Кыргызстанда көптү үмүттөндүргөн масштабдуу долбоор ишке кирип, аз убакыт ичинде чоң жетишкендиктерди көрсөттү. Жаштардын өз алдынча демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан бул долбоордун ийгилиги кубанычтан көзгө жаш алдырат.
“Элибизди көбүрөөк китеп окууга тартсак, Кыргызстаныбыздын алдыңкы өлкөлөрдүн катарынан орун алышы алыс эмес” деген аруу тилекти коюп, жаштар “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун үстүндө баарылап маңдай тер төгүп, иш алып барышууда. Долбоордун идеясы боюнча, каалоочулар өздүк китепканасынан элдик китепкана үчүн китеп белек кылышат жана колдон келсе, жаңы китептерден сатып беришет. Топтолгон китептер айыл жергесиндеги китепканаларга жеткирилет, ал жалпы элдин менчиги болот жана жергиликтүү комиссия тарабынан текшерилип, жоопкерчиликке алынат. Китептерге соңунда атайын белгилүү мөөр басылып, жалпы жашоочулар эркин китеп окуй алышат.

Бир айдын ичинде 21 китеп окуган жаштар
Бүгүнкү күндө аталган долбоордун аркасында 52 китепкананын ачылышы болуп, жалпысынан 37 миң китеп тапшырылды. Эми айыл жергесинде китеп окууга болгон кызыгуу күндөн-күнгө күч алып, жадагалса, окуучулар арасында жарыштар өткөрүлүп, жаштардын бир айдын ичинде 21 китеп окуган көрүнүштөрү да байкалды. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку баллдарды алып жаткан окуучулар бул долбоордун жемиштүү болуп жатканын айкындайт. Азыркы күндө Кыргызстандын жети дубанында 100дөн ашык айылга китеп чогултуу иштери кызуу жүрүүдө.

“Долбоордун идеясы китепканада жаралды”
“Бир адамдан бир китеп” долбоорун түзүү идеясы мекен келечегине кайдыгер карабаган жаштарга таандык. Бул жакшы саамалыктын авторлору Бакай Акылбек уулу менен Эрлан Смайыл уулу долбоор түзүүгө бир нече көрүнүштөр себеп болгонун айтышты:
Анын үстүнө, элет жерлериндеги китеп жетишсиздиги көйгөйлөрүнө өз көзү менен күбө болгон жигиттер көңүл кош карап туруу мүмкүн эместигин түшүнүшкөн.

“2 жумада 984 китеп чогулттук”
Долбоор даяр. Эми аны кантип элге жеткирип, ишке ашыруу керек? Демилгечилер колдоону алгач өзүлөрүнүн жакын чөйрөсүнөн издешти. Андан соң социалдык тармактар аркылуу билдирүү, жарыяларды таратышты. Ошентип, идея үчүн күйүп-жанган жаштар эки жуманын ичинде 984 китеп чогултууга жетишишкен. Долбоордун салтанаттуу ачылышы болсо 7-январда Ак - Талаа районунун Кош-Дөбө айылында өттү. Мугалим, студент, жеке ишкер, соодагер, пенсионер, улуу-кичүү дебей бүтүндөй айыл эли салымын кошуп, китепкананын текчелери педагогика, балдар адабияты, мотивациялык, диний, чет тилдерин үйрөнүү, бизнес китептери менен көрккө бөлөнөт. Бул саамалыктан соң кичинекей бөбөктөрдөн баштап аксакалдарга чейин атайын китепканага келишип, китеп окуй башташкан. Маселен, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында элдер китепканада түнкү саат 11ге чейин отурган учурлар болууда. Китепканачылар болсо башка иш тартибине өтүшүүдө.

