Рамазан айы бул – 4 жума мээримдүүлүк, 30 күн ибадат, 720 саат ички жан дүйнөнүн бейпилдиги, 43 200 мүнөт кечиримдүүлүк, 2592000 секунд бактылуулук. Аллах Тааланын мээрими жана кечирими жааган дал ушул Ыйык Рамазан айы да кирип келди. Орозонун келишин дүйнөдөгү миллиарддаган мусулмандар чыдамсыздык менен күтүп, ага арнап түрдүү иш-чараларды уюштурушат. Ордолуу Ош калаасы да мындан четте калбай, “Рамазан – жан дүйнө майрамы”аттуу майрамдык иш-чара менен куттуу айды тосуп алышты.
Алымбек Датка атындагы сейил багында өткөн иш-чара өзгөчө жаш балдар үчүн унутулгус майрам болду. Жалпысынан 400 гө чукул шаар тургундары жана коноктор келип, Рамазандын кубанычын тең бөлүшүп кетишти.
Уюштуруучулардын айтымында, бул иш-чаралар коммерциялык эмес мүнөздө болуп, анын башкы максаты - курагы, улуту жана ишенимине карабай тургундарга позитивдүү, майрамдык маанай түзүү.
“Умма” журналынын Оштогу ыктыярчылары бул майрамга өзгөчө сүйүү менен даярданышат. Иш-чаранын программасына көбүрөөк оюн, викториналык суроолорду камтыганга аракеттенишет. Алар “Рамазан-жан дүйнө майрамына” келип, активдүү катышкандарга белектерди бир канча күн мурун чоң ынтаа коюп тандашат. Себеби, уюштуруучулар ар бир тургундун көңүлү ачылып, чыныгы майрамдык атмосфераны сезүүлөрүн каалашат.
Майрамдык иш-чара салтка айлангандай Куран окуу менен башталды. Ажимаматов Мухаммед Амин Курандын кыраатын келтире окуп, иш-чараны ачып берди. Андан соң Ош шаарынын казысы Убайдулло ажы Сарыбаев шаардыктарды Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, чакан баян айтты.
Кармышакова Алия менен Турсуналиев Нурислам ыйман темасында ыр ырдап, майрамдык атмосфераны жандантышты.
Былтыркы иш-чаралардан өзгөчөлөнүп, бул жылы уюштуруучулар атайын театралдаштырылган оюн көрсөтүштү. Акыйкатты таанып, туура жолго түшкөн кыздын, чөйрөсүнүн өзгөрүшү тууралуу театралдаштырылган оюн келгендерге чоң таасир калтырып, чоң алкышка ээ болду. Айрыкча, анын ичиндеги “Пайгамбарыма кат” деген көркөм окуу коноктордун көздөрүнөн жаш агызды.
2 сааттык программанын алкагында “Ошане” КВН командасы балдарга оюн уюштуруп, аларга унутулгус көз ирмемдерди тартуулашты.
Иш-чарада жарманке да орун алды. Анда “Умма ленд” ислам адабияттары, “Алайкуу органикс” улуттук суусундуктары жана ыктыярчылар даярдап келген тамак-аштар коюлду.
Кыздарга арналган акысыз мехендилер (табигый хна менен колго сүрөт тартуу) кыздардын кубанычына кубаныч кошту. Мехенди тартып отурган 6 кыз каалоочулар өтө эле көп болгондуктан иш-чаранын соңуна чейин баш көтөрүшкөн жок.
Бул күнү келгендер куру кол кайткан жок. “Фатиха” дүкөнүнөн жоолук, пайдалуу китептер, активист Шахиста Кадырованын “Рамазан күндөлүгү”, балдарга түрдүү оюнчуктар ойнотулду.
Ошондой эле, баардык конокторду ыктыярчылар өз колдору менен даярдап келген боорсок жана курма, шириндиктер менен сыйлашты.
Оштун сулуулугуна суктанып, шаарды кыдырып жүргөн туристтер иш-чарага өзгөчө кызыгуу менен назар салышты. Алар “Рамазан – жан дүйнө майрамын” аягына чейин көрүшүп, көңүлдүү кайтышты.








