Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Youth In Action” - келечекке биз менен бирге кадам ташта!

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 13 декабрь 2018

Дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун жаштар өлкөнү алдыга тартчу кыймылдаткыч күч, мамлекеттин үмүтү жана келечеги катары эсептелет. Мамлекеттин өнүгүү темпи дал ушул жаштардын билим деңгээли, социалдык активдүүлүк, жоопкерчилик жана демилгечилдигинен көз каранды. Дүйнөлүк рейтингге көз жүгүртсөк, Кыргызстан билим деңгээл көрсөткүчү жаатында акыркы саптарда турат экен.

Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагылар жаштар болуп саналат. Өлкөбүздө болжол менен 1 миллион 760 миң адам жаш деп эсептелсе, алардын 60%ы элет жеринде жашайт.

Демек, Кыргызстанды алдыңкы мамлекетке айландыруу үчүн жаштарга өзгөчө көңүл буруп, алардын ар тараптан өнүгүүсүнө кызыкдар болуу зарыл.

Дал ушул максатта чоң эмгек менен аналогу жок “Youth In Action” (кыргызча- Жаштар Кыймылда) аттуу масштабдуу руханий-интеллектуалдык долбоор түзүлдү. Кыргызстандын алдыңкы жаштары бул платформанын негизинде биригип, мамлекеттин келечегин даңгыр жолго түшүрүүгө болгон күч-аракетин жумшашмакчы.

null

Кыргызстанда чечилиши керек болгон толгон-токой көйгөй бар. Жаштар ал көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү роль ойноп, болгон күч-аракетин жумшаса, Кыргызстан бир нече жылдан кийин Орто Азиядагы эле эмес, дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн сап башынан орун аларына коомдук ишмер, “Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова чын жүрөгүнөн ишенет.

Жаштардын энергиясын туура жолго буруп, алардын потенциалын ачып, социалдык маселелерде активдүү болууга өбөлгө түзчү “Youth In Action” долбоору “Мурас” коомдук жаштар фонду жана “Умма” журналынын биргелешкен тынымсыз аракетинин негизинде иштелип чыкты.

Мындай долбоорду түзүү идеясы негиздөөчүлөргө 6 ай мурун келген. Ошондон бери узакка созулган талкуулар, бир нече этап менен жүргөн маектешүүлөр, күжүрмөн интеллектуалдык эмгектин натыйжасында “Youth In Action” долбоорунун концепциясы ийне-жибине чейин иштелип чыкты. Аталган долбоордун урааны: Кыялдан, шыктан, жаса!

8-декабрда Бишкектеги “Jannat Recency” мейманканасында долбоордун негиздөөчүлөрү өлкөнүн келечегине кайдыгер карабаган жаштарды жолугушууга чакырып, “Youth In Action” долбоорунун бет ачарын тартуулашты.

null

Бет ачар тууралуу маалымат тараганда аталган долбоорго мүчө болууну каалагандардын саны күн сайын өсүп, ачылыш аземге келгендер 400дөн ашты.

Иш-чаранын башында долбоордун негиздөөчүлөрүнүн бири, коомдук ишмер Элиана-Марьям Сатарова “Youth In Action” Кыргызстанда эле эмес, эл аралык деңгээлге чыга турчу аналогу жок руханий-интеллектуалдык долбоор болорун баса белгиледи.

“Биз жаштар менен буга чейин да байма-бай иштешип келгенбиз. Анткени, “Умма” ислам журналы журналисттик материалдардын үстүнөн гана иштебестен биргелешкен социалдык жана кайрымдуулук мүнөздөгү иш-чараларды арбын уюштуруп келет. Биздин прогрессивдүү ыктыярчылар өзүлөрүнүн жаштыгына карабай коомго пайда келтирген көп иштерди жасашууда. Ыктыярчыларабыздын жаш курагында чек жок. Эң кичүүсү – 12 жашта болсо, эң улуусуна – 70”,-деди Элиана-Марьям Сатарова.

null

Ал эми “Мурас” коомдук жаштар фондунун негиздөөчүсү Адилет Кемелов мындай долбоор түзүүгө Кыргызстандагы көйгөйлөр түрткү болгонун айтты:

“Коомдон көйгөйлөрдү четинен санап берүүгө болот. Мисалы, билим берүү маселеси. Жаштардын көбү жогорку окуу жайын бүтсө да өзүлөрүнүн адистиги боюнча иштешпейт. Бүгүнкү күндө ар бир 8-киши жумуш таба албай жүрөт. Тилекке каршы, мектеп, университеттерде бизге эскирип, актуалдуулугу кетип калган маалыматты берип жатышат. Билим берүү ыкмасы да эски форматта. Андыктан, өзүбүз аракеттенип, изденишибиз керек. Негизи, Бишкекте өтө көп фонд, билим берүү бирикмелери бар. Бирок алардын көбү бир багытта гана иш алып барат. Мисалы, жалаң диний жаатта, же экономика, бизнес боюнча гана. А биз ар тараптан маалыматка ээ болгубуз келет. Мындай платформаны таппагандыктан, аны өзүбүз түзөлү дедик. Бул долбоорго мүчө болгондор билим алып, маалыматка ээ болуп гана кетпестен, өзүлөрүнүн идея, жеке долбоорлорун ишке ашырып, команда чогултуп, андан ары иштеп кетишет”, - дейт Адилет.

Уюштуруучулардын айтымында, долбоордун идеясына ылайык атайын насаатчылар (менторлор) менен иштешүү каралган. Бет ачарда алгачкы 3 насаатчы конок катары чакырылды.

Алардын бири бири диний аалым, Саясат илимдеринин доктору , “Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр ажы Маликов. Бул адам учурда лекциялар, басып чыгарган китептери, бейформал жолугушуулар аркылуу жаштардын руханий жактан өсүп-өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошууда. Анын соңку басылып чыккан китептеринин бири “Мусулман жаштары: баалуулук жана приоритеттер” деп аталат. Анда окумуштуу жаштардын жашоодогу башкы баалуулуктары кандай болушу керектиги жөнүндө жатык тилде түшүндүрүп берген.

null

Кадыр ажы Маликовдун айтымында, мындай долбоорлор азыркы ааламдашкан доордо, түшүнүктөрдүн жана баалуулуктардын башка нерселер менен алмаштырылып жаткан маалында өтө актуалдуу жана керек.

null

“Азыркы тапта биздин жаштарга интернет, телевидение өтө чоң таасир этүүдө. Европалык окумуштуулардын жаштардын жашоодогу баалуулуктары тууралуу акыркы изилдөөлөрүнө көрсөткөндөй, жаштарда биринчи кезекте акча, андан соң карьера, 3-орунда - сырткы келбет, 4-орунда –ден соолук, акырында руханий баалудуктар турат экен. Эмне себептен мындай жыйынтык келип чыкты? Буга телевидение, кино, массалык маданият таасир этүүдө. Адамдар табиятынан башканы тууроо сезими менен жаратылган. Кичинекей кезибизде ата-энебизди, бир туугандарыбызды туурайбыз.Кийинчерээк кинолордогу каармандарды туурап баштайбыз. Ал каармандарда “бир туугандык”, адамдарга болгон сүйүү эмес, көбүнчө“мен” жана “менин үй бүлөм”, “мен жана менин машинам”, “мен жана менин итим” сыяктуу баалуулуктар камтылган. Баардык жерде “Мен” бар. Эгоцентризм учурдун көйгөйүнө айланды”, - деди Кадыр ажы.

null

Ал долбоордун насаатчысы катары, биринчи кезекте, баалуулуктарды туура коюштурганды, ниетти түз кое билгенди жаштарга үйрөткүсү келет.

“Жаштарга өнүгүүгө туура багыт берүү зарыл. Аллах Таала Куранда адамдар өзүлөрүн өзү өзгөртмөйүн алардын абалын өзгөртпөрүн айткан. Эмгектенбестен, бош отуруп, кандайдыр бир кереметти күтүүнү кереги жок. Өзүбүз биринчи аракеттенишибиз керек”,- деди Кадыр Маликов.

Ал мындан ары да жаштар менен тыгыз иштешерин, алардын ойлонуу маданиятын туура жакка өзгөртүүнү, балдары ата-энелерин карылар үйүнө таштабаган, энелер наристелерин таштандыга салып кетпеген, элдер бири-бирин тонобогон коомдун курулушуна салым кошорун айтты.

“Youth In Action” долбоорунун кийинки насаатчысы коомдук активист, спортсмен жана “Streetworkout” федерациясынын президенти - Тамерлан Богатырев. Streetworkout бул - дүйнө жүзүндө, анын ичинде, Кыргызстанда күндөн күнгө популярдуулукка ээ болуп келе жаткан спорттун бир түрү. Ал көчөлөрдө жайгаштырылган атайын машыгуучу жабдыктар аркылуу өзүнүн денесинин үстүнөн иштөөнү билдирет. Тамерлан Богатырев Кыргызстанда дал ушундай спорт аянтчаларын курууга чоң салым кошкон.

