Зуура Нарынбекова менен Диана Жакыпова окуудагы мыкты көрсөткүчтөрү жана коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн президенттик стипендияга ээ болушту. Алар бул жетишкендиги менен “Коомдо диндар, жоолук салынган кыздар илим-билимге умтулбайт, коомдук иштерге кызыкпайт” деген өңдүү стереотиптерди жоюуга чоң салым кошушту.
Зуура менен Диана өзүлөрүнүн ар тараптуулугу, билимге умтулгандыгы, жоопкерчилиги, тырышчаактыгы менен өлкөнүн эң алдыңкы студенттеринин катарынан орун алышты. Алардын ар бири тууралуу чакан маалымат беребиз.
Зуура Нарынбекова Нарын облусундагы Жусуп Иманалиев атындагы орто мектебин аяктап, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун «Филологиялык билим берүү» багытына тапшырган. Университетте Зуура студенттик ѳкмѳттүн билим министри, бир канча коомдук жана кайрымдуулук фонддоруна мүчө, ыктыярчы, интеллектуалдык, адабий клубдардын активдүү мүчөсү катары өзүнүн потенциалын ачканга тынымсыз аракеттенип келет. Ал аталган окуу жайдын “Жылдын мыкты студенти” наамына да татыган. Зуура ыр жазат, тогуз коргоолду мыкты ойнойт жана уюштуруучулукта иштин майын чыгарат.
Зуура президенттик стипендия анын мындан ары да тынымсыз эмгектенүүсүнө жакшы дем-күч бергенин баса белгиледи. Ал, ошондой эле, студенттик жылдарда өзүн ар тараптан ачканга “Даткайым” кыздар жатаканасынын да салымы чоң болгондугун айтты.
Диана Жакыпова Таластагы Ч.Айтматов атындагы орто мектепти аяктап, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Фармация факультетине тапшырган. Учурда 4-курстун студенти. Дианага президенттик стипендия ал үчүн күтүлбөгөн жакшы жаңылык болгонун айтты. Ата-эненин ишеничин актоо үчүн колунан келишинче тырышып окуп, эл аралык конференцияларга калбай катышып, илимий макалаларды жазуу менен ал бул алдыңкы сыйлыкка татып отурат. Маселен, Диана Москва, Крым, Шымкенттеги эл аралык конференция, жарыштарга катышып, “Мыкты студенттердин” тизмесине кирип, жарыштарда байгелүү орундарга ээ болгон. Өзү окуган университетте “Мисс интелект” номинациясына да татыган.
Диана менен Зуура ар бир адам өз ишине чоң жоопкерчилик менен мамиле кылса сөзсүз ийгиликке жетерине ишенишет. Ал эми жоолук буга эч кандай тоскоолдук бербейт.
Эске салсак, мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 27-декабрда Кыргызстандын алдыңкы студенттерине стипендия тапшырган. Анда 160 миңден ашык студенттин арасынан билими, аракети менен 74 студент суурулуп чыгып, президенттик стипендияга татыктуу болушту. Алардын ар бирине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылды.


