Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

500 азанчынын ичинен жеңүүчү болгон Абдумалик Ташматов: “Умрага жолдомомду апама белек кылам”

Автору: Алтынбек Айбек уулу / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 29 апрель 2019

Имам Сарахси атындагы Бишкектин борбордук мечитинде 27-апрель күнү республикалык деңгээлдеги азанчылардын алгачкы жарышы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлүп жаткан бул мелдеш былтыр ноябрда башталып, ага өлкө аймактарынан 500дөн ашык азанчы ат салышкан. Ар бир облустан, Бишкек, Ош шаарларынан үчтөн азанчы тандалып отуруп, финалдык турга 27 азанчы чыкты.

Калыстар тобу азанчыларды махраж (тамгаларды туура айтуу), кооз үн жана созуу эрежелери сыяктуу талаптардын негизинде тандашты.

null

Бул мелдеште мыктылардын мыктысы болуп Нарын облусунан келген 30 жаштагы Абдумалик Ташматов табылды. Ага баш байгеге коюлган Умра сапарына жолдомо ыйгарылды. Экинчи орунга Ош облусунун тургуну, 34 жаштагы Толкун Камбаров татыса, үчүнчүгө Бишкек шаарынан Сүйүн Жуманалиев ээ болду. Алар телевизор, ноутбук менен сыйланышты.

null

Жеңүүчү Абдумалик мырза 12 жашынан бери Куран үйрөнүп, азан айтат. Буга анын атасы түрткү болгон.

“Азан айтуу жарышы болорун угуп, дароо өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Сынакка катышкандар абдан күчтүү экен. Бирок 1-орун мага насип болду. Мен азанды Египет стилиндеги обон менен айттым. Бул жакта мындай стилде көп айтылбайт. Балким ушул жагынан да артыкчылык болгондур. Сынакта утуп алган умрага жолдомомду апама белек кылам”, - деген ойлору менен бөлүштү ал.

Абдумалик Ташматов азан дагы дааваттын бир түрү экендигин баса белгилейт:

“Азандын чоң таасири бар. Мусулмандарды гана эмес, мусулман эместерди да өзүнө тартып, жүрөгүн жибитет. Андыктан, аны жакшы үн менен кооз, уккулуктуу айтканга аракеттенишибиз керек”, -дейт.

null

Сынакты “Мухаммед-Умар-Ош” коомдук бирикмеси Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргелешип уюштурушту. Алар мындан ары жыл сайын республикалык азан конкурстарын өткөрүүнү пландашууда. “Мухаммед-Умар-Ош” коомдук бирикмесинин башчысы Өмүрзаков Улукбек сынактын максаты мукам үндүү азанчыларды өстүрүп чыгуу экендигин баса белгиледи:

“Мелдешти уюштуруудагы биринчи максатыбыз – бул Аллахтын ыраазычылыгын табуу жана азанчылардын деңгээлин мындан да бийик көтөрүү. Акыркы убакта коомчулукта азандан ирээнжип, “азандын үнүн басаңдаткыла” деп нааразы болгондор чыгууда. Биз коомчулукка азан бул жакшылыкка чакыруу экендигин түшүндүргүбүз келет. Мындан сырткары, бул жарыш аркылуу дүйнөлүк азан жарыштарына да күчтүү балдарды тарбиялоону ниеттенүүдөбүз. Кудай буюрса, Кыргызстаныбыздан мыкты азанчылар чыгат деген ишеничтемин”,- деди ал.

null

Кошумчалай кетсек, белгиялык араб бул сынакка көрүүчү катары катышкан. Ал иш-чаранын атмосферасын жүрөгү аркылуу алып өтүп, таасирленгенинен ыйлагысы келгенин жашырган жок.

“Мен жашаган жерде Куран жарыштары өтүп турат. Бирок азан айтуу жарышы тууралуу уга элекмин. Бул жакта мындай иш-чаранын өтүп жатканы жана ага мен көрүүчү катары катышып жатканыма чексиз бактылуу болуп отурам”, -деди белгиялык конок.

null

Эскерте кетсек, республикалык деңгээлдеги азан айтуу жарышы быйыл алгач ирет уюштурулду.

1 / 6



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 август 2019г.
Багымдат
4:25
Күндүн чыгуу
6:11
Бешим
13:05
Аср
17:58
Шам
20:03
Куптан
21:27