Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Нур Булак" фонду: "Өзгөчө балдардын энелери да коомдун колдоосуна муктаж"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Алим Замирбеков / Жарыяланды: 12 март 2019

Бишкекте марттын башында100 эненин башын кошкон агартуучулук жана мотивациялык маанайдагы иш-чара өттү. Бул энелер жөнөкөй эмес, өзгөчө балдардын энелери. Алардын балдары церебралдык шал оорусу, дауна синдрому жана аутизм ооруларынан жапа чегишет. Иш-чараны “Нур Булак” кайрымдуулук фонду, “Умма” ислам журналы жана “Борбор Азиядагы Евразия фонду” биргелешип уюштурушту.

null
100 эне бул күнү өзүнө пайдалуу маалыматтарды алып, чер жазып кетишти

Тубаса оорулуу болуп, же төрөттөн соң оор дартка чалдыккан балдар өзгөчө камкордукка муктаж. Мисалы, ДЦП – балдардын церебралдык шал оорусунун оор түрү менен ооруган балдар отуруп, баса алышпайт. Өз алдынча тамак жей алышпайт, жеке муктаждыктарын да аткарууга күчү жетпейт. Андыктан, мындай балдардын жанында өмүр бою бир адам болуусу керек. Ал, албетте – энелер.

null
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тагдырын чагылдырган атайын репортаждан алынган кадр. Саида айым жана ДЦП менен ооруган 10 жаштагы Нураида

Бул иш-чараны уюштуруунун башкы демилгечиси - мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүүчү “Нур Булак” кайрымдуулук фонду. Бул фондду 6 ай мурун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери биригип түзүшкөн. Азыркы тапта ага 240 тан ашуун үй-бүлө катталган.

null
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүүчү “Нур Булак” кайрымдуулук фондуна катталган энелер

Өмүрүн балдарына арнаган энелердин жан дүйнөсү өзгөчө назик келет. Бул апалардын 24 саат убактысы балдары менен өтөт. Тамакты майдалап жедиришет, дааратканага алып барышат, ыйласа сооротуп жанында болушат, айтор түйшүктөрү көп. Айрымдары жашы 10-15ке чыгып калганына карабай дааратканага бара алышпайт. Андыктан, апалар күнүнө балдарынын памерсин 2-3 ирет алмаштырып турууга мажбур.

null
Балдары ооруса да кабагым-кашым дебей жаркылдап жүргөн апаларга суктанып, таазим кылгың келет

“Нур Булак” фондунун негиздөөчүсү Уркуя Парманованын айтымында, ооруган баласы менен убактысынын көбүн үйдө өткөрүшкөн энелер өздөрүн коомдон бөлүнүп калгандай сезишет. Фондго катталган үй-бүлөлөрдүн көбү материалдык жардамга муктаж. Бүтпөгөн түйшүктөн чарчап кеткен энелер депрессияга кирип, өз жанын кыйгысы келген да учурлар болот экен.

Уркуя Парманова:

“Бул энелер моралдык, психологиялык жардамга өтө муктаж. Аларга мотивация берип, аз да болсо көңүлдөрүн көтөргүбүз келет. “Нур Булак” фонду, буюрса, келечекте мындай үй-бүлөлөргө каржылык, азык түлүк жагынан гана жардам бербестен, ушундай шыктандыруучу иш-чараларды байма-бай өткөрүп турууну максат кылат”.

null
"Нур Булак" фондунун негиздөөчүсү Уркуя Парманованын да кызы ДЦП менен жапа чегет

"Нур Булак" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нургүл Султанова өзү да дауна синдрому менен төрөлгөн уулду тарбиялайт. Ал иш-чарада мындай энелер кокустан эле эмес, жараткандын буйругу менен жолукканын, бири-бирине колдоо көрсөтүү менен кандай гана кыйынчылык болбосун аны татыктуу жеңип чыгышарын айтты.

%article_title%
Нургүл Султанова

Фонддо жалпысынан жети эне иштейт. Директору- Нургүл Султанова. Негиздөөчүлөр: Уркуя Парманова, Сыргак кызы Ширин. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: Жаныбаева Асылкан, Ибрахим к Гулхавас, Ахмедова Михри, Кошалиева Назгүл. Ыктыярдуу түрдө дайыма жардам берип жүргөн: Нурманбетова Омуркан.

Уюштуруучулар бул күнү энелер диний жана психологиялык жактан пайдалуу маалыматтарды алып, жаркын келечекке болгон илгери үмүткө шыктанып, көңүлдөрү көтөрүлүп кетүүсү үчүн 4 саатык программа түзүштү.

Алгач Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, диний аалым Фархат Юсупов энелердин жүрөгүн жибитип, көздөрүнөн жаш чыгарган баян айтты.

null
Диний аалым Фархат Юсуповдун баяны энелердин көздөрүнөн жаш чыгарды

Фархат ажы бул дүйнө сыноо дүйнөсү экендигин жана ал түбөлүк дүйнөнүн жанында көз ирмемчелик болуп каларын баса белгиледи.

“Бул кыска өмүргө адамдар сыналуу үчүн келет. Биз андан ийгиликтүү өтүүгө аракеттенүүбүз зарыл. Сиздер, энелер, балаңыздар менен сыналып жатасыздар. Балаңыздар ооруп, силерди кыйнаганына карабай алардын кашындасыңар. Бул үчүн Аллах Тааланын кандай зор сыйлыгы бар экенин билесиздерби? Дал ушул балдарыңыздар акыретте сиздерге шапаатчы болот. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын акырети бейиштик. Бирок акыретте алар бейиштин эшигинин алдында сиздерди күтүп, сиздер келмейинче бейишке кирбейт”, - деди Фархат ажы.

null
Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары, диний аалым Фархат Юсупов

“Умма” ислам журналы түзүлгөн күндөн тарта түрдүү кайрымдуулук иш-чараларына байма-бай катышып келет. Журнал бул жолу да жакшы ишке шериктеш болуп, апалардын кайгы-кубанычын тең бөлүштү.

“Умма” журналынын башкы редактору жана коомдук ишмер Элиана-Марьям Сатарова ойлору менен мындайча бөлүштү:

“Бул дүйнөдөгү эң ажарлуу, мээримдүү, эң сулуу аялзаты бул - балдарын тарбиялап, алардын түйшүгүн көтөрүп жаткан апалар. Бүгүн биз эң кайраттуу, эң сабырдуу жана эң мээримдүү апалар менен чогуу бир залда отурабыз. Мусулмандар жардамга муктаж адамдарга кайдыгер карап, басып кете албайт. Ар ким колунан келген жардамын берүүсү парз. Бүгүн биз аз да болсо сиздердин маанайыңыздарды көтөргүбүз келди. Чакыруубузду кабыл алып, келип бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Бул дүйнөнүн кыйынчылыктарын сабыр жана бири-бирибизге болгон колдообуз менен жеңели. Баарыңыздарга ден соолук каалайм”.

null
"Умма" журналынын башкы редактору жана коомдук ишмер Элиана-Марьям Сатарова

Психолог Татьяна Романова апалардын өзүнө берген баасын көтөрүү, депрессиядан чыгуунун жолдору тууралуу айтып берди. Ал психологиядагы геометриялык фигуралардын жардамы менен адамдардын мүнөзүн аныктоочу тестти көрсөтүп, апалар өзүнүн мүнөзүн сырттан баалап көрүштү.

