Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бүгүнкүнүн Дүйшөнү – Гапыр агай. Түпкүрдөгү айылга гимназия ачып, окуучуларына өз колу менен тамак жасап, билим берген мугалимдин баяны

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 29 июль 2019

Бул улуу инсан менен маектешип жатып да, кийин маегибизди кагазга түшүрүү процессинде да жүрөгүм бир башкача толкуп, көзүмө жаш алып, өзгөчө бир сезимде болдум.

Коомчулук тарабынан ага “Бүгүнкүнүн Дүйшөнү”, “Эл мугалими”, “Элеттик илимпоз”, “Лейлектин Герродоту”, “Биздин Макаренко”, “Кыргыздын Сухомлинскийи” деген наамдар эчак берилип, сыймыктануу менен айтылып келет.

Элинин келечегине жан дили менен күйүп-жанып, өмүр жолун ары татаал жана ары узак илим-билим дүйнөсүнө арнаган, өз кесибине ашкере берилген улуу устаттын өрнөктүү жашоо баяны сизди сөзсүз шыктандырарына шек жок. Сөз Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, 3-эксперименталдык гимназиянын директору, эл уулу, ардактуу Гапыр Мадаминов тууралуу болууда.

null

Өз кесибине ашкере берилген эл мугалими Гапыр Мадаминов

1996-жылдар...Союз мезгили кулап, коом өзү көнүп калган бир системадан такыр тааныш эмес экинчи системага өтүп жаткан мезгил. Көбү эмне кыларын, эми кандай багытты көздөрүн билбей калган кез. Жан багуу, бутка турууну ойлоп канчалаган мугалимдер өз кесибин таштап, соода-сатыкка аралашып кетишти... Баткен облусу. Лейлек району. Бишкектен 1200 км алыстыкта, коңшу Тажикстан менен чек арада жайгашкан айылда өзүнүн аруу дүйнөсү- билим дүйнөсүнө берилген мугалим Гапыр Мадаминов азыркы № 3 эксперименталдык гимназияны нөлдөн баштап кура баштаган. Андан бери 23 жыл өттү. Бүгүнкү күндө тээ түпкүрдө, чек арада жайгашкан бул мектеп шаардын жапжаңы, мыкты окуу куралдары, технология менен жабдылган алдыңкы мектептеринен ашса ашат, бирок эч да кем калышпайт. Сөзүбүз куру болбошу үчүн айта кетсек, бул мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 95%ы Кыргызстандын алдыңкы университеттерине бюджеттик орундарга өтүшөт, республикалык деңгээлдеги олимпиадаларда жалаң байгелүү орундарды беришпейт. Дал ушул гимназиянын окуучусу, өмүрүндө бир да орусту көрбөгөн кыргыз кызы орус тилинен республикалык олимпиадада 1-орунду жеңип чыккан. Мындан башка толгон-токой жетишкендиктерди алдыда дагы кененирээк баяндайбыз.

null

"Эсимде, эртең менен туруп талаа иштерин жасап, анан эшегимди минип, кетменимди куржунга салып алып, сабакка келчүмүн"

Азыр болсо 1996-жылдарга кайтып барып, гимназияны ачуу идеясы кандайча пайда болгону туурасында Гапыр агайга суроо узаттык.

“Алыскы түпкүрдө гимназия ачуубузга ошол жылдардагы мектептеги билим сапаты ойлондуруп койду. Мен бул мектепти колхоздун эски конторасына ачканмын. Айылыбыздагы мени менен пикирлеш Убайдылла деген жакшы адамды өзүмө шерик кылып алып, мектептерди кыдырып, колдонууга жараксыз деп чыгарылып таштаган парта, отургуч, жазуу такталарын жыйып келип, аларды бири-бирине кураштырып, боеп чыкканбыз. Негизи гимназияда балдар эртеден кечке чейин окушкандыктан түштө курсактары ачат. Убайдылла шеригим экөөбүз 2 гектар жер алып, ал жакка буудай эгип, анын түшүмүн балдарга тамак кылып берчүбүз. Эсимде, эртең менен туруп талаа иштерин жасап, анан эшегимди минип, кетменимди куржунга салып алып, сабакка келчүмүн. Алгачкы жылдары мектебимдин алдында эшегим байланып турчу. Бутумдан сугатка кийген өтүгүм түшкөн эмес. Бирөөлөр издеп келип “бул мектептин директору ким?” деп сурашса, “мына бул агай” деп мени көрсөтүшкөндө бардыгы таң калып, тиктеп калышар эле. Өзүбүздүн буудайды тегирменге тартып, окуучуларыбыздын өз колубуздан өстүрүлгөн тамакты, нанды жегенин көрүп, сүйүнүчтөн көзүбүздөн жаш аккан. Убайдылла агай экөөбүз бири-бирибизди кучактап сүйүнгөн элек. Азыр дагы ошол буудай Кудаяр хандын чарыгындай иш бөлмөмдүн төрүндө илинип турат. Академия тарабынан “Билим жолундагы өмүр” деген китеп чыккан. Ошонун 1-бөлүмү “1 десте буудай баяны” деп аталат”, - деп эскерет ардактуу эл мугалими.

null

Түпкүрдөгү бул айылдык мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн 95%ы бюджеттик орундарга илинишет

«Билимди баалаган адамдар азайып баратат. Баары көр-тиричилик, акча дешет. Мектепке маани берген эч ким жок. Айыл жерине гимназия ачып, билимдин баалуулугун элге-журтка көрсөтсөм дейм» деген бийик максат менен Гапыр агай 1993-жылдан баштап 3 жыл бою мектеп-гимназиянын документациясын даярдап, чуркап жүрүп, 1996-жылы көксөгөн тилегине жетет. Мектеп алгач ачылганда 60 окуучу болсо, бүгүнкү күндө 230 окуучу билим алат.

“Мен шаардын гимназияларын кыдырып келип, өзүбүздүкүн гимназия деп айтыштан да тартынып отурам. Анткени, биздики кадимки айылдын жупуну мектеби, кээде бир партада 3төн окуучу отуруп билим алышат. Антсе да, мына ушундай шарт-жагдайда иштеп, жакшы бир ийгиликтерди көрсөтүп жатканыбызга Кудай Таалам Өзү жардам берип, колдоп турат деп ойлойм. Маселен, бүтүрүүчүлөрүбүздүн 95 пайызы ийгиликтүү түрдө бюджеттик орундарга өтүп келишет. Анын ичинде Улуттук университет, Медициналык академия, Манас университети, Политех жана чет жактагы алдыңкы жогорк окуу жайлары бар. Сыймыктанганыбыз, бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 65и медициналык академияны бүтүп, калганы дагы окуп жатышат. Бул 200 бала окуган мектеп үчүн чоң сыймык болуп эсептелет”, - дейт Гапыр агай.

null

“Караңгыны тилдегенден көрө анын бир бурчуна шам жак”

Гапыр Мадаминов учурдун новатор, экпериментатор мугалими десек куп жарашат. Анткени, агай өзү иштеп чыккан методика, программасын даярдап чыгарган китептер менен сабак берет. Анын окуучуларынын шаардык окуучулардан озуп чыгып жатканынын бир сыры да ушунда. Гапыр Мадаминов алгач айылдагы балдардын билим алуусундагы көйгөйлөрү, айыл окуучуларынын ата-энелеринин, мугалимдеринин көйгөлөрүн тереңден иликтеп, аны чечүү жолун издеп, өзүнүн жеке методикасын иштеп чыгып, ага ылайык окуу куралдарын жазган. Улуу устат жашоосунда “Караңгыны тилдегенден көрө анын бир бурчуна шам жак” деген принципти бекем карманат.

