Ыйык Рамазан айынын алдында “Умма” журналынын жамааты “Рамазанда бир баланын кыялын орундат” аттуу кайрымдуулук акциясын баштады. Биз атайын жетим балдар үйүнө барып, балдарга кат жаздырдык. Алар Рамазан айында кайсы тилегинин орундалышын өзгөчө каалап жатканын билдирүүлөрү керек эле. Каттарды чогултуп, жан дүйнөсү аруу балдардын каалоо-тилектерин окуганда, бир чети, көзүбүзгө жаш келсе, экинчи жагынан жүзүбүздө жылмаюу пайда болду.
Балдар үйүнүн эң кичинекей тарбиялануучулары куурчак, чач байлагыч, жарашыктуу кийим кааларын жазышса, чоңураактары велосипед, сабак окуганга ноутбук, чет тилдерин үйрөнүүгө китептерди, чөнтөк телефон алгылары келишерин, коомубуздагы белгилүү инсандар менен жолугууну самашарын жазышкан. Бала экенине карабай, “Мага эч нерсенин кереги жок, жалгыз бой апам карыздарынан кутулуп кетсе болду”, “Абакта отурган энемди бир көрсөм жетер эле”деген сыяктуу каттар бизди абдан таасирлентти.
Аталган акция тууралуу жарыя чыгары менен бул балдардын кыялын орундатууга салым кошууну каалагандардын саны тездик менен өсүп жатты. Чет жакта жашаган мекендештерибиз: “Акчаны кантип салалы? Бизге да бирөөнүн катын калтырып койгула”,- деп кайрылып жаткандары бизди ушунчалык сүйүнттү. Бир жуманын ичинде эле 500гө чукул кат келип, телефон чалуулар болду. Африка, Америка, Россия, Польшадан бери жазып жатышты. Ыйык Рамазан айында колдоого муктаж кичинекей мекендештерибизге кубаныч тартуулагылары келгендердин көп экени бизди дагы да шыктандырды.
Ар бир катта 10 миң сомдун тегерегиндеги каалоо жазылганына карабай бир мекендешибиз дароо 15 баланын каалоосун аткарам деп каттарды алып кетти.
Дагы бир уюм өзүлөрүнүн бир күндүк маянасынан чогултуп, балдарга велосипед жана чөнтөк телефондорду жетишинче алып берүүгө даяр экендиктерин айтышты.
“Колубуздан келгени ушул, жардам болсун” деп, электрондук капчыкка акчалай түрдө салгандар да арбын болду.
Тигүү цехинин ээси балдар үйүндөгү ар бир кызга жарашыктуу юбка тигип берүүнү убадалады. Дагы бирөө ар бирине өзгөчө аксессуарларды жасап бермей болду.
Бир уюм кичинекей тарбиялануучуларга жумшак оюнчук сатып беришерин билдиришти.
Баарынан кызыктуусу, өзүлөрү кыйын кырдаалда экенине карабай, аталган акцияга катышууга дилгиленгендер да болду. Мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жалгыз бой апасы бизге кат менен кайрылды.
Бир сөз менен айтканда, балдарга кубаныч тартуулап, кыялдарына ишенүүгө жардам бергиси келгендер, Кудайга шүгүр, табылып жатат.
Ата-энелеринин кучагында болуп, алардын мээримине бөлөнүп, балалыктын доорун сүрүү насиби толук буйрубаган кичинекей мекендештерибиздин шагын сындырбай, аларды колдоп турчу эли бар экендигин билгизип, жаркын келечекке ишенүүлөрүнө баарыбыз биргеликте кол суналы!
Учурда ак кагазда аруу максаттар жазылган дагы бир нече каттар калды. Эгер акцияга кошулууну эп көрсөңүз, анда жеке кат түрүндө бизге байланышып, телефон номериңизди калтырып коюңуз.
Төмөндө ошол каттардын бирин келтиребиз. Орфография, пунктуациялар өзгөртүүсүз берилет.
Ин Ша Аллах менин суранычымды аткарып бересиздер деп ишенем жана үмүттөнөм.
Аллах сиздерге ыраазы болсун сурап койгонуңуздарга чоң рахмат!”