, таксист ар кандай шылтоолорду айтып, бул катты ал жазганын тана баштаган.

Эрик мырза болгон окуяны фейсбукка жарыялаган соң көп колдонуучулар бул билдирүүгө нааразычылыктарын билдиришкен. Автордун айтымында, айрым колдонуучулар мындай кырдаалга туш болушканын да айтышкан.

Эрик Абдыкалыков эртеси күнү эле, 2-декабрда, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына арыз менен кайрылган. Учурда кардарга адепсиз кат жазган 89-жылкы таксистке карата адмнистративдик чара көрүлүп, айдоочу менен профилактикалык маек жүргүзүлгөн. Бул тууралуу ШИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Биз “SMS такси” компаниясына кармалган кызматкери туурасында комментарийин угуу үчүн жетекчилигине байланышканыбызда, алар азырынча бул тууралуу баяндама берүүдөн баш тартышты.

null

Ал эми жаш кызды зордуктоого аракеттенген таксисттин үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатканын ШИИББдин басма сөз кызматынын башчысы Мира Абдылдаева билдирди. Биз Мира айымдан ушуга окшогон фактылар тууралуу сураганыбызда, ал: “Таксисттен жабыр тартып кайрылган жарандар өтө аз, дээрлик жокко эсе”,-деди.

Жогорудагы эки окуялардан соң шаар тургундары такси кызматынан коркуп калышканы тууралуу билдиришүүдө. Айрымдары буга чейин да мындай көрүнүштөр болуп келгенин, кыз –келиндер аларды ачык айтуудан уялышканын да жазышты.

Каалайбызбы, каалабайбызбы “мындай жагымсыз окуяларга туш болбойм” деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок кардарлардын коопсуздугун кантип жакшыртууга болот? Биз ушул багытта ой жүгүртүп көрдүк. Эгер коңшу мамлекеттердин мисалын карасак, Түркия, КМШ мамлекеттеринде жана бир катар мусулман өлкөлөрүндө атайын аялдарга кызмат көрсөткөн такси кызматтары бар. Аларды аял-таксисттер тейлешет.

Мисалы, Дубайда өзгөчө дизайндагы, күлгүн түстөр менен өзгөчөлөнгөн машинада атайын формаларды кийишкен аял-таксисттер кызмат көрсөтүшөт. Айымдар күндүз болсун же түн ичиндеби эч нерседен коркпостон бул таксилердин кызматын колдонуп, көздөгөн жерине коопсуз жетип алышат.

1 / 3

Иранда да аялдар кызмат көрсөткөн таксилер бар. Катардагы таксилер сары түстө болсо, “Women only” атайын аялдарга арналган таксилер жашыл түстө.

null

Аялдардын транспорттогу коопсуздугу Иранда мамлекеттик деңгээлде да кам көрүлгөн. Алсак, автобус, метролордо да атайын аялдар үчүн бөлүнгөн орундуктар бар. Аялдардын орундуктарына эркектер отурууга тыюу салынган. Бул эреже катуу сакталат. Час пик маалында автобустардагы эркектер тарапта эл жык толуп, тыгылыш болот. Ал эми аялдар тарап бош, алар эч кандай ыңгайсыздыкка кабылбастан жол жүрүшөт.

2017-жылы Түркиянын Малатья шаарында аялдарга гана арналган күлгүн түстөгү жаңы автобустар пайда болгон. Транспорттун айдоочулары да – аялдар. Шаар тургундары бул жаңылыкты жакшы кабыл алышкан. Анткени, көпчүлүк айымдар тыгылышта эркектердин алардын жанына өтө жакын турушун каалашпайт.

null

Ушул жылдын апрель айынан тарта Прага шаарында да атайын аялдарга арналган такси (Taxita) кызмат көрсөтө баштаган. Бул такси, мындан тышкары, бир катар өзгөчөлүктөрү менен да таң калтырат. Аялдар өз коопсуздугунан тышкары аял-айдоочу менен, эгер кааласа сырдашып, машинедеги атайын коюлган күзгү, упа сыяктуу косметикалык каражаттардан пайдалана алышат экен.

null

2006- жылы Лондондо атайын аялдарга арналган такси иштеп баштаган. Бул таксилер да күлгүн өңдө эле. Мындай таксилердин башкы максаты айымдардын кайсы убак болбосун таксиде өзүлөрүн коопсуз сезүү экендигин аталган таксилердин негиздөөчүлөрү белгилешет.

null

Москвалык Ольга Фомина аттуу демилгелүү айым аялдардын коопсуздугуна салым кошуу максатында 2006-жылы аялдарга кызмат көрсөткөн таксини негиздөөнү ойлогон. Таксинин өзгөчөлүгү машинада ар дайым баш ооруга карата дары, аялдарга керектүү гигиеналык каражаттардын болгондугунда. Ольга айым мындай таксини иштетүүнү курбусунун башынан өткөн жагымсыз окуядан соң ойлоно баштаган.

null

2015-жылы Индияда да аялдарга арналган такси-кызматы ачылган. Индиянын Дели, Мумбай, Калькутта сыяктуу чоң шаарларында мындай таксилерди арбын учуратууга болот.

null

Египетте да күлгүн түстөгү форма кийген аялдар күлгүн түстөгү таксиде аялдарга гана кызмат көрсөтүшөт.

null

Баса,Кыргызстанда да мындай долбоорду ишке ашырууга аракеттер болгон. “Жорго такси” мындан 1 жыл мурун “Назик Жорго” аталышындагы долбоорду баштаган. Бул кызматта 70ке чукул аял-таксисттер эмгектенишкен. “Назик Жорго” ислам шариатынын негизинде аялдарга гана кызмат көрсөтмөк. Бирок, тилекке каршы, долбоор учурда жоюлганын аталган такси кызматынан билдиришти. Алардын айтымында, эркектер “Назик Жорго” кызматын чакырышып, аял-таксисттерге туура эмес мамиле кылышкан.

“Бизге аял чалып буйрутма берип, бирок барганыбызда кардар эркек болуп чыккан учурлар болгон”,- дейт, - аталган такси кызматынын өкүлү Дамир Юбиров.

Биз Дамир мырзага кардарлардын коопсуздугун камсыздоодо компания тарабынан кандай чаралар көрүлөрүн сурадык:

Айдоочуларды кызматка алып жатканыбызда алардын соттолбогону туурасында, медициналык маалымкаттарды талап кылабыз. Ошондой эле наркология, психикалык диспансерден маалымкаттарын өткөрүшөт. Алар менен маектешүү жүргүзөбүз. Мындай текшерүүлөрдөн кийин да баары сонун болот деп 100% кепилдик бере албайбыз. Ар кандай адамдар бар да дейт”, - Дамир Юбиров.

Демек, айтылгандарды жыйынтыктап келип, кардарлар өз коопсуздугуна өзүлөрү көзөмөл жүргүзушү керек деген жыйынтык чыгарууга туура келет. Анткени, азырынча өлкөбүздө такси кардарларынын коопсуздугуна толугу менен кепилдик бере турган чаралар жок. Атайын өзүнчө аялдарга арналган такси кызматы да каралган эмес.

Төмөндө сиздин коопсуздугуңузга керектүү айрым кеңештерди сунуштайбыз:

1- Көчөдөгү эркин таксисттерге караганда, кантсе да, компаниянын такси кызматынан пайдаланган коопсузураак. Анткени, компанияда такси кызматкери тууралуу маалымат болуп, керектүү учурда анын ким экендигин тактоо оңой болот;

2- Таксиге отурганда айдоочунун жанына алдыңкы орунга отурбаңыз. Арткы орунга отурган жакшы;

3- Таксиге отуруп жатканда жакындарыңызга таксисттин көзүнчө чалып, бара жатканыңызды билдирип койгонуңуз дурус. Балким алардын сизди тосуп алуусун айтасыз;

4- Таксиге отурардан алдын машинанын үлгүсүн жана номерин жазып алганыңыз да жакшы, же сүрөткө тартыңыз.

5- Жолдо кетип бара жатканда таксист менен ашыкча сөз сүйлөшүүдөн карманганыңыз оң.

6- Түн ичинде колдон келсе, аял кишилерге жалгыз таксиге түшпөй эле койгон оң. Иштериңизди жакшылап пландап, эртерээк үйгө барууга шашылыңыз;

7- Эң башкысы, эгерде сиздер менен же жакындарыңыз менен (Кудай сактасын) мындай жагымсыз окуя болсо, “Эл эмне дейт?” деп куру намыска алдырбай, тиешелүү органдарга арыз жазып, күнөөлүүлөр өз жазасын алуусуна аракеттениңиз. Балким, социалдык тармактардан да билдирүү жазып, мындай жагдайларга коом да өз реакциясын көрсөтүп, көйгөйдүн биргеликте чечилишине өбөлгө болуңуз.

Аллах Таалам баарыбызды жагымсыз окуялардан оолак кылсын!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
22 апрель 2021г.
Багымдат
4:24
Күндүн чыгуу
6:10
Бешим
13:00
Аср
17:50
Шам
19:56
Куптан
21:11