Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Карантин шартында чет жерде каза тапкан мекендештер кайда көмүлөт?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 20 апрель 2020

Буга чейин биз Россияда каза тапкан мекендештер жана аларды жерге берүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу жазган элек. Азыркы карантин маалында өз ажалынан каза тапкан мигранттардын айрымдары ошол жердеги мусулмандардын көрүстөнүндө жерге берилип жатса, калгандарын туугандары чет жакта көмүүгө уруксат бербей, мекенине алып кетебиз дегендери айтылган.

Москвадагы “Мигрант” кайрымдуулук фондунун мүчөсү Белек Садиров:

“Көптөрүнүн жакындары макул болбой, маркумдун денесин моргдо кармап, чек аралар ачылган соң Кыргызстанга алып кетерин айтышууда. Биз болушунча түшүндүрүү иштерин жүргузүүгө аракет кылып жатабыз”,-деген ал.

“Чек аралар жабылган карантин маалында чет жерде каза тапкан мекендештерди кантип жерге берүү керек?”,- деген суроого диний аалымдар Кадыр ажы Маликов менен Чубак ажы Жалилов жооп беришти.

Кадыр ажы Маликов:

“Маркумдун денесине болгон мамиледе шариатта катуу тартип бар. Тирүү адамдын өз укуктары болгондой эле, өлгөн адамдын да укуктары болот. Маркум денесинин өз учурунда жерге берилүүсүнө укуктуу. Азыркы карантин шартында дененин жерге берилүүсүнө уруксат бербей, аны моргдо кармап туруу менен маркумун жакындары өз башына чоң күнөө үйүп жатышат. Анткени алар денени да, рухту да кыйнашууда. Шариат боюнча адам кайсы жерде кайтыш болсо, ошол жерде көмүлөт. Денени олуттуу себептер менен гана кармоого уруксат берилет. Мисалы, адамдын эмне себептен кайтыш болгонун аныктоо; Эгер киши өлтүрүү болсо, күнөөлүүнү аныктаганга чейин.

Ал эми адамды туулган жеринде гана жерге беребиз деп маркумдун денесин бир топ убакытка моргдо кармап туруу туура эмес. Эгер жакындары ал адамды чындап эле жакшы көрүшкөн болсо, анын жерге берилишин тездетиши керек”, - деди Кадыр ажы Маликов.

Диний аалым Чубак ажы Жалилов Москвада каза болгондордун жакындарына кайрылып, маркумдун денесин моргдо сактап, аларды кыйнабоого чакырды. Анын кайрылуусу “Насаат Медиа” ютуб каналында жарыяланган.

“Орусиянын мыйзамы боюнча моргдордо 7 күн гана сактайт экен. Эгерде бир айдан кийин алып кетебиз десе, анда аларды өрттөп, күлүн банкага салып, тапшырып берет экен. Ошондуктан, урматтуу бир туугандар, “мен Пайгамбарыбыздын сүннөтүн карманам, мен мусулманмын” деген адамдар шариаттын өкүмүнө моюн суналы дагы, Москва жергесиндеги мусулмандардын мазарына алып барып коюга уруксат берели.

Маркумду ары-бери көтөрүп жүргөн туура эмес. Географиялык карта жердин үстүндө гана, жердин асты баарына бирдей. Кайсы жерде көмүлбөйлү, Кудай Таалам баарын көрүп-билип турат. Жердин баары Кудайга таандык. Эгер маркумду алып кетем деп ошол жерде кыйнап кое турган болсок, маркум жыттанып, эти бузулуп кеткенге чейин жетсе жаназа буйрубай калат.

Ата-Мекенге алып келүү сөзсүз шарт эмес. Эгер чек аралар жабылбай турган убак болсо бир жөн эле.

“Маркум өз жеринде көмүлбөй чет өлкөдө, талаада калыптыр” деген сөз болбош керек. Кимде-ким ушинтип айта турган болсо динибизге, шариатыбызга каршы сүйлөгөн болот. Маркумдарды урматтабаган болуп эсептелет. Маркумду көпкө чейин сактаганга болбойт, тезирээк ээсине берүү шарт болуп эсептелет.

“Кап, аттиң ай, өзүнүн жерине коюлбай калды”, -деп кейибеңиздер. Өзүнүн жерине коюлса эле бейишке кирип кетет деген сөз жок. Жердин баары Кудайдыкы. Жолго кетчү чыгымдардын баарын садака кылып, жетим-жесирлерге берсек, өтүп кеткен маркумга көбүрөөк сообу тиет”,- дейт Чубак ажы Жалилов.

Белгилесек, коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө өзгөчө абалдар киргизилип, чек аралар жабылган.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
13 август 2020г.
Багымдат
4:17
Күндүн чыгуу
6:06
Бешим
13:06
Аср
18:03
Шам
20:11
Куптан
21:36
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов