Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сауд Аравиясы: “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалына барган 1200 дөй кыргызстандык умра кылышты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 29 март 2019

“Меккеге жеткенибизге ишене албай аң-таң болуп турдук”, “Арабдар биздин маданиятыбызга таң калып, суктанып жатышты”, “Король биздин жол киребизди төлөп, дагы бир ирет умрага барууну сунуштады”, “Каабаны көргөндө тилек айтайын дегем, бирок оюма эч нерсе келбей туруп калдым”...

Жакында эле Сауд Аравиясында 9-марттан 23-мартка чейин уланган король Абдулазиз атындагы “Camel Fest” фестивалына барып келишкен мекендештерибиз жогорудагыдай ой-сезимдери менен бөлүшүштү. Анткени алар иш-чаранын аягында умра сапарына барып, андан соң мекенине кайтышкан.

Сауд Аравиясында жыл сайын уюштурулчу “Camel Fest” фестивалы бул жылкыдан айырмаланып “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалы менен коштолду. Аталган фестивалды кыргыз тарап уюштуруп, араб элдерине кыргыздардын каада-салт, маданият, кол өнөрчүлүгүн көрсөтүп, таң калтырып келишти.

Бул иш-чарага болжол менен 1200дөй кыргызстандык барган. Алардын дээрлик 99%ы кичи ажылык кылып кайтышты. Көбү бул сапарга алгач ирет барышты.

Фестивалдын жыйынтыгында королго дагы бир ирет кыргыздардын маданий программасы көрсөтүлгөн. Программа королго абдан жаккандыктан, сый иретинде кыргыздарга дагы бир ирет умра кылууну сунуштады. Ошентип, алар королдук квота менен кичи ажылыктарын аткарышты.

Этнофестивалдын катышуучуларынын маанайларын, ой-сезимдерин билүү үчүн алардын айрымдарына байланышка чыктык.

Райымбек Олжобай уулу – фестивалга аниматор катары барган.

%article_title%
Документтерибизди тапшырып жатканда эле “буюрса, иш-чара жакшы өтсө, умра кылганга да мүмкүнчүлүк” болот деген сөздөр айтылып жактан. Муну укканда аябай сүйүндүм.

“Сауд Аравиясындагы фестиваль тууралуу укканда дароо документтеримди тапшырдым. Мен үчүн бул сонун мүмкүнчүлүк эле. Анткени бардык чыгымдарды Сауд Аравиясы көтөрдү. Документтерибизди тапшырып жатканда эле “буюрса, иш-чара жакшы өтсө, умра кылганга да мүмкүнчүлүк” болот деген сөздөр айтылып жактан. Муну укканда аябай сүйүндүм.

Ар бир мусулман баласындай эле ыйык жерлер саналган Мекке, Мединага баруу менин чоң кыялдарым болчу. Бирок тиешелүү каражатым болбогондуктан жакын арада бул жерлерде болуп каларымды ойлобопмун. Бир сом акча коротпостон Меккеге барып келүү бул - Аллахтын өтө чоң белеги. Канчалаган адамдар бул жерлерге жете алышпай эңсеп жүрүшөт. Кудай Таалам берем десе берип коет. Биз, көрсө, кыялданганда да сараң болуп калыптырбыз. Кызыгы, мен январь, февраль айларында Меккени 3 жолу түш көрдүм. 3-түшүмдө Аллах Таала мени Меккеге чакырып жатат деп ойлодум. Бирок кантип жетеримди билбейм. Көрсө, Жаратканым буга да жол камдап коюптур. Мекке, Мединага келгенде сүйүнүп жетишпей калдым. Ыйладым. Айрыкча, пайгамбарыбыздын (САВ) кабырынын астына барганда ыйымды токтото алган жокмун. Кадимкидей, бугуң чыгып, сагынычың тарап калат экенсиң. Түш көргөндөй эле болуп жүрдүм. Азыр сүрөт, видеолорумду көрүп алып, “чын эле барып келипмин” деп ишенип жатам. Баардык үммөткө дуа кылдык”.

Дайыр Арзыкулов – Фестивалда башкы архитекторлук милдетти аткарды.

%article_title%
Умрага 1 эмес, 2 жолу барып келдик. Экинчи жолкусунда король өзүнүн каражатынан бизди сыйлап жөнөттү.

