Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Рамазанда бир баланын кыялын орундат” акциясы уланууда!

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Алим Замирбеков / Жарыяланды: 10 май 2019

Рамазан айындагы дагы бир жакшылык акциясы Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү мекендештерибизди бириктирди. Кыргызстандын булуң-бурчунан, Россия, Америка, Африка сыяктуу өлкөлөрдөн акчалай жардамдар түшүп жатат. Кеңсебизге кооз баштыктарга оролуп, өзгөчө мээрим менен даярдалган белектер келүүдө. Бул аракеттердин баары учурда, тилекке каршы, ата-энесиз өсүп жаткан кичинекей мекендештерибиз үчүн жасалууда. Рамазан айында старт алган “Рамазанда бир баланын кыялын орундат” аттуу кайрымдуулук акциясын элибиз колдоп, ар ким колунан келген жардамын бергенге аракеттенип жатат.

null

Учурда биздин колубузда жалпысынан 200гө чукул кат бар. Акырындык менен балдардын кыялдары орундалууда. Бирок дагы бир нече кат өз ээсин күтүп жатат.

Балдар үйүнүн эң кичинекей тарбиялануучулары куурчак, чач байлагыч, жарашыктуу кийим кааларын жазышса, чоңураактары велосипед, сабак окуганга ноутбук, чет тилдерин үйрөнүүгө китептерди, чөнтөк телефон алгылары келишерин, коомубуздагы белгилүү инсандар менен жолугууну самашарын жазышкан. Бала экенине карабай, “Мага эч нерсенин кереги жок, жалгыз бой апам карыздарынан кутулуп кетсе болду”, “Абакта отурган энемди бир көрсөм жетер эле” деген сыяктуу каттар бизди абдан таасирлентти.

Балдар бизге ишенишет. “Кыялым Рамазанда орундалат” деп алар каттарында жазган каалоо-тилектерин чыдамсыздык менен күтүп жаткан убактары. Келиңиздер, биргеликте аларга бул улуу айда майрамдык маанай тартуулап, алдыга умтулууга, жаркын келечекке болгон үмүт шооласын жандырууга себепчи бололу.

Ал эми биз “Рамазанда бир баланын кыялын орундат” акциясы жарыяланары менен бул саамалыкка катышууну каалаган мекендештерибизге чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Акцияга жөнөкөй студенттерден тарта көп балалуу үй-бүлөлөргө чейин катышууда. Буюрса, бардык кыялдар орундалып бүтөрү менен биз кайрымдуу мекендештерибиздин өзгөчө мээрим менен даярдап келген белектерин баарыбыз биргеликте өз ээлерине жеткиребиз. Бул салтанаттуу кечеге акцияга катышкандар да келип, өз колдору менен тапшырса болот.

Келиңиздер, баарыбыз биргеликте кичинекей мекендештерибиздин кыялдарын орундаталы. Бул маалыматты башкалар менен бөлүшүп коюуңуздарды өтүнөбүз. Байланыш номери: 0555 166 669.

Эгер акчалай жардам көрсөтүүнү кааласаңыз, ЭлСом номерге каражатты которуп койсоңуз болот: 0776 777 547.

1 / 7



Башка макалалар
Аллах Таала ата-энеге кандай мамиле кылууну буюрду? 5 насаат Аллах Таала ата-энеге кандай мамиле кылууну буюрду? 5 насаат
Билүү керек / 1 октябрь 2019 / Айкөл Болотбекова, кыргызчалаган - Айдай Амангелди кызы
Бүгүн – Ашура. Бул кандай күн? Бүгүн – Ашура. Бул кандай күн?
Билүү керек / 9 сентябрь 2019 / "Умма" журналы
Сүннөт боюнча уктоо. 7 кеңеш Сүннөт боюнча уктоо. 7 кеңеш
Билүү керек / 11 октябрь 2019 / "Умма" журналы
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
14 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:14
Күндүн чыгуу
07:52
Бешим
12:46
Аср
15:58
Шам
17:45
Куптан
19:00
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов