Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Кыргызстандын айымдары" аттуу энциклопедия жарык көрдү. Каармандардын арасына биздин редактор Элиана-Марьям Сатарова да кирди

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 16 октябрь 2019

Кыргызстандын Аялдар конгресси тарабынан иштелип чыккан "Кыргызстандын айымдары" аттуу энциклопедия жарык көрдү. Коомдук ишмер, “Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова аталган энциклопедиянын ардактуу каармандарынын арасынан орун алды. Ошондой эле, ал Кыргызстандын Аялдар конгрессинин эл аралык маанидеги "Лидерлиги үчүн" медалы менен сыйланды.

null

Кечээ, 15-октябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында энциклопедиянын бет ачары чоң салтанат менен өтүп, Кыргызстандын жети дубанынан келген 200 айымга сыйлыктар тапшырылды. Бет ачар аземге мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү жана 10дон ашуун элчиликтен өкүлдөр катышты.

"Кыргызстандын айымдары" энциклопедиясы талыкпаган эмгек менен мекенине кызмат өтөгөн кыргызстандык айымдарга арналган.

Энциклопедия барактарынан мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим, саламаттыкты сактоо, экономика, билим берүү, маданият жана искусство тармактарына зор салым кошкон, Кыргызстандын айыл, район жана облустарынын өнүгүшүнө зор эмгек жумшаган айымдардын баяндары орун алган.

Министрлик, акимиаттар, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жалпы эле коомчулук бул энциклопедиянын каарманы болууга ылайыктуу деп күжүрмөн эмгеги менен таанылган айымдардын талапкерлигин сунушташкан.

null
"Кыргызстандын айымдары" энциклопедиясы талыкпаган эмгек менен мекенине кызмат өтөгөн кыргызстандык айымдарга арналган.

“Кыргызстандын айымдары” китебинен коомдук ишмер жана “Умма” ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова да татыктуу орун алды. Элиана айым 2 жогорку билимдин ээси: эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу бөлүмү. Ал эми мындан 4 жыл мурун ал журналистика тармагына кадам таштап, Кыргызстанда аналогу жок алгачкы “Умма” ислам журналын негиздеген. Аталган журналдын башкы редактору жана коомдук ишмер катарында Элиана айым диний агартуучулук, адеп- ахлактык жактан өнүгүү, коомдун активдүү жараны болуу, социалдык көйгөйлөрдү чагылдыруу, аларды чечүү жолдору, жаштарга колдоо көрсөтүү жана кайрымдуулук тармактарында чоң иштерди жүргүзүп келет.

Өзгөчө баса белгилей кетсек, Элиана Сатарова - “Кыргызстандын айымдары” энциклопедиясынан орун алган эң жаш каармандардын бири.

null
Элиана Сатарова - “Кыргызстандын айымдары” энциклопедиясынан орун алган эң жаш каармандардын бири.

“Көптөгөн жылдар бою үзүрлүү эмгек кылган эжелер, апалардын катарында болуу мен үчүн чоң сыймык” деген Элиана айым өзүнүн сезимдери менен бөлүштү:

“Мындай эл аралык маанидеги сыйлыкка менин да ылайык көрүлгөнүмө абдан кубанып отурам. Тарыхта кала турган бул чоң китептин каарманы болуу мындан аркы иштериме да чоң мотивация берди. Албетте, биз коом үчүн, элибиз үчүн кандай гана сооп иштерди жасабайлы, биринчи кезекте Аллах Тааланын сыйлыгына үмүттөнөбүз. Ал эми эмгегибиздин мамлекеттик деңгээлде да бааланып жатканы бизди кубандырбай койбойт. Бул жетишкендиктер командабыздын, пикирлештерибиздин жана активдүү жаштарыбыздын колдоосунун жыйынтыгы деп эсептейм.

Мусулман кызы катары, мен жасалып жаткан жана мындан ары да жасала турчу жакшы иштерди, биринчи кезекте Жаратканыма жана элиме арнайм. Эмгекке жана билимге, коом үчүн пайдалуу иш жасоого карманган диним чоң мотивация берерин баса белгилегим келет. Ислам дини адам эмне менен алектенбесин, анын майын чыгара жасоого, баардык иште мыктысы болууга чакырат. Мен бардык эже-сиңдилеримди коомдун активдүү мүчөсү болууга, өз күчүнө, потенциалына ишенип, келечекке ишенимдүү кадамдарды таштоого чакырам”, - деди Элиана айым.

null
"Эмгекке жана билимге, коом үчүн пайдалуу иш жасоого карманган диним чоң мотивация берерин баса белгилегим келет".

Баса белгилесек, Элиана айымдын бул жетишкендиги - өзү үчүн эле эмес, жалпы дин жолундагы кыз-келиндерге чоң мотивация жана мыкты үлгү. Анткени, адатта коомубузда “жоолук салынган кыздар замандан артта калган, эртеден кечке үйдө отурган, билимсиз болот” деген сыяктуу стереотиптер көп. Ал эми Элиана Сатарова өзүнүн жеке мисалында бул калыптанган ой пикирлерди бузуп, мусулман кыздары үйдө, жумушта жана коомдук иштерде иштин майын чыгарып, мекенине чоң салым кошо аларын көргөздү.

null
Кыргызстандын Аялдар конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева

Кыргызстандын Аялдар конгрессинин жетекчиси Замира Акбагышева билдиргендей, “Кыргызстандын айымдары” энциклопедиясы элибиздин өз каармандарын биле жүрүүсүн, билими, аракетчилдиги жана талбас эмгеги менен көпчүлүгүнө дем берген кыргызстандык аялдардын баяндарын окуп, башкалар да алардын катарында болууга дилгирлениши максаты менен иштелип чыкты.

Аталган эмгек Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн китепканаларына, эл аралык уюмдарга жана элчиликтерге да тапшырылмакчы. Кыргызстандыктар эле эмес, дүйнө жүзү да профессионал, лидер жана мыкты сапаттардын ээси болгон кыргызстандык айымдардын өмүр жолу, баяндарынан кабардар болушмакчы.

null
"Бул жетишкендиктер командабыздын, пикирлештерибиздин жана активдүү жаштарыбыздын колдоосунун жыйынтыгы деп эсептейм".



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
19 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56