null

“Келечек” фонду - Гапыр агайдын окуучуларына болгон устаттык камкордугу

Окуучуларын өз балдарындай жакшы көрүп, алардын келечеги үчүн күйгөн Гапыр агай 2004-жылы гимназист-студенттери үчүн “Келечек” фондун ачкан. Аталган фондду агай өзүнүн маянасынан жана жазган китептеринен, лекцияларынан түшкөн каражаттын эсебинен каржылайт. Бүгүнкү күндө “Келечек” фондунун Бишкек, Ош, Томск, Москва шаарларында, 9 жогорку окуу жайында филиалы иштеп жатат. Студенттер өтө зарыл муктаждыктарына ушул жерден акча алып, кайра мүмкүнчүлүктөрү болгондо толуктап коюшат.

null

Гапыр Мадаминовдун уникалдуу окутуу методу

Гапыр агайдын иштин көзүн билип аны системалуу жүргүзгөндүгү, окутуудагы уникалдуу ыкмалары өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Аларды да азыноолак тизмектеп өтөлү.

“Эне мектеби”

Гапыр агай балдардын илим-билимге кызыгып, ага тартылуусу үйдөгү атмосферадан чоң көз каранды экендигин белгилейт.

“Үй бүлөдө ата-эне билимге көңүл бурбаса, кызыкпаса, социумда билимдин баркы болбосо балдардын окубастыгы бул - табигый көрүнүш. Ошол себептен биз 1997- жылдан баштап энелердин мектебин ачып, аларды 60 сааттык программа менен окута баштадык. Элестетсеңиз эми, уй саап, мал караган айылдын энелери колуна дептер, калем алып, окуй башташты. Энелерди окута баштагандан кийин мектебибизде 180 градус өзгөрүү болгону даана сезилип калды. Кийин “Ата-энелер, сиздер үчүн” деген китеп жаздым. Азыр айылыбыздагы бардык ата-эненин колунда бул китеп бар. Окуп бүткөн соң энелер экзаменге киришет. Жакшы тапшырса гана анан балдары мектепке өтүп, окуй баштайт. 20 жыл бою энелерге сабакты өзүм өтүп жүрдүм. Акыркы жылдары шакирттерим даяр болуп калган соң, эми ар бир энелер классынын өзүнүн класс жетекчиси бар”, - дейт Гапыр агай.

null

Эне мектебинде эмнелер окутулат?

Эненин билим маданияты, ыйман-ынсабынын балдардын өсүүсү үчүн мааниси, үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык климаттын балага тийгизген таасири, балдарды тарбиялоодо алардын жаш курагын эске алуу, балдарды билимге кызыктыруу, алардын сезүү, кабылдоо, ойлоо, эстеп калуу жөндөмдөрүн үй-бүлөлүк оюн, тарбия процессинде калыптандыруу. Үй-бүлөдө балдарды интеллектуалдык, дене-бой, эстетикалык тарбиялоонун эң элементардык жолдору. Балдардын санитариясы, гигиенасы. Эң башкысы, балдарды илим, маданиятка, ынтызарлык, адамгерчиликке тарбиялоо. Үй-бүлөдө баланын сабак окуусуна колдон келишинче жакшы шарт түзүп берүү, үй-бүлөлүк китепкана түзүүнүн зарылдыгы.

“Биз үйүндө 300дөн аз китеби бар үй-бүлөнү рухий жакыр үй-бүлө деп, алардын китеп сатып алууда аянбоолоруна мотивация беребиз, талап да коебуз. Үйү евроремонт, машинеси лексус болгон, бирок жарытылуу китептери жок үй-бүлөлөр да бар. Мүмкүн так ушул нерсе балдарыбыздын жан дүйнөсү тайкы болуп, зордук-зомбулук, кылмышкерликке аралашып жатканына себеп болуудадыр. Анткени руханий бай адам эч качан мындай жаман иштерге барбайт”, - дейт маектешибиз.

null

Акыл эмгегинин маданияты (АЭМ)

Биздин гимназияда Кыргызстандын бардык мектептеринде окутулган сабактар өтүлөт. Ага кошумча окуучуларга “Акыл эмгегинин маданияты” деген өзүмдүн автордук сабагымды киргизгенмин. Биз балдарды окубайт деп кейийбиз. Изилдеп көрсөм, көрсө балдар туура окууну билишпейт экен, окуганын түшүнүшпөйт тура. Акыл эмгегинин маданияты сабагы бул - балдарды билим алууга үйрөтө турган сабак. Эң башкысы балдарды тажатпай, аларды бийиктен тиктебей, тең карап, сабакты кызыктырып өтүүбүз керек. АЭМ методикабыз буга чоң жардам берип жатат.Азыр биз маалымат доорунда жашап жаткандыктан информация ушунчалык көп, балдардын башына анын баары батпайт. Ошол үчүн алардын окугусу келбейт. А биздин методика - ошол чоң маалыматтын негизгисин бөлүп алып, ток этерин алып үйрөтө турган ыкма. Бул - 100 бетти 10 бет, 10 бетти 1 бет, 1 бетти 1 абзац, 1 абзацты 1 сүйлөм кылып коюшту үйрөтөт. Ошондо балага билим алуу жеңил, ыкчам кетет.

null

Ой өрүшү – кругозор

Айыл балдарынын дүйнө таанымы өтө тар болот. Анткени алар эч жакка чыгышпайт. Азыр айыл балдары эле эмес, шаарда деле балдардын билим кругозору макатанарлык эмес. Ошон үчүн мен “Ой өрүшү – кругозор” деген китепти иштеп чыктым. Анын негизинде бул сабак кадимкидей жумасына 1 жолудан өтүлөт.

Устаттык өнөр

Мага “гимназияга мугалимдерди тандап аласыңарбы?” суроо салышат. Тандап алыш бул жерде турсун, айылыбызга түзүк мугалим келсе сүйүнүп, көзүмө сүртүп алам дедим. Анткени түпкүрдөгү айылга ким мугалим болуп барат? Келгендерди маектешип, байкап көрсөк, тилекке каршы, өз предметин өтө төмөн даражада билет. Биздин балдарга алар билим берүүдөн кыйналышат. Ошондуктан, бул көйгөйдүн чечүү жолун издеп “Устаттык өнөр” деген китеп жаздым.

null

Инсан таануу

Дагы бир кошумча сабагыбыз Инсан таануу деп аталат. Дүйнөдөгү эң укмуш, таң калычтуу инсандардын өмүр баяны, кызыктуу икаяларын балдарга лекция катары өтүп, бул жол менен окуучуларды улуулук, аруулук, ыймандуулукка үндөгүбүз келет. Инсан таануу сабагынын алгачкы темасын Азирети Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр-жолуна арнадым. 1990-жылдары Пайгамбарыбыздын (САВ) өмүр жолуна арналган китептер дээрлик жок эле. Москвадан издетип, араң бир китеп таптыргам. Аны кыргызчага которуп, бир нече циклга бөлүп, лекция түрүндө өтчүбүз. Окуучуларга Пайгамбарыбызды (САВ) пайгамбар катары эле эмес, жөнөкөй инсан катары, кой баккан, эл менен чогуу жашаган адам катары анын улуу инсандык сапаттарын ачып бергибиз келген. Рузвельт, Черчилль, Авраам Линкольн, Омар Хаям, Аль Хорезми, Бируни, Жусуп Баласагын, Исак Бекбоев, Сулайман Рысбаев, анан өзүбүздүн айылдагы Камчыбек аксакал жана айылдашым, мени менен бирге айыл кыдырып, парта чогулткан завхоз Убайдылла агайдын өмүр баянын өткөнбүз. Бул үчүн районодон жеме уккан жайым бар. “Сен дүйнөлүк деңгээлдеги Рузвельт, Черчиллдин катарына айылыңдагы жүзүмчү, колхозчунун өмүр баянын бир катарга коюпсуң”, - деп сындашкан. “Булардын эмнеси тең?” дегенде мен айттым: “Азирети Пайгамбарыбыздан (САВ) баштап биздин жөнөкөй инсан Убайдылла агайга чейинкинин бүт бир теңдик критерийи бул - ыйман, ынсаптуулук анан элдүүлүк, алардын бардыгы элге, заманга кызмат кылганында дедим”.