“Бизге этнофестивалдан тышкары умрага барып келүү да буйруптур. Абдан сүйүнүп жатабыз. 1 эмес, 2 жолу барып келдик. Экинчи жолкусунда король өзүнүн каражатынан бизди сыйлап жөнөттү. Аларга биздин көргөзгөн программабыз абдан жакты. Суктанып отурушту. Умрада бизди президенттерди алып жүргөн королдун адамдары тосуп алды. Баары тең бизден “Кайсыл жактан келдиңер? Силерди чоң-чоң адамдар коштоп жүрөт” деп таң калып жатышты”.

Данияр Жаркынбаев – "Азия ТВ" телеканалы

%article_title%
Каабага улам жакындаган сайын бул сезимдер күчөп, жеткенде эмне болуп жатканына так баа бере албай, өң менен түштүн арасында жүргөндөй сезим болду.

“Биринчи жолу Аллахтын үйүн көрүп жатканда башкача толкундануулар болот экен. Аны сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Жолдон жаш баладай болуп кандай болорун сурап бардык. Кандай эрежелер бар, эмне деп айтыш керек, эмне кылууга болот, эмнени кылууга болборун толкундануу менен сурап бара жаттык. Улам жакындаган сайын бул сезимдер күчөп, жеткенде эмне болуп жатканына так баа бере албай, өң менен түштүн арасында жүргөндөй сезим болду. Жараткандын алдында баарыбыз бирдейбиз. Атактуусуңбу же жөнөкөйсүңбү, байсыңбы же кедейсиңби, баарыбыз ихрамга оронгондо Жараткандын алдында баары бирдей экендигибиз дагы бир жолу сезилди”.

Чырмаш Төрөбеков, опера ырчысы:

%article_title%
Эң биринчи үй-бүлөбүз тынч болсун, балдарыбыз бактылуу болсун, элибизде аманчылык, өнүгүү болсун деп тилек кылдык.

“Биздин чыгармачылык топ дүйнөнүн чар тарабынан келгендерди таң калтырды. Өзгөчө ат үстүндөгү шамдагай жигиттерибиз көпчүлүктүн эсинде калды. Кудайымдын жакшы көргөн адамдары экендигибиз тууралуу көп сөз болуп жатты. Анткени иш-чаранын алкагында умрага барууга да үлгүрдүк. Эң биринчи үй-бүлөбүз тынч болсун, балдарыбыз бактылуу болсун, элибизде аманчылык, өнүгүү болсун деп тилек кылдык. “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалынын уюштурулушуна буту-бутуна тийбей чуркап, көп эмгек жумшаган Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын президенти Асхат Акибаевге терең ыраазычылык айтышыбыз керек”.

Алмаз Сүйүндүков – фестивалда котормочу болду:

%article_title%
Биринчи жолу умра кылдым. Көбү эле эл-жер үчүн дуба кылып жатышты.

“Биз этнобазарда кыргыздын товарларын сатуу, котормочулук боюнча барганбыз. Умранын толук шарттарын аткарганга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Биринчи жолу умра кылдым. Көбү эле эл-жер үчүн дуба кылып жатышты. Мындайда патриоттук сезимдер да күчөп кетет экен.

Актан Алмаз уулу – фестивалда операторлук кызматты аткарды:

%article_title%
Каабаны көргөндө ойлорумдун баарын жоготуп койдум. Толкунданганымдан көпкө чейин өзүмө келе албай басып жүрдүм.

“Биринчи жолу Каабаны көргөндө тилегиң орундалат деп уккам. Тилек кылам деп ойлонуп бара жаткам. Бирок, Каабаны көргөндө ойлорумдун баарын жоготуп койдум. Толкунданганымдан көпкө чейин өзүмө келе албай басып жүрдүм. Бул күндөр мен үчүн унутулгус элестерди жана сезимдерди калтырды. Аллах Таалага шүгүр”.

%article_title%

Кошумчалай кетсек, “Көчмөндөр ааламы” деп аталган этнофестивалда Кыргызстандан барган маданият жана спорт өкүлдөрү өнөрлөрүн тартуулап, манас айтылып, кыргыз элинин көчмөн турмушун чагылдырып беришти.

Сауд Аравиясы тарап жол кире, тамак-аш жагын толугу менен өз мойнуна алган. Этнобазар, этношаарча, көк бөрү оюнуна өзүнчө аянтка жалпысынан Кыргызстанга 15гектар жер берилген.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
14 октябрь 2019г.
Багымдат
5:40
Күндүн чыгуу
7:14
Бешим
12:48
Аср
16:37
Шам
18:25
Куптан
19:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов