Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Азирети муфтийге кат жазган Хадичанын кыялы орундалды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: КМДБ / Жарыяланды: 30 май 2019

«Гүлзар» балдар үйүндө тарбияланып жаткан 14 жаштагы Жунус кызы Хадичанын көптөн күткөн кыялы ишке ашты. Ал оюнда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын Азирети муфтийи менен жолугууну тилек кылып жүргөн.

null

“Умма” ислам журналы ыйык Орозо айынын урматына Бишкекте “Рамазанда бир баланын кыялын орундат” аттуу кайрымдуулук акциясын уюштурган.

Акциянын алкагында журналдын жамааты жана ыктыярчылар жетим балдар үйүнө барып, аларга кат жаздырышкан. Балдар Рамазан айында кайсы тилегинин орундалышын өзгөчө каалап жатканын билдирүүлөрү керек эле. Кайрымдуулук акциясына жалпысынан 200дөн ашуун бала катышты.

Балдар үйүнүн эң кичинекей тарбиялануучулары куурчак, чач байлагыч, жарашыктуу кийим кааларын жазышса, чоңураактары велосипед, сабак окуганга ноутбук, чет тилдерин үйрөнүүгө китептерди, чөнтөк телефон алгылары келишерин билдиришкен. Мына ушул каттардын ичинен Хадича аттуу кыз муфтий менен жолугуп, анын кеп-кеңештерин угууну кааларын жазган.

Уюштуруучулар муфтият менен байланышып, Хадичанын катын жөнөткөндө алар кубануу менен макул болушту. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кеңсесинде Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Хадичаны Рамазан айы менен куттуктап тосуп алды.

null

Мүнөзү ачык, оюндагысын тайманбай билдире алган Хадича куру кол келбей, көптөн бери жолугушууну самап жүргөн кишисине белегин көтөрө келди. Ал Азирети муфтийге жайнамаз белек кылды.

“Мен муфтийди телевизордон көп жолу көргөм. Аны менен жолугуп, белегимди берип, кеп-кеңештерин алгым келген. Мен муну намаздарымда, ооз ачуу убактысында да дуба кылып Жаратканымдан сурангам. Бул кыялымдын орундалып жатканына бир аз ишенбей турам. Мен биздин муфтийден учурда катуу ооруп жаткан апамдын айыгышын тилеп, дуба кылып коюшун сурандым”, - деди Хадича.

null

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Хадичанын белеги ал үчүн эң кымбат белек экенин айтып, өзүнүн Хадичага арнап койгон да чакан белегин тапшырды. Китептер, пайдалуу дисктер жана чөнтөк телефондон турган белек Хадичанын маанайын көтөрдү.

null

Жолугушуудан соң Хадича баргысы келип жүргөн жаңы курулган "7-Апрель шейиттери" мечитине барып, көрүп келди.

“Бул Рамазан айын мен эч качан унутпайм. Мени жылуу кабыл алган адамдарга ыраазымын”, - деди ал.

Белгилей кетсек, “Рамазанда бир баланын кыялын орундат” аттуу кайрымдуулук акциясы Бишкекте жана Ошто уюштурулуп, жалпысынан балдар үйүндө тарбияланган 500дөн ашуун баланын тилектери орундалды.

null



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
7 декабрь 2019г.
Багымдат
06:37
Күндүн чыгуу
08:18
Бешим
12:53
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47