Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Ийгилик сыры” форуму: XXI кылым аялдардын билимдүү болуусун талап кылат”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Бексултан Касымалиев / Жарыяланды: 15 март 2019

Кечээ, Бишкекте 14-мартта, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген айымдардын катышуусунда “Ийгилик сыры” аттуу форум өттү. Иш-чараны “Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси “Коомчулуктун жашоосуна катышуу үчүн аялдарды активдеширүү” долбоорунун жана “2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылына ылайык 2-ирет уюштурду.

null

Аталган форумдун максаты айымдарды коомдун жашоосунда активдүү болууга, жашоодогу кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликке жетүүлөрүнө шыктандыруу болуп саналат.

Бул иш-чарага эл өкүлдөрү, жарандык коом, бизнес коомдун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардан, региондордон келген айымдар жана коомдогу активдүү эже-сиңдилер катышты.

Иш-чарада Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты Садыбакасова Шарипа, экс-вице премьер министр, ЖКнын IV-V чакырылышынын депутаты Дамира Ниязалиева, Баткен облусунун муфтиятынын аялдар бөлүмүнүн өкүлү Сарбал Полотова жана “Умма” ислам журналынын башкы редактору, коомдук ишмер Элиана-Марьям Сатарова өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүндөгү ийгилик сырлары, иш тажрыйбалары менен бөлүштү.

Шарипа Садыбакасова банк системасында да иштегендиктен андагы бай тажрыйбасы менен бөлүшту. Ал өз ишинде тактык, чындык жана тазалык деген түшүнүктөргө өзгөчө көңүл бурарын айтты.

null

Ал эми эл өкүлү Дамира Ниязалиева анын билим алып, алдыга умтулуусунда ата-энесинин ролу абдан чоң экендигин баса белгиледи. Дамира айымдын ата-энеси билимге өзгөчө көңүл бургандыктан, анын татыктуу билим алуусуна бардык шарттарды түзүп беришкен.

null

“Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова сөздү алгач ийгилик деген эмне экендигинен баштады.

“Албетте, ийгиликти ар ким ар кандай түшүнөт. Мусулмандар үчүн ийгилик бул - Жараткандын ыраазычылыгы үчүн жакшы иштерди жасап, коомго пайдалуу адам болуу. Ислам аялдар менен эркектерди бирдей билим алууга чакырат. Бүгүнкү күндө коомдун жакшы жакка өзгөрүүсүнө аялдардын ролу зор”, -деди.

null

Баткен облусунун муфтиятынын аялдар бөлүмүнүн өкүлү Сарбал Полотова диндеги адеп-ахлак, жүрүм-турум этикалары, Курандагы түгөнбөс кенчти үйрөнүү аркылуу аялзаты бир топ ийгиликке жетише аларын баса белгиледи.

null

Катышуучулар спикерлерге түрдүү суроолорду беришип, аялдарды түйшөлткөн курч маселелер да көтөрүлдү. Айрыкча, диний жаатта муфтиятта аялдар бөлүмүнүн ачылышына талап жогору экендиги айтылды. Анткени аялдар үй-бүлөсү, же жеке физиологиялык маселелерине байланышкан нерселерди эркектерге айтуудан тартынышат. Ошондуктан, алардын маселеси чечилбеген бойдон калып жатканы жакшы эмес.

null

Коомдо мусулман аялзатына карата түнт, үй оокаттары менен гана алектенет деген жаңылыш стереотиптер калыптанганы анык. Бирок, чындыгында, андай эмес экендигин “Мутакаллим” бирикмеси даярдаган дүйнө жүзүндөгү ийгиликтүү айымдардын коом, саясат, маданият, илимдеги ийгиликтери жөнүндөгү презентация кызыктуу факт, статистикалар далил болду. Маселен, бүгүнкү күндө илим жаатында дипломун жактаган аялдардын саны боюнча АКШ 8 мусулман өлкөлөрүнөн артта калат. Ал өлкөлөр: Бахрейн, Бруней, Ливан, Катар, Малайзия, Иордания, Ливия, Түркия жана Марокко.

null

Аталган иш-чаранын уюштуруучусу болгон “Мутакаллим” аялдардын бирикмеси Кыргызстандагы аялдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө 20 жылдан бери чоң салым кошуп келет. Анын жетекчиси Жамал Фронтбек кызы иш тажрыйбасында өзүнүн командасы менен биргеликте шаардагы жана региондордогу аялдардын көйгөйлөрү менен жакындан тааныш. Жамал айым азыркы учурдагы аялдар арасындагы түрдүү социалдык көйгөйлөргө аялдардын өзүлөрүнүн билимсиздиги, өз укук, милдеттерин так билбегендиги себеп болуп жатканын баса белгиледи.

Форумдун соңунда аялдардын лидерлигин өнүктүрүү боюнча резолюция кабыл алынды.

1 / 9



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
20 июль 2019г.
Багымдат
3:36
Күндүн чыгуу
5:41
Бешим
13:08
Аср
18:21
Шам
20:39
Куптан
22:15
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов