Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мусулман уюмдары Кыргызстанга 70тен ашуун мектеп куруп, мамлекетке өткөрүп беришкен

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 6 сентябрь 2019

Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектеп жетишсиздиги көйгөйү бүгүнкү күнгө чейин курч абалда турат. Мындай кырдаалды Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнер-мектептер ачык-айкын далилдеп койду. Өлкөдөгү мектеп жетишсиздиги боюнча талкууларда коомчулук арасында “Мектептен мечит көп. Эмне үчүн мусулмандар мектеп салбайт?” деген пикирлер арбын айтылып келет. “Умма” ислам журналы бул жаатта чакан изилдөө жүргүзүп, мусулмандар Кыргызстан боюнча заманбап шарт, эл аралык стандартка төп келген заманбап 70 билим берүү мекемесин куруп, толугу менен эмерек, техникалык жактан жабдып, мамлекеттин балансына өткөрүп бергенин тактады.

null

Биз бул макалада мусулмандар тарабынан кандай мектептер курулуп жатканы, билим берүү жаатындагы аткарылып жаткан алгылыктуу иштер тууралуу кененирээк баяндамакчыбыз.

1- Кыргызстан боюнча мектептерди куруу ишинде тизменин сап башында Саид Баюминин жетекчилигиндеги “Ассанабил” фонду турат.

“Ассанабил” фонду Кыргызстанда жалпысынан 45 мектептин курулушун ишке ашырган. Алар билим берүү жайларын толугу менен бүгүнкү күндүн заманбап шарттарына ылайыктап бүтүрүп, ичин эмеректер, техника менен толтуруп, ички жана сырткы жасалгалар менен камсыздап, мамлекеттин балансына өткөрүп беришти.

null

Алыскы аймактардагы имаратынын эскилиги жетип, жараксыз абалга келген мектептер “Ассанабил” фондунун аракети аркасында жапжаңы болуп кубулуп, канчалаган айыл тургундарынын алкышына татыды. Эң негизгиси келечек ээлери болгон бөбөктөр коопсуз жайда, мыкты шарттар менен жабдылган мектептерде билим ала башташты. Баса белгилесек, аталган фонд тарабынан салынган ар бир мектеп Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин карамагына өткөрүлүп берилет. Ал жердеги окутуу системасы жана кадр саясаты толугу менен мамлекеттин кароосуна тапшырылат. “Ассанабил” фонду муну менен эле токтоп калбай, алдыда дагы жаңы мектептерди куруу пландары бар экенин белгилешет.

“Ассанабил” фонду Кыргызстанда 2004-жылдан бери калктын социалдык абалын жакшыртуу тармагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

null

2- «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси тарабынан ата-энесиз тарбияланып жаткан балдарга 5 мектеп - Баткен облусунун Исфана шаарында 200 окуучуга ылайыкталган “Ак Чыйыр” билим берүү мекемеси, Ош облусунун Араван айылында 120 окуучуга арналган «Ак Чыйыр Араван» мектеби, Чүй облусунун Жээк айылындагы 120 кызга арналган “Гүлзар” балалык борбору, Чүй облусунун Октябрь айылындагы 80 орундуу “Ак ниет” балдарды коргоо борбору, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы 120 окуучуга ылайыкталган «Нуристан” балдар борборунун курулуш иштери эл аралык стандартка ылайык толук бүткөрүлүп, бардыгы заманбап окуу куралдары менен жабдылган. Мындан сырткары, аталган мектептердин ар бир окуучусу кышкы, жазгы жана жайкы кийим-кечелер, окуу шаймандары менен камсыз болуп келет.

Бул мектептерде окутуу системасы Кыргызтандын Билим берүү министрлиги бекитип берген программанын негизинде жүргүзүлөт.

null

Азыркы учурда «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси Чүй облусунун Октябрь айылында жалпы аянты 1435 чарчы метрди түзгөн 450 окуучуга ылайыкташкан 2 кабаттуу мектептин курулуш иштерин жүргүзүүдө. Жаңы окуу жайынын ачылыш аземи 2020-жылдын апрель айына пландалууда.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси 2015-жылдын июнь айында Кувейт мамлекетинин жараны, мусулман бир тууганыбыз Шейх Мухаммад Абрурахман Альшайанын жетектөөсүндө жакыр жашаган үй-бүлөлөргө, жетим балдарга, көп балалуу жесир аялдарга ар тараптан жардам берүү максатында түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган коомдук бирикменин аркасында ата-энесиз тарбияланып жаткан 640 бала жылуу үй, заманбап шарттагы мектеп, кийим-кече, окуу куралдары менен үзгүлтүксүз түрдө камсыз болушууда.

null

3- Кыргызстанда 7 жылдан бери ар тараптуу кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келе жаткан “Катар” кайрымдуулук фонду өлкө аймагында 4 орто мектептин курулушун ишке ашырып, мамлекеттин балансына өткөрүп беришкен.

Катар кайрымдуулук фонду Катарда жашаган колунда бар, кайрымдуулук кылгысы келген адамдар тарабынан каржыланат.

null

4- «Human Appeal International U.A.E.» эл аралык гуманитардык бирикмеси Кыргызстанда жаш балдарга арналган 4 билим берүү мекемеси (Талас, Ысык-Көл, Чүй облусттарында жана Бишкек шаарында), ошондой эле Кадамжай районунун Кыргыз Кыштак айылында 1 орто мектептин курулушун камсыздашкан.

Муну менен катар 1 мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана 2 орто мектеп толугу менен оңдоп-тузөлүп, заманбап жабдыктар менен камсыздалса, 44 мектепке эмерек, компьютер, китеп, канцелярдык буюмдар тапшырылган.

Кайрымдуулук жаатында 30 жылдык тажрыйбасы бар «Human Appeal International U.A.E.» бирикмесинин Кыргызстандагы филиалы 2004-жылы ачылган. Бирикме дүйнө жүзүндөгү мусулман өлкөлөрүнүн жарандарынын колдоосу менен каржыланып, калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү жана социалдык объектилерди куруу жаатында иш жүргүзүп келишет.

null

5- Боордош түрк элинен ТИКА - Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги тарабынан Ош облусунда 850 окуучуга арналган 3 кабаттуу заманбап мектеп-лицей курулуп, эмерек, техника менен толук түрдө жабдылган. Мектептин жабык спорт жана гимнастика залы, ашкана, физика, химия жана биология лабораториялары, кол эмгек сабагы устаканасы жана техникалык бөлмөлөр, китепкана, ачык футбол аянты, волейбол жана баскетбол аянттары менен чуркоо жана жөө басуу жолдору бар.

null

Ошондой эле, ТИКАнын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айылында кезинде 3 кабаттуу мектептин курулуш иштери башталып, бирок акча каражатынын жетишсиздигинен улам токтоп калган. ТИКА уюмунун колдоосу менен жаңы башталган мектеп аягына чейин бүткөрүлүп, керектүү шаймандар менен камсыздалды.

Мындан тышкары, аталган уюм болжолдуу 40ка чукул мектеп, 15 тей университетке компьютер жана башка жабдыктарды орнотуу жаатында да чоң иштерди жасап келишет.

null

Кошумчаласак, Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 27 мектеп курууга 30 миллион АКШ долларын бөлүп берери да белгилүү болду.

1 / 7



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
12 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:12
Күндүн чыгуу
07:49
Бешим
12:46
Аср
16:00
Шам
17:47
Куптан
19:02