Бишкекте “Social brands” аттуу өзгөчө дүкөн ачылды. Аталган дүкөндө турмуш-шарты жетишсиз жана оор илдетке чалдыккан мекендештерибиздин кол өнөрчүлүгү менен жасалган буюм-тайымдар сатылат.

Түрдүү аксессуарлар, ашканага керектүү буюмдар, көз жоосун алган сумкалар, көркөм-декоративдик жасалгалар бул дүкөндөн орун алды. Чоң үмүт жана терең ишенимге бөлөнүп жасалган буюмдарды сатып алуу менен сиз жардамга муктаж мекендештерге маанилүү колдоо көрсөткөн болосуз. Дареги – Абдрахманов көчөсү, 137 (Токтогул көчөсү менен кесилишет).
“Social brands” дүкөнүнүн негиздөөчүлөрү Дания Кадыркулова менен Руслан Алыбаев бул жылдын аягына дейре дагы 3 дүкөн ачууну пландашууда.

7 жылдан бери кайрымдуулук иштери менен активдүү алектенип келе жаткан Дания айым жардамга муктаж адамдарга киреше табууну үйрөтүүнү абдан маанилүү деп эсептейт. Анткени, жардам дайыма эле боло бербейт. Андыктан, алар өз алдынча, эч кимге көз каранды болбой жанын багып кетүүгө аракеттенүүлөрү зарыл.

Дүкөндүн ачылыш аземине кол өнөрчүлүк менен алектенген мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коому да келишти. Алар “биздин эмгекке кызыгышар бекен, жактырып сатып алышар бекен?” деген ойдо, четте кардарларды чоң үмүт менен карап турушту.
Урматтуу окурмандар, кайрымдуулукту түрдүү жолдор менен жасоого болот. Алардын бири - “Social brands” дүкөнүнөн өзүңүзгө жаккан буюм сатып алуу. Келиңиздер, баарыбыз биргеликте калктын аялуу катмарын колдоп, аларга дем-күч берели.




























