Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"97 өлкөнүн ичинен биз биринчи болдук". Арабдар кыргыздын конок тосуу маданиятына суктанышты.

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 19 март 2019

Кыргыздардын улуттук тамак-ашы жана конок тосуу маданияты 97 мамлекеттин арасынан эң мыкты деп табылып, 1-орунга татыды. “Улуттар аралык көргөзмө” деп аталган масштабдуу иш-чара Сауд Аравиясынын Медина шаарында орун алган Ислам университетинде студенттер арасында жыл сайын өткөрүлөт. Ага Кыргызстан быйыл 2-ирет катышты.

null

97 өлкөнүн ичинен кыргыздын улуттук тамак-ашы менен конок тосуу маданияты 1- орунду алса, боз үйдүн жасалгасы боюнча экинчиликти багындырды. Бул тууралуу аталган көргөзмөнүн катышуучусу Рахматулла Муратбек уулу билдирди.

null

Анын айтымында, иш-чара 14 күнгө созулган. Көргөзмөнүн алкагында ар улуттун өз каада-салты, маданияты, улуттук кийим жана тамак-аштары тартууланды.

“Бул иш-чарага чейин көбү Кыргызстанды тааныбайт эле. “Кыргызстанданмын” десек, “Тажикстан, Казахстан?” деп тилдери келчү эмес. Ушул жарманкелерден кийин Кыргызстанды жана кыргызстандык студенттерди да алар өтө жакшы билип калышты. Биздин булл көргөзмөгө катышуудагы негизги максатыбыз да Кыргызстанды башкаларга таанытуу, желегин бийик желбиретүү болчу”,-дейт мекендешибиз Рахматулла.

null

Көргөзмөдө кыргыздын тамак-аш, шириндик, жер-жемиш, суусундуктары болуп жалпы 27 түрү коюлган.

Аталган көргөзмөдө келгендер баарынан да кыргыз үйү боз үйдүн кооздугу, анын ички жасалгасына суктанышкан. Белгилей кетсек, боз үйдүн жасалгасы, улуттук кийимдерди Кыргызстандан алдырууга "Ихлас" курулуш компаниясынын жетекчиси Нурбек Осмонов чоң көмөк көрсөткөн.

null

“Сатып алсак болобу деп сурагандар көп болду. Жаа, калпак, чапандарыбыз менен сүрөткө түшүп жатышты. Тамак-аштардан боорсок менен ашты күндө даярдап жаттык. Кыргызстандан нан, чучук, шоролорду, жаңгак, мейиз, куруттарды алып келдик. Улуттук тамак-аштын баарын 2 аял жасады: менин жубайым жана Нуртилек деген дос баламдын жубайы”, - дейт маектешибиз.

Белгилей кетсек, Сауд Аравиясындагы мекендештерибиз бул көргөзмөгө катышууда бардык чыгымдарды өздөрү чыгарышкан.

Эске салсак, былтыркы көргөзмөдө да Кыргызстан катышып, анда 80 өлкөнүн ичинен жалпы жыйынтык боюнча 1-орунга татып, "Мицубиси" үлгүсүндөгү машинаны жеңип алышкан.

1 / 23



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
24 август 2019г.
Багымдат
4:34
Күндүн чыгуу
6:18
Бешим
13:04
Аср
17:51
Шам
19:54
Куптан
21:22