Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Берекелүү Рамазан: Кайрымдуулук акциялары уланууда. Тизмени сактап алыңыз

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 8 май 2019

Кирип келген ыйык Рамазан айы бир катар жакшы саамалыктар менен башталды. Мусулман бир туугандарыбыз кайрымдуулук акцияларын баштап, бири-бирине жолдошууда. Тиш доктурлар, сулуулук салондору, жеке ишкерлер, ден соолук борборлору, айдоочулар бул айда болушунча көп сооп табууга аракеттенишүүдө.

Төмөндө биз алардын тизмесин дарек, байланыш телефондору менен жаздык. Баса белгилесек, бул акциялардын жардамга муктаж адамдар гана пайдалана алышат. Маалыматты жардамга муктаж адамдар менен бөлүшүп коюуңуздарды өтүнөбүз.

null

1- “IRS Clinic” клиникасы Ыйык Рамазан айынын урматына мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына стоматологиялык кызматтарды акысыз сунуштайт. Анын ичине консультация, диагностика, дарылоо кирет. Алдын ала телефон аркылуу жазылуу шарт. Телефон: 0558 58 66 58.

null

2- “IRS Clinic” клиникасы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына Рамазан айы боюнча бардык органдарга акысыз УЗИ кызматын сунуштайт. Алдын ала жазылуу шарт. Телефон - 0558 58 66 58.

null

3- Рамазан айында “Нефро центр” гемодиализ борбору бейтаптарга акысыз кызмат көрсөтөт. Телефон - (0709) 31 23 12, (0705) 23 21 00, (0312) 46 48 46.

null

4- Кыргызстандын бир катар стоматологдору Рамазан айында акысыз кызмат көрсөтүүнү чечишти. Стоматолог Васиф Раджо жана ал иштеген “Матис” стоматологиялык борборунун 14 кызматкери ыйык айдын урматына акысыз кызмат көрсөтүшөт;

null

Бишкек шаарында: “Атлант” стоматологиялык клиникасы. Телефон: 0312 42 49 74; 0550 22 80 30;

Стоматолог Камиран Асратов – 0773 91 66 65;

Жалал-Абад шаары: Стоматолог Фуркат Айбекович: 0551 23 55 55;

Чехов 54 көчөсүндө жайгашкан стоматологиялык клиникасынын стоматологдору. Телефон: 0550 09 19 99; 0557 70 00 70;

Оштун Өзгөн шаары: стоматолог Доктор Анваржанов – 0559 29 64 50;

Өзгөн шаарындагы 25 жеке тиш дарыгерлер акысыз кызмат көрсөтөт. Кабыл алуу күндөрү : дүйшөмбү – жума, саат 14:00-17:00го чейин.

Телефон: 0773 01 80 48, 0555 15 06 51 (Азамат Акимов);

Ош шаары: стоматолог Умид Хамраев – 0557 87 07 07.

5- Арслан Жолдошбеков Рамазан айында “Instagram” социалдык тармагында баракчаны активдештирүү, SMM боюнча акысыз кеңеш берет. Арслан мырза мусулман бир туугандарына бизнесин баштап, аны инстаграм аркылуу эффективдүү жайылтуу боюнча колунан келген көмөгүн көрсөтмөкчү. Телефон: 0706 56 50 54 (Арслан).

null

6- Рамазан айында “Баланур” аттракциондор тармагы жардамга муктаж жана көп балалуу үй-бүлөнүн балдарына аттракциондорго акысыз түшүп, көңүлүн көтөрүп кетүүнү сунуштайт. Ээси жеке ишкер Тилек Иманов: “Бул айда балдар майрамдык атмосферага бөлөнүп, сүйүнүп кетүүсүн каалайбыз”, - дейт.

Бишкек шаары: Тунгучта аттракциондорго акысыз түшүү дүйшөмбү, шейшемби жана шаршенби күндөрү саат 15:00дон 18:00го чейин. Телефон- 0702 26 06 12 (Азиз);

Токмок: Дүйшөмбү, шейшемби жана шаршемби күндөрү 15:00дон 18:00го чейин, 2 жаштан 9 жаштагы балдар үчүн. Телефон -0509 38 38 88;

Кара Балта: Дүйшөмбү, шейшемби жана шаршемби күндөрү, саат 13:00дон 17:00го чейин, 3төн 9 жашка чейинки балдарга. Телефон – 0553 72 99 72 (Улан).

null

7- Айымдарга арналган “People” сулуулук салону жардамга муктаж аялзатына Рамазан айында акысыз чач-тарач жана маникюр (лак койбостон) кызматтарын сунуштайт. Дареги: Шота Руставели 46 дареги боюнча жайгашкан “People” салону (“Манас” кинотеатрынын артында). Телефон – 0706 55 02 05 (Дилбара).

null

8- Рамазан айынын урматына акысыз чач тарач кызматы. Бардык каалоочулар акысыз чач-тарач кызматынан пайдалана алышат. Дареги: Лев Толстой- Осмонов көчөлөрүнүн кесилиши, “Камила” сулуулук салону. Байланыш номери – 0702 53 63 73 (Мунара).

9- Нарын шаарында “Рамазан” такси кызматы Рамазан айы боюнча акысыз кызмат көрсөтөт. Бул демилгени Нарын казыяты баштап берди. Көчөдөн “Рамазан” таксисин көргөн нарындыктар бул кызматтан пайдалана алышат.

null



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 август 2019г.
Багымдат
4:25
Күндүн чыгуу
6:11
Бешим
13:05
Аср
17:58
Шам
20:03
Куптан
21:27
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов