Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дүйнөлүк жоолук күнүн Ошто 500дөн ашуун аялзаты колдоду

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: "Умма" журналы / Жарыяланды: 5 февраль 2020

Ош шаарында “Шанхай” мейманканасынын чоң залында 2-февраль күнү Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнө арналган маданий, агартуучулук мүнөздөгү иш-чара өттү. Ага Оштун тургундары жана иш-чарага күбө болуу үчүн атайын региондордон келген коноктор болуп, жалпысынан 500 дөн ашык кыз-келиндер, айымдар жана апалар катышты. 4 саатка созулган иш-чара “Умма” ислам журналынын Оштогу активисттери тарабынан уюштурулду.

null

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, түрдүү улут, курак, кесип жана ар кандай көз караштагы адамдар ынтымактын, толеранттуулуктун жана тилектештиктин аянтчасында биригишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө жоолуктун ислам дининдеги жана кыргыз салтындагы орду, өзүн-өзү өнүктүрүү, аялзатынын укук-милдеттери, үй-бүлөдөгү ролу тууралуу атайын конок катары чакырылган көрүнүктүү инсандар айтып беришти. Мындан тышкары, “Умма” журналынын журналисттер үчүн жарыялаган конкурстун жеңүүчүлөрүнө салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи орун алды.

null

Белгилүү төкмө акын Идрис Айтбаевдин аялзатынын баалуулугу, барктуулугу тууралуу айткан сабагы залдагы отургандардын баарын таасирлентти. Ал аялзатына урмат көрсөтүү ислам дининен бөлөк эч бир динде мынчалык жогорку деңгээлде айтылбаганын баса белгиледи.

“Мен бул иш-чарага быйыл алгач ирет конок катары чакырылдым. Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү коомдогу ар кандай көз караштагы айымдарды бириктирип, ортодогу достук, ынтымак сезимдерин орнотуп, аялзатына тиешелүү маселелерди талкуулап алганга жакшы өбөлгө түзөт”, - деди Идрис Айтбаев.

null

Бишкектен атайын чакырылган конок, коомдук ишмер, “Оймок Арт” студиясынын негиздөөчүсү Айжан Акылбекова Ош шаарынын элинин, өзгөчө жаштардын активдүүлүгүн көрүп, кубанганын жашырган жок.

null

“Мындай иш-чараларга мамлекеттик кызматкерлердин, коомдук ишмерлердин тартылуусу жаңы жоолук салынып жаткан кыздарга дем-күч берет деген ойдомун”, - деди ал.

Оштогу эже-сиңдилерге куттуктоо сөзүн арноо үчүн атайын Бишкектен Ошко учуп келген ишкер айым Чынара Мамажакыпова иш-чара жыл сайын журнал тарабынан жогорку деңгээлде уюштуруларын айтты.

null

“Кечээ, 1-февралда Бишкекте масштабдуу иш-чара орун алды эле. Бүгүн 2-февралда Ошто да жогорку деңгээлде өтүп жатат. Жоолуктун кыргыз салтында, маданиятында орду өтө бийик. Бул нерсени биз кийинки муунга жеткирүүбүз маанилүү. Менин энекем да өмүр бою жоолук салынган аял болчу”,- деди Чынара айым.

“Умма” ислам журналы Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси деген макамынын алкагында бул жылы журналисттер арасында 3 номинацияда сынак жарыялаган.

Алар:

1- Стереотиптерди жоюу;

2- Мусулман кызынын позитивдүү образы;

3- Бирдей укуктар жана мүмкүнчүлүктөр үчүн;

null

Бул сынакта 30 дан ашуун журналисттердин эмгеги каралып, алардын ичинен мыктысы болуп бешөө тандалып алынган эле. Конкурстун жеңүүчүлөрү 1-февралда Бишкекте өткөн иш-чарада салтанаттуу түрдө сыйлыктарын алышкан. Номинанттардын ичинен 2 журналист Ошто жашагандыктан, алардын сыйлыгы 2-февраль күнү салтанаттуу түрдө тапшырылды. “Позитивдүү мусулман кызынын образы” аттуу номинацияга “PreventionMediaKG” онлайн-платформасынын журналисти Сахира Назарова, ушул эле номинацияга «CABAR.asia» аналитикалык бюросунун журналисти Арууке Абдыгулова татыктуу болушту.

null

Журналист Сахира Назарова макаласында ар дайым өзүн издеп, өнүктүрүүгө тынымсыз аракет кылган Ош шаарынын тургуну Жылдыз Асаева тууралуу айтып берген.

“Сиздер уюштурган сынакта байгелүү орунга ээ болгонум мен үчүн күтүүсүз болду. Абдан кубанып турат. Мен бул материалым аркылуу мусулман кыздарынын позтивдүү образын көрсөткүм келди. Алар да коомдун толук кандуу мүчөсү, бирдей укук жана мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин айтууну кааладым”, - деди Сахира Назарова.

Ал эми Арууке Адыгулова Ош шаарында жашаган диндар 3 кыздын мисалында жоолук аялзатына өзүн профессионалдык жактан өнүктүрүүгө тоскоол эмес экендигин чагылдырган. Арууке бул сыйлык анын кийинки иштери үчүн чоң мотивация болорун айтты.

“Умма-Ош” командасынын кыздар тайпасы тарабынан кайнене-келин мамилелери тууралуу даярдалган чакан театралдык көрүнүш конокторду абдан таасирлентип, көбү көздөрүнө жаш алышты.

Бул күнү өнөктөштөрдөн жана демөөрчүлөрдөн мыкты белектер ойнотулуп, кызыктуу конкурстар уюштурулду. Жоолукту кооз жана тыкан салынуу боюнча мастер класс, акысыз мехенди, китеп жарманкеси саамалыкка көрк кошту. Көптөн бери жоолук салынууга ниет коюп жүргөн айымдар бул күнкү иш-чарада биротоло жоолук салынышып, жашоосундагы маанилүү чечимди ишенимдүү кадам менен кабыл алышканына көздөрүнө жаш алып кубанышты.

null

“Умма-Ош” командасынын активисти Гүлбурак Абылкасым кызы Ош шаарындагы Дүйнөлүк жоолук күнү калктын калың катмарына тарап, жыл өткөн сайын бул иш-чарага катышууну каалагандардын саны өсүп жатканын баса белгиледи. Мындай көрүнүш элдин коомдо руханий баалуулуктарды көтөргөн, жалпы айымдарды бириктирген, диалог түзүүгө багытталган иш-чараларга суусап турганын айгинелейт.

“Иш-чарабыз мейманканда өткөндүктөн, биз алдын ала конокторду каттоого алабыз. Отургучтар толуп калганына карабастан, туруп көрөбүз деген коноктор көп болду. Иш-чарабыздын көркүн чыгарып, колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, -деди Гүлбурак.

Достук, ынтымак, тилектештиктин маанайында өткөн Оштогу жоолук күнү келгендердин купулуна толду.

null

Белгилей кетсек, “Умма” ислам журналы этникалар жана диндер арасындагы диалогду бекемдөө, коомдогу светтик жана диний тараптардын мамилелеринин гармониялашуусуна өбөлгө түзүү максаты менен мамлекеттин саясатын улантып, 2016-жылдан бери Кыргызстанда Жоолук күнүн өткөрүп келет.

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү калыптанган жаңылыш ой-пикирлерди жокко чыгарып, жоолук салынуу маданиятын айтып берүүдөн тышкары айымдардын ортосундагы достук, биримдик, ынтымактык сезимдерин бардык аялзаты үчүн маанилүү болгон үй-бүлө, жумуш, чыгармачылык, өзүн-өзү өнүктүрүү, сулуулук жана ден соолук сыяктуу жалпы, актуалдуу темаларды талкуулоо жолу менен бекемдөөгө аракеттенүүдө.

Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнүн тарыхы 2014-жылга барып такалат. Анын автору - Нью-Йорктун тургуну, мусулман кыз Назма Хан. Ал жашоосунда бир нече ирет кабылган диний дискриминацияга жооп иретинде дүйнө жүзүнө жоолуктун маанисин чечмелеп, аялзатынын чоочун көздөрдөн сулуулугун жашыруу кандай экенин айтып берүүгө алгачкы кадамын жасаган. Анын толеранттуулукка болгон идеясы дүйнөдөгү миллиондогон аялзатынын колдоосуна татып, агартуучулук тариздеги брошюралары 22 тилге которулган.

1 / 22



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 сентябрь 2020г.
Багымдат
5:19
Күндүн чыгуу
6:54
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:56
Куптан
20:28