Татьяна Романова:

“Депрессияга түшүү, көңүлдүн ар дайым чөгүнкү абалда жүрүшү, же бирөөгө жинденүү адамдын жүзүнө чагылып, бырыштарды пайда кылат. Мындай абалга түшпөө үчүн адамдар ар дайым өзүнүн үстүнөн иштеп, жаңы нерселерди үйрөнүп, айтор ар дайым кыймылда болушу өтө маанилүү”, - деди.

null
Психолог Татьяна Романова

Иш-чарага өзүлөрүнүн жагымдуу ырларын арнап маданият кызматкерлери Мухаммед Осмонов жана Байыш Момунов келишти.

null
Мухаммед Осмонов "Көктө Ахмад, жерде Мухаммед" деген ыры менен чыкты

null
Белгилүү ырчы Байыш Момунов

“Борбор Азиядагы Евразия фондунун” өкүлү Жылдыз Кудайбердиева мындай социалдык мааниси чоң иш-чарага алардын фонду жана Кыргызстандагы “Сорос” фонду да өз салымын кошо алганына кубанычта экенин билдирди. Жылдыз айым апаларды жаз айы менен куттуктап, аялзатынын табияты гүлгө окшош болорун айтты:

“Аялзаты гүл сымал, өзгөчө байчечекейге окшош болот. Байчечекей кышында кар алдынан музду жарып өсүп чыгып, гүлдөйт эмеспи. Анын сыңарындай аялзаты да жашоосундагы түрдүү кыйынчылыктарга карабай жан дүйнөсүндөгү назиктикти сактап, балдарына, үй-бүлөсүнө болгон мээримин күчөтүп, “гүлдөтө” берет. Апалар, балдарыңыздардын бактысына аман болуңуздар, оорубаңыздар”,- деген каалоо-тилектерин айтты Жылдыз айым.

null
“Борбор Азиядагы Евразия фондунун” өкүлү Жылдыз Кудайбердиева

Бишкекте шариатка ылайык жоолук салынып жүргөн кыздарга арналган бирден бир үлпөт көйнөктөр салонунун ээси Мухлиса Осмонова да бул иш-чарага өз салымын кошуп, энелерге жоолукту түрлөп салынуу боюнча мастер-класс көрсөттү. Бул мастер-класс конокторго абдан жакты.

null
Дизайнер Мухлиса Осмонова

Аталган мастер-класска катышкандардын бири Динара айым. Ал- 3 баланын энеси. Динара айымдын эң кичүү уулу Абу Бакр ДЦП менен ооруйт. Баласынын ооруп жатканын карап туруу эне үчүн өтө кыйын эмеспи. Бул эле эмес, Динара айымга сыноо эки эселеп түшкөндөй. Анткени анын жолдошу учурда боор циррозу менен жапа чегет. Жашоонун бул оор түйшүктөрүн Динара айым назик жан дүйнөсү менен кабыл алып, анын таасири өзүнүн ден соолугуна да тийген.Учурда үй-бүлө авариялык абалдагы кичинекей тамда күн кечирип келишет. Эненин кудайдан жалбарып суранганы уулу, жолдошунун айыгып кетүүсү жана өздөрүнө ылайык чакан тамын бүтүрүп алуусу. Азырынча үй-бүлөнүн кирешеси алардын күнүмдүк турмушунан ашпайт. Андыктан бул кичинекей мамлекетке жардам колун суна алган мекендештердин колдоосу зарыл. Байланыш номери - 0779 965 967 (Динара)

null
Динара айым

Өзгөчө балдардын энелери тагдырдын эки эселеп берилген сыноосунда үмүт менен кубанычты руханий баалуулуктардан алышат. Жараткан Аллах Тааланын мээрими, боорукерлиги, сабырдууларга түбөлүк жашоодо берилчү сыйлыгы тууралуу баяндар энелерди чыйралтып, белин бекем бууп, дагы да күчтөнүшүнө чоң мотивация берет.“Мутакаллим” аялдардын коомдук прогрессивдүү уюмунда көп жылдардан бери эмгектенип келген Анаркан устазаны (мугалим) иш-чарага келген энелер мурдатан таанышат. Анын сабактарына барган энелер Анаркан апаны канча жолу уксаң да тажабай тургандыктарын айтышты. Анаркан апа бул дүйнөдө бактылуу болуунун сыры чын дилден жаратканга шүгүр кылып, кандай абалда болсоң да сабыр кыла билүү экендигин баса белгилейт.

null
Энелердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Анаркан апа

Энелер өзүлөрү колдоого муктаж болуп жатса да жакшы ишке салым кошууну самашат. Апалардын арасынан Тынчтык кызы Мээрим аттуу айым Бишкектеги гүл саткан дүкөндөрдүн бири менен сүйлөшүп, аларды да бул саамалыкка ортоктош болууга чакырган. Мээрим айымдын демилгеси менен "Bishkek Flowers" дүкөнү 107 даана роза гүлүн апаларга белек кылып, майрамдык маанай тартуулашты.

null
"Bishkek Flowers" дүкөнү 107 даана роза гүлдү апаларга белек кылды

Чын жүрөктөн чыккан белек адамдын көңүлүн көтөрөт эмеспи. Пайгамбарыбыз да бекеринен (САВ) “бири-бириңерге белек бергиле, сүйүүңөр артсын” деп бекеринен айткан эмес.

Бул күнү келген коноктордун эч кимиси үйүнө куру кол кайткан жок.

Бишкектеги "CHIC fashionbrand" мода үйүнүн негиздөөчүсү Чынара Мамажакыпова стилдүү жоолуктарды ар бир энеге чоң сүйүү жана алардын балдары үчүн жасаган опол тоодой эмгегине таазим кылуу менен тапшырды.

null
Чын жүрөктөн берилген белек ар бир адамдын көңүлүн көтөрөт

Чынара Мамажакыпова:

“Биз, адамдар, бул жашоого кандай жылаңач келсек, кайра ошондой бул дүйнө менен кош айтышып кетебиз. Бул жашоодо биздин жасаган жакшы амалдарыбыз, жылуу сөздөрүбүз, мээримдүү жылмаюубуз гана калат экен. Кыска жашоодо биз майда-барат нерселерге санааркап, арызданып өмүр сүрбөй, колубузда болгон нерселерге шүгүр кылып өтөлү. Ар бир алып жаткан демибиз үчүн Аллахка ыраазычылык билдирели. Ар бир адамдын сыноосу өз башында. Биздин азыркы абалыбыз да жөн жерден эмес. Кайсы бир сыноолорду берүү менен Аллах Таала пендесин өзүнө жакындатат. Андыктан, сыноолорду татыктуу көтөрөлү”,- деди Чынара айым.

null
"CHIC fashionbrand" мода үйүнүн негиздөөчүсү Чынара Мамажакыпова

Мындан сырткары, программанын жүрүшүндө түрдүү викториналык оюндар ойнотулуп, жеңүүчүлөр түрдүү белектер менен сыйланды.

null

Пайдалуу маалыматтар, майрамдык маанай, достук, бир туугандыктын атмосферасы апалардын маанайларын көтөрүп, мурда интернет аркылуу гана тааныш болгондорду чыныгы жашоодо да жакындан тааныштырып, бириктире алды. Атайын апалар үчүн даамдуу дасторкон жайылды.

null

"Нур Булак" кайрымдуулук фондунун негиздөчүсү Уркуя Парманова аталган иш-чараны уюштурууда колдоо көрсөткөн мекендештерибиз Гүлмира Разакова, Канат ажы, Нурдана Чидеровага, иш-чаранын программасын түзүп, аны алып баруу ишин мойнуна алган белгилүү теле алып баруучу Айжамал Каразакка да баардык апалардын атынан өзгөчө ыраазычылыгын билдирди.

null

"Нур Булак" фонду келечекке чоң максаттарды коюп, үйдүн берекеси жана куту болгон аялзатын колдоодо болгон аракетин жумшашмакчы.

"Нур Булак" фондунда каттоодо турган өзгөчө балдардын энелерине колдоо көрсөтүү үчүн: 0773 684 176, 0505 028 262 номерине байланышка чыгууга болот. Элсом: 0703 677 936.

1 / 54



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56