Долбоор тууралуу уккан башка активдүү жаштар бул жакшы ишти өз айылдарында да улантууну эп көрүшөт. Ошентип, Кыргызстандын 7 дубанындагы айылдарда китеп чогултуу иштери башталат.
Жаштардын өз күчү менен мындай чоң ишти жасап жаткандары көз жаздымда калбай, мамлекет органдарынын да көңүл буруусуна арзыган.
Маселен, долбоор башталгандан бери Маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков ачылыш аземдерде китеп окуунун пайдаларын айтып берип, семинарларга катышып турган. Маданият министри Азамат Жаманкулов, депутат Алмамбет Шыкмаматов, композитор Муратбек Бегалиевдер да долбоорду өзүлөрүнүн айылына уюштуруп, колдоо көрсөтүшкөн. Ал эми Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил комиссиясы ар бир ачылган айылга 70ден китепти белек катары берген.

Долбоордун жүрүшүндөгү көзгө жаш алдырган окуялар. “Сиз келбесеңиз биз китеп окубай эле жүрө бермек экенбиз...”

Мындай кайрымдуулук ишин эң алгач Айгерим Нурболот кызы Ош облусунун Сары Булак айылында көргөзгөн. Айгерим бул долбоор тууралуу досунан укканын айтты:
Акын-жазуучулардын сүйүнүчүндө чек жок
Бул долбоордун аркасында кыргыз тилиндеги китептерге болгон суроо-талап да көбөйдү. Учурда жаңы китептер жана акын-жазуучулардын көптөгөн эмгектери кайрадан басылып чыгууда. Мындай көрүнүш калемгерлерди шыктандырып, аларга чоң үмүт тартуулады.
Алар:
Баса, жыл аягында долбоордун алкагында жыл жыйынтыгы чыгарылып, Кыргызстандагы эң мыкты китепкана, эң алдынкы окурман айыл, мыкты уюштуруучулар аныкталып, сыйланат.

"Бир адамдан бир китеп" долбооруна чет жердеги мекендештер да кошулушту
Долбоордун авторлору бул ишке жалпы эл колдоо көрсөтүп жатканына ыраазы экендиктерин белгилешет.

"Кыргызстанды КМШ мамлекеттеринин ичинен эң көп китеп окуган өлкөгө айлантуу планыбыз бар"
Бакай мырза алдыга койгон глобалдуу максаттары менен да бөлүшө кетти:
“Буюрса, Кыргызстандын ар бир жаранын китепкөй кылуу, 2019-жылы КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанды эң көп китеп окуган өлкөгө айлантуу, жерибиздин ар бир айылдарын китеп менен камыздоо максаттарыбыз бар. Долбоордун негизинде ачылган китепканаларга, буюрса, улам жаңы басылып жаткан китептерди берип жаңыртып турабыз. Система түзүп алып, китеп окуу боюнча чоң жолугушууларды, китепканачылардын форумдарын уюштургубуз келет. Айтор, жаңы, азыркы заманга шайкеш идеялар менен элге китеп окууну жайылтабыз. Билим берүү жаатына салым кошуп, чоң максаттар менен иш алып баргыбыз келет. Ал үчүн, буюрса, командабыз деле даяр. Эгерде билим берүүнү жөнгө салып, жаштарыбыздын ыйманын, адебин, китеп окуусуна жакшылап көңүл бурсак мамлекетте көп көйгөйлөр чечилет эле”.

Долбоорго сиз да салым кошуңуз. Кантип?
Ар бир иштин өз түйшүгү жана кыйынчылыгы болот эмеспи. Анын сыңарындай, жаштарга бул ишти жүзөгө ашырууда кандай татаалдыктар болгонун да суроо салдык.

Эске салсак, Кыргызстандын ар бир жараны бул долбоорго өз салымын кошо алат. Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги үчүн китеп текчеңизден 1 китеп, колдон келсе андан да көбүрөгүн элдик китепканага белек кылыңыз, же болбосо уюштуруучулар тузгөн атайын зарыл китептердин тизмесин алып, аны сатып берсеңиз болот. Эгер сиз буга даяр болсоңуз, анда төмөнкү байланыш номерлерин териңиз: 0777 48 38 95; 0776 61 74 16; 0706 78 07 81; 0772 31 02 00.
