Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бөлүнүүнүн эмес, биригүүнүн, күнөө издөөнүн эмес, колдоонун учуру

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 18 март 2020

Дүйнөнү каптаган вирус Кыргызстанга да жетти. Өлкөбүздө бул илдетке чалдыккандар катталганы бүгүн расмий булактардан белгилүү болду. Вирусту жуктуруп алгандар 12-март күнү умра сапарынан келген Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары болуп чыгышты. Мамлекет тиешелүү чараларды көрүп, вирустун жайылып кетишин токтотуу үчүн күч-аракет жумшап жатышат.

Тилекке каршы, коомубузда айрым адамдар вирусту жуктуруп алгандардан күнөө издеп, диний баалуулуктарга да сөз тийгизишүүдө.

null

“Ушул мусулмандар дайыма көйгөй чыгарышат... Кана алардын Кудайынын жардам бергени...Араптарга сыйынып жүрө бербейт беле, бул жакка эмнеге келди?.."

“Дүйнөнү каптаган вирус өлкөбүзгө келбесе экен” деп тилек кылып, үмүттөнүп жатканыбыз менен анын ыктымалдуулугу өтө төмөн болчу. Анткени кошуна өлкөлөрдөн да жуктуруп алгандар, алардын саны көбөйүп жатканы тынбай айтылып жатты. Бардык кыргызстандыктар азыр бири-биринен күнөө издөө, коомду 2-3кө бөлүү, жек көрүүчүлүк сезимин пайда кылуу негизги иш эмес экенин түшүнүүсү зарыл.

Кырдаалга түшүнүү, токтоолук, сабырдуулук менен мамиле кылып, тиешелүү адистер айтып жаткан эрежелерди сактап, бул оору менен күрөшүүгө баарыбыз биригип аракеттенели.

Оптимизм, ынтымак, жардам колун сунуунун мыкты үлгүсүн көрсөтүп жаткан мамлекеттерди карап көрөлү.

Мисалы, эпидемия Кытайдагы Ухань деген шаарда башталган. Кытайда окуган Харпал аттуу студент менен байланышканыбызда ал төмөндөгүлөрдү айтып берди: “Оорунун баары силердин айыңардан чыкты” деп ухандыктарды күнөөлөгөн бир да кытайлыкты көргөнүм жок. Бул жерде жарандар мыйзамга моюн сунуп, так аткарып жатканына суткандым”,-деди.

Уханда миллиондогон элдер бүгүнкүгө дейре изоляцияда. Бирок мындай кырдаалган карабастан, алар бири-биринин маанайларын көтөргөнгө аракеттенишүүдө. Мисалы, социалдык тармактарда тарап жаткан бир видеодо көп кабаттуу үйдүн жашоочулары терезелеринен "Ухань цзяю" деген ураан айтып жатышат. Которгондо “Ухань, күчтөн” дегенди түшүндүрөт. Кытайлыктардын “Weibo” социалдык тармагында колдонуучулар: “Ухань! Бүтүндөй өлкө силерди колдойт. Күчтөнгүлө. Биз бул ооруну жеңебиз”,- деген билдирүүлөрдү калтырышууда.

Кытайда бейтаптар дарыланып, бир катар ооруканалар жабылып, доктурлар өз аймагына да кайта башташты. Учактан түшүрүп, милиция кызматкерлеринин коштоосунда келе жаткан доктурларды эл кол чаап, ыраазычылык сөздөрү менен тосуп алышууда.

Италия Европа өлкөлөрүнөн ичинен коронавирустан эң көп зыян тартты. Карантинде жаткан италиялыктар духун түшүрбөй, бири-бирине позитивдүү маанай тартуулап жатышат. Мисалы, алар балкондоруна чыгып, өзүлөрү жакшы көргөн ырлардан ырдашууда. Бир көчөдө операны, башка көчөлөрдөн кошуналардан турган оркестрди, патриоттук ырларды, футбол гимндерин да угууга болот.

Модельер жана ишкер Джорджо Армани коронвирус менен күрөшүүгө Италиянын ооруканаларына 1,4 млн доллар бөлдү.

Коронавирусту эффективдүү дарылоо ыкмасын иштеп чыгууга Билл Гейтстин фонду менен “Wellcome Trust” медициналык кайрымдуулук уюму 50 млн долларга чейин, “Mastercard Impact” фонду 25 долларга чейин каражат бөлүшүүдө.

“Милан” футболдук клубу болсо коронавирус менен ооруп калгандарга камкордук кылуу үчүн бийлик өкүлдөрүно 250 миң евро бөлүп беришти. “Жакындарыбыздын ден соолугу менен коопсуздугу - биздин негизги приоритет. Милан - бул жөн гана футболдук клуб эмес, бул бири-бирине кам көргөн адамдардын биримдиги”, - деди аталган клубдун генералдык директору Иван Газидис.

Дүйнөдө, ошондой эле, билим берүү, кино, театр, IT-компаниялары карантинге чыккан окуучу, студент, кызматкерлерге акысыз он-лайн курстарын да ачып берип жатышат.

Кыргызстанда да бүгүн “Демилгелүү жаштар борбору” өлкөдөгү абалга байланыштуу 50 жаштан жогорку жарандарга акысыз курьердик кызмат көрсөтүүгө даяр экендиктерин айтышты.

“Коронавирус Кыргызстанга да жетти. Бул дарт улгайып калгандарга, тагыраагы 50 жаштан жогору адамдарга өтө кооптуу экенин билип калдык. Ошондуктан, биздин активисттер азык-түлүк жана дары-дармек үчүн эшикке чыга албай же чыгуудан кооптонуп жаткандарга акысыз түрдө кызмат кылууга даяр (курьердик кызмат)”, - деди бирикменин төрагасы Алмаз уулу Аскар.

Баракелде! Мына ушундай кырдаалда элдеги чыныгы адамгерчилик, ынтымак, тилектештик билиниши керек. Бөлүнүүнүн, күнөө издөөнүн эмес, биригүүнүн, бири-бирин колдоонун учуру экенин унутпайлы.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
29 март 2024г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
13:07
Аср
17:32
Шам
19:28
Куптан
20:43