“2015-жылы биз спорт менен машыгууга атайын аянттарды куруу максатын койгонбуз. Жынысы, жашы, социалдык статусуна карабай баары келип, машыга ала турчу спорт аянтчаларын курууга түрдүү инвесторлорду тартканга аракеттендик. Бул - атайын спорт залга акча төлөп барганга каражаты жокторго сонун мүмкүнчүлүк. Азыркы тапта Кыргызстанда ар бири 5 миң доллар же андан да өйдө болгон 20 антча бар. Аллардын бардыгы эл аралык стандарттарга шайкеш келет”, -деди Тамерлан Богатырев.

null

Анын айтымында, башында алардын бул аракетин көпчүлүгү олуттуу кабыл алган эмес.

null

“Биз бардыгын нөлдөн баштадык. Өз кеңсебиз, машыга турчу жайыбыз да болгон эмес. Эски турниктер менен машыкчубуз. Инвесторлорду тартууда көбү дароо эле макул боло койгон эмес. Бирок бул нерсе биздин шагыбызды сындырган жок. Тескерисинче, долбоорубузду мындан да жакшы алып барууга шыктандырды. Азыр эми 20 аянтчабыз бар. Баса белгилей кетчү жагдай, Streetworkout жөн гана спорт менен машыгуу эмес, бул тажрыйба алмашуу, жаңы таанышуулар аянтчасы. Эң башкысы, бул спорт толугу менен бекер. Биз коомду дени сак жашоо образына үндөп, спортту сүйгөн муунду тарбиялоого салым кошууну максат кылабыз”, -деди ал.

Үчүнчүлөрдөн болуп конокторго өз сөзү, насааттары менен чыккан Тилек Токтогазиев студенттик жылдарында эле өзүнүн алгачкы миллионун тапкан жеке ишкер, учурда “Жашыл чарба” агрохолдингинин негиздөөчүсү болуп саналат.

null

Ал мындан туура 10 жыл мурун ишкерлик чөйрөгө алгачкы кадамдарын таштаган.

“Анда мен 18 жашта элем. 18 жашта адам өлкөсүнүн толук кандуу жараны болуп калат экен деген ой келип, ата-энемден баскан-турганыма акча сурагандан уялгам. 2000 сом менен бизнесимди баштагам. Күнүнө 1000 сомдон тапкан күндөр болгон. Бул анда студенттер үчүн абдан жакшы акча эле. 8-мартта таза 32 миң сом киреше тапкам. Мен анда ушунчалык бактылуу болуп, “эркин болуу ушундай турбайбы” деп сүйүнгөм. Ата-энем анда “бизнес бул уят, андан көрө мамлекеттик кызматкер бол” дешкен. Бирок өзүм бизнес дал меники экенин даана түшүнүп калгам”, -дейт Тилек мырза.

Ал долбоордун алкагында бизнес чөйрөсүнө кызыккан жаштарга өз тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.

“Бизнесте бардыгы эле оңой-олтоң болуп кетет деп ойлобошубуз керек.

Иштер артка кеткен убактар да болот. Мен да андай жагдайларга туш келгем. Бир эле күндө 12 миллион сомдук зыянга учураган кез баштан өткөн. Бирок дал ушул окуя менин алдыга жылуума чоң идея берген.

null

Силер өзүңөрдү аңчылыкта жүргөндөй элестеткиле. Алгач чакан нерселерден баштагыла. Эң жакшы мергенчи бул - курсагы ач мергенчи. Студенттер мыкты мергенчи болушат. Ишиңердеги фокусту, максатыңарды жакшылап аныктап алгыла. Ойлорду керексиз нерселерге чачыратып албоо маанилүү. Вотсап, телеграм, инстаграмм, фейсбук сыяктуу тармактарга алаксып кетпегенге аракеттенгиле”, - деген кеңештери менен бөлүшүп өттү Тилек мырза.

4 саатка созулган иш-чара келген жаштарга чоң дем берди. Алар да бул долбоорго кошулуу ниеттерин билдиришип, кошумча суроолорду берип жатышты.

Алдыда, аталган долбоорго бириккен жаштар коомду өнүктүрүүгө арналган кадамдарды таштамакчы.

Жакында Кыргызстанды масштабдуу, пайдалуу, өзгөчө, креативдүү руханий-интеллектуалдык долбоорлор жана иш-чаралар күтүп турат.

Анда иш илгери болсун дейбиз!

1 / 4



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
20 июль 2019г.
Багымдат
3:36
Күндүн чыгуу
5:41
Бешим
13:08
Аср
18:21
Шам
20:39
Куптан
22:15