Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Альбинага кайрадан угуу мүмкүнчүлүгүн белек кылалы

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 6 январь 2020

9 жаштагы Альбина кайрымдуу мекендештеринин жардамына муктаж: “Мен кайрадан уккум келет”. Альбина бул дүйнө менен болгон негизги байланышын жоготуп, азыр жалгыз, тунжурап отурат. Альбина Марсбекова төрөлгөндө эле тубаса дүлөй экендиги аныкталган (нейросенсордук дүлөйлүк). Ата-энеси болгон тапканын чогултуп отуруп, чет өлкөдөн операция жасатып, Альбинага кымбат баадагы угуучу аппарат салдырышкан.

null

Альбинанын апасы Таалайкүл айым жакында эле бул аппаратты жоготуп алышканын айтты:

“2019 - жылдын 23- декабрь күнү, 251- маршруттук таксиден аппаратыбызды жоготуп алдык. Азыркы күнгө чейин аппарат табылбай, кызыбыз укпай калды. Турциядан операция жасаттырып келген клиникабыз кызыбызга жардам катары жарым баасына (5000$) жасап беребиз деп макулдуктарын беришти. Биздин мындай мүмкүнчүлүгүбүз болбогондуктан, бир гана үмүтүбүз кайдыгер карабаган мекендештерибизде. Биздин кызыбызга кайрадан угуу мүмкүнчүлүгүн белек кылууңуздарды суранабыз”.

Таалайкүл айым кызынын зээндүү, билимге ынтызар экендигин айтып берди. Альбина келечекте мугалим болууну кыялданат.

Альбинага кайрадан угуу мүмкүнчүлүгүн белек кылууга салым кошууну кааласаңыздар төмөндөгү эсеп жана телефон номерлери аркылуу байланышыңыздар: ЭЛСОМ :0704290942; апасынын телефону:0702043535; 0704290942.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Жаӊылыктар
Намаз убактылары
24 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:24
Күндүн чыгуу
08:04
Бешим
12:48
Аср
15:50
Шам
17:37
Куптан
18:52
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов