Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Карантинди бузуп, таравих намазын мечитте окуйбуз дегендер күнөөкөр болушат"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 30 апрель 2020

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы бардык мечиттер жабык, массалык чогулууларга болсо тыюу салынган. Андыктан, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бардык мусулмандарды карантин эрежелерин сактоого, таравих намазын үйдө окууга чакырат.

null

Бул абалды кененирээк Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр ажы Маликов түшүндүрдү:

"Кыргызстандагы айрым айылдарда адамдар таравих намазын мечиттерде окугулары келип жатышканы туурасында билдирүүлөр түшүүдө.

Жакында эле Аалымдар кеңешинин жыйыны болуп, анда мечиттерде таравих намазын жