Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

15 жаштагы Камила:"Суранам, кайдыгер карабагылачы. Мен апамдын жашашын каалайм"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 16 апрель 2019

“Апама ойлонгонго, кайгырганга, сүйүнгөнгө да болбойт. Дайыма бир калыпта жүрүшү керек. Антпесе башындагы кан тамыры жарылып, өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн”, - дейт кичинекей маектешим Камила.

null

Камиланын апасы Жаңыл эже 48 жашта. Ал жолдошунун сүйүктүү жубайы, 5 баланын мээримдүү энеси. Баары жакшы, бирок бир эле маселе... ден соолук.

Жаңыл эже 3 жылдан бери тынымсыз баш оорусу менен жапа чегет. 1 жыл мурун ага доктурлар “аневризм” деген диагноз коюшкан. Бул баштын тамырында шишик бар дегенди билдирет. Жаңыл айымда 1 жыл мурун ал шишик 17 миллиметр болсо, азыр 33 миллиметрге чейин чоңоюп кетти. Эгер тез арада операция жасалбаса шишик жарылып, ал өлүмгө алып келиши мүмкүн. Операция Кыргызстанда жасалбайт. Санкт-Петербургда жасалат экен, баасы – 10 миң АКШ доллары.

Жаңыл эженин үй-бүлөлүк кирешеси операция жасатууга мүмкүнчүлук бербегендиктен чоң үмүт менен элдик медицинага кайрылышкан. Бирок, тилекке каршы, андан майнап болгон эмес. Шишик убакыт өткөн сайын чоңоюп, оору күчөй берген.

“Буга кошумча апам жыныстык жактан да ооруп калып, жакында эле операция болду. Атам ширетүүчү болуп иштейт. 5 бир тууганбыз. Улуу байкем 24 жашта. Ал атамдын жумушуна жардам берет. Атамдын да боору ооруйт, күнүгө дары ичет. Баарыбыз апамдын айыгып кетишин тилеп жатабыз. Канча аракет кылсак да операцияга керектүү каражатты чогулта албай койдук. Күнүмдүк оокаттан ашпайт”, - дейт 10 - класстагы жароокер кыз Камила.

null

Камила өзүнүн жаш экендигине карабай, апасына жардам берүү үчүн болгон аракетин жумшап жаткан кези. Ал түшкө чейин сабакта болуп, түштөн кийин кечки саат 9дарга дейре тигүүчү болуп иштейт. Жумасына 1000-2000 сом акча табат.

“Такыр эле акча чогулта албай койдук. Көп бир тууган болгондуктан, баары азык-түлүккө кетип калат. Өзүм билген фонддорго, белгилүү адамдарга, президентке чейин кат жаздым. Бирок жообу келген жок. Азыр апамдын айыгып кетишин эле тилеп жатам. Буюрса, кийин чоңойгондо кайрымдуулук фондун ачып, кыйналгандарга жардам бергим келет”, - дейт Камила.

Бир үй-бүлөнүн куту, 5 баланын энесинин айыгып кетүүсүнө кайдыгер карабай салым кошолу. Ар бирибиз колубуздан келген жардамды берсек, мейли ал 20 сом болсун, көптүкү чогулуп отуруп керектүү сумма жыйналып калышы шексиз. Убакыт өтө аз.

Камиладай жароокер, билимдүү, алдына чоң максат койгон кыздын энесине жардам колубузду суналы. ЭлСом номер - 0703 94 02 16.

1 / 15



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
23 сентябрь 2019г.
Багымдат
5:15
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
12:54
Аср
17:09
Шам
19:01
Куптан
20:33