null

Гапыр агайдан сабак алуу үчүн ар тараптан мектеп директорлору, мугалимдер атайын айылга келишет

Гапыр Мадаминовдун жогоруда тизмектеп өткөн методикасына кызыгып, тажрыйба алмашуу үчүн келгендер күн санап өсүп барат. Агайдын айтымында, Чаткалдан 17 директор, Чоң Алайдан 20 директор келип, гимназиянын окутуу өзгөчөлүгү менен таанышып кетишкен. Эми Ноокат, Нарындан, Жалал- Абад, Ош, Баткен, Кадамжайдан да келүүнү каалагандар көп болууда.

“Ай сайын биздин мектепке 2-3 спринтер толтура мугалим, директорлор келип, Эне мектеби, АЭМ сабагы, жаңылыктарыбызды көрүп кетишет”, - дейт Гапыр агай.

Учурда Гапыр Мадаминовдун методикасы жана окуу куралдарын Кыргызстандын булуң-бурчтарындагы мектептер өздөштүрүүгө активдүү аракеттенишүүдө. Буга элибиздин демилгелүү уюмдары да чоң колдоо көрсөтүп жатышат. Алсак, “Эл аралык кыргыздар ассоциациясы, “Ыйман” фондунун демилгеси менен Гапыр агай облусттарды, алыскы аймактарды кыдырып, өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүп келди.

null

"Мектептердин иши менен мечит-медреселердин ишинде тарбиялык багытта кызматташуу болсо жакшы болмок"

Эл мугалими, чыныгы устат Гапыр Мадаминовдон бүгүнкү Кыргызстандагы билим берүүнүн абалы боюнча да суроо узаттык.

“Кудайга шүгүр, Кыргызстанда мектептерде мындан 20 жылдагыга салыштырмалуу бир топ жакшы иштер болуп жатат. Бирок жалпы билимдин сапаты адамдын ичи жылый турган эмес. Окуучулардын билим деңгээли, бүтүрүп барган адистердин сапатында көйгөйлөр көп. Буюрса көпчүлүк менен ал багытта алгылыктуу иштер болот деп ишенем”,- деген ойлорун айтты Гапыр Мадаминов.

Жалпы билим берүү тармагынын деңгээлин көтөрүүдө жеке сунуштары менен да ой бөлүштү.

“20 жылдан ашык билим берүү тармагында иштеп, өз алдынча изденип жүрүп, “Эне мектебинин” мааниси абдан жогору экендигин сездим. Азыр мугалимдер балдарды ата-энелердин ордуна да тарбиялап жатат. Энелер балдарды үйдөн жакшылап тарбияласа, мугалимдер мектептен билимди жакшылап берсе кадимкидей жеңил болот. Эки тарап бири-бири менен тыгыз кызматташуусу зарыл. Ошондой эле, мектептердин иши менен мечит-медреселердин ишинде тарбиялык багытта кызматташуу болсо жакшы болмок, - дейт ал.

Эл мугалими Гапыр Мадаминов менен маекти дароо эксперименталдык гимназия, билим тармагынан баштадык эле. Сөз нугун мындай ары түйшүктүү жолду чаалыгып-чарчабастан басып келе жаткан агайдын өмүр жолуна бурдук.

null

Балалыктан койчу болууга ниеттенген Гапыр агай

Гапыр агай 1958- жылы Сүлүктү шаарында кенчи, жөнөкөй жумушчунунун үй-бүлөсүндө туулган.

“Энем Курсанай жөнөкөй үй кызматчысы. Бирок мен азыркы бийиктиктен байкасам, алар жөнөкөй жумушчу, үй кызматчысы болгону менен Кудай деп 5 маал намаз окуган, ыйман – ынсап, адамгерчиликтин бийик туусунда турган адамдар экен. “2- 3 институтту бүткөн азыркы биз ошол 3 класс бүтүргөн ата-энелерибиздей балдарга таалим-тарбия бере алар бекенбиз?” деп өзүмө суроо салам”, -дейт Гапыр агай.

Өмүрүн билим жолуна арнаган маектешибиз алгач Хожент мамлекеттик университетинде, анан Ош, кийинчерээк Бишкекте, андан ары Москвада окуп, Колумбия университетинин билимин алып, Стамбулда билимин жогорулатып, Финляндиянын тажрыйбасын барып, көрүп келип, андан ары Таллинде, анан Казахстандагы Назарбаев университетинин тажрыйбасы менен таанышып, Душанбеде иштегенге да жетишкен.

null

“Алгачкы кесибим - жыгач уста. Ал боюнча 2-3 жылдай иштедим. Андан соң - тарых мугалими. Кийинкилери билим берүү, аны башкаруу, өнүктүрүү боюнча адис жетекчилик боюнча кетти. Балалыктан койчу болууга ниеттенген элем. Алиге чейин ошону жакшы көрөм. Анткени мен тоону, талааны, эркиндикти, сууну, арчаны, жылкы, атты, алардын кишенегенин жакшы көрөм, ырахат алам. Болгону буга атам уруксат бербей койгон. Ошондуктан педагогикага кеттим. Бирок өкүнбөймүн, ушул кесипти мага Кудай буйруган экен. Бүгүнкү күнгө чейин жакшы көрүп иштеп келе жатам”, - дейт Гапыр агай.

null

Гапыр Мадаминовдун убакытты туура пайдалануу боюнча алтын кеңештери

Өрнөктүү өмүр сүрүп, бир эле кезде ар тармакта ишмердүүлүгүн ийгиликтүү жүргүзүп келе жаткан Гапыр агайдан убакытты туура бөлүштүрүү боюнча кеңешин алгыбыз келди.

“Акыл эмгегинин маданияты деген китебимде убакытты туура пайдалануунун методикасы жазылган. Бул жерде убакытты туура пайдалануунун 30га жакын жолдору, практикада кантип колдонуу керектиги, ишмердүүлүктү туура уюштуруунун жолдору бар. Биз убакыт жетпейт дейбиз. Убакыт жетет. Качан? Аны пайдалануунун методикасын жакшылап үйрөнүп, ага амал кылганда гана. Биз 25 жыл илгери убакытты туура колдонуу боюнча сабактарды өтүп баштаганыбызда айрымдары күлүштү эле. Азыр эми “тайм-менеджмент” деп эл аралык масштабда убакытты туура пайдалануунун ыкмалары өтүлө баштады. Өзүбүздүкүлөр бир нерсе айтса, ишене албай күлөбүз, чет өлкөлүктөр айтканда гана ишенебиз. Мен кайрылып айтмакмын, өсөр эл өзүн сыйлайт. Албетте дүйнөлүк тажрыйбадан сөзсүз үйрөнүү керек. Бирок биз жалаң гана чет өлкөлүк методикаларды алып, өзүбүздөн чыккан жаңылыктарга маани бербесек, анда биздин кыргыздыгыбыз, чыгыштыгыбыз, мусулмандыгыбыз кайда калат? Ошондуктан менин мындай сунушум бар. Бир батыштын методикасы берилсе, бир кыргыздын, чыгыштын өзүнүн дагы методикасы айтылсын. Бир дүйнөлүк улуу инсан айтылса, аны менен катарлаш бир өзүбүздүн дагы улуу инсан окутулсун. Бардык эле нерсе чет жактан келип, ошол жактагылардын айткандарын гана сонун, туура дей берсек, өсүп келе жаткан муунда толук кандуу эмес улут катары комплекс пайда болот. Ошон үчүн кыргыздын өзүнүн чыгаандары, мектептери, педагоктору, окумуштуулары, ойлоп табуучуларын алып чыгып, элге таанытуу маанилүү маселелердин бири. Эми убакытты туура пайдалануу маселесине келсек:

