Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Рамазан Чатырынын" 5- күнүндө балдардын кыялдары орундалды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 27 май 2019

“Рамазан Чатырынын 5-күнү демейдегиден өзгөчө атмосферада өттү. Бул күнү ооз ачуу дасторконун Ош шаарынын тургундары болгон ыктыярчы үй-бүлө жайды.

“Боорукердик” үй-интернаты, “Алтын уя” үй-бүлөлүк балдар үйү жана Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылындагы Марат Разаков атындагы мектеп-интернатынын тарбиялануучулары конок болуп, Рамазан чатырынын көркүн ачышты.

Ооз ачуу убактысына чейин балдар үчүн атайын көңүл ачуучу программа уюштурулган.

null

Чоңдору кичинекейлерин жетелеп, бир үй бүлө сымал болуп калган балдардын таланты, аракетчилдиги менен бийик максаттарды койгону баарыбызды суктантты.

Бул күндү өзгөчө кылган жагдай – бул балдардын каалоо-тилек , кыялдарынын орундалышы.

Рамазан айына чейин “Умма” журналынын ыктыярчылары балдар үйүнө барып, тарбиялануучуларга кат жаздырышкан. Анда алар Рамазан айында кандай белек алып, кайсы кыялдарынын орундалышын каалашарын айтып бериши керек эле.

null

Балдар бул күндү чыдамсыздык жана толкундануу менен күтүшкөн. Мына эми ал күн да келип, ар бири өз катында жазган нерселерин алып отурушат.

200дөн ашуун бала Мээримдүүлүк менен Берешендиктин айында көптөн бери көксөп жүргөн нерселерин алышып кубанычтары койнуна батпай турду.

Бул күнкү дасторконду жайнатып, ооз ачуу кечесин уюштурган ыктыярчы үй-бүлө, чатырда кызмат кылып жаткан ыктыярчылар көздөрүнө жаш алып, өз эмоцияларын кармай албай турушту. Алар, бир четинен балдар менен бирге кубанса, экинчи жагынан ата-энесиз чоңоюп жаткан мотурайган бөбөктөрдү карап, түшүндүрүп бере алгыс башкача ахыбалда болушканын айтышты.

null

Бул күнү чатыр өзгөчө кулпуруп, кооздугу андан бетер артып турду. Анткени биздин колдообузга өзгөчө муктаж болгон кичинекей мекендештерибиздин жүрөгүнө чоң кубаныч тартууланып ,бул күн алардын эсинде түбөлүк сактала турган учур болду.

Балдардын кыялдарын орундатууга, аларга үмүт берип, жакшылыктын үрөнүн себүүгө салым кошкон жана ортоктош болгон бардык демөөрчүлөргө ,кызмат кылган тыктыярчыларга ийилип, терең таазим этебиз. Бардык жасап жаткан иштериңиздерден Аллах ыраазы болсун.

1 / 34



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
16 июнь 2019г.
Багымдат
3:05
Күндүн чыгуу
5:22
Бешим
13:03
Аср
18:22
Шам
20:47
Куптан
22:31
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Жаӊылыктар