1- Кандай гана ишти пландаштырбайлы убакыт менен кошо пландаштырышыбыз зарыл. Убакытка эң кымбат акча, буюм катары мамиле кылуубуз керек;

2- Адам иштен чарчабайт, бир түрдүүлүктөн чарчайт. Убакытты үнөмдөш үчүн бир мезгилде 2-3 ишти параллель баштап, биринен чарчаганда экинчисине өтүү да сонун ыкма;

3- Биздин бир кемчилигибиз өтө жай иштейбиз. Иштөө тездигин арттыруу, убакыттан озуп жашоо, хронометраж менен иштөөнү үйрөнүү маанилүү.

4- Окууга, иштөөгө, сүйлөшүүгө, эс алууга убакыт кетсе макул, бирок бекерчиликке такыр убакыт кетирбегиле деген принципти карманалы.

Гапыр агай, сиздин бир күнүңүз саат канчада башталып, кайра канчада аяктайт?

Күнүм таңкы намаз кирген убакытта башталат. Мен мектепте иштөө менен биргеликте илимди да чогуу ала жүргөндүгүм үчүн убакыттан өтө этият болом. Кээ күндөрү түнкү саат 3төргө чейин иштөөгө туура келет.

Албетте, чоң киши үчүн 7 сааттык уйку норма болуп саналат. Бирок эң улуу адамдар, чоң ачылыштарды жараткандар 4 саат уктап деле ден соолугу да, турмушу да жакшы болгон. 12 саат уктап дагы эч бир иши жылбаган, ден соолугу аксап жүргөн адамдар да көп экен. Андан эмне корутунду чыгат?

Адам жасаган ишин сүйүп, ошондон ырахат алса, ал уктабаса деле чарчабайт. Эгер ал жакпаган ишти кылса, кечки саат 7 де эле уктап калат. Анткени ал ишинен ырахат албайт.

Окурмандарыбызга кандай кеңештерди берет элеңиз?

Мен эреже айта турган акылман деле эмесмин. Колдон келишинче айтып көрөйүн. Азыркы заманда эмнегедир материалдык байлыкка, карьера, атак-даңкка бир марафон болуп жатабы деп чочуп кетем. Материалдык байлык, албетте, керек. Бирок аны менен бирге руханий байлыкка да көңүл бурууну унутпайлы. Бул – биринчиси.

Экинчиси, мактануу үчүн, сыйлык, көп дүйнө табыш үчүн эмес, Кудай деп Алланын ыраазылыгы, элдин ыраазылыгы үчүн окуп, иштөөгө чакырат элем.

Үчүнчүсү, өзүбүздөгү терс сапаттарды билип, андан сактаныш. Ал эмне дегенде, биринчи, ичи тардык, көрө албастык, кыйынсынуу, текебердик сыяктуу жаман сапаттар. Адам ички дүйнөсүн булардан тазалап алса, ден соолугу да чың болуп оорубайт.

Төртүнчүсү, адам эмнени жасаса да ошону алгач аалам менен, Кудай менен, анан элдин кызыкчылыгы менен бирге кошуп тилеп, ниет кылып жасаса, Кудай Таалам аны жеңил жана берекелүү кылып коет.

1 / 10



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
12 декабрь 2019г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:23
Бешим
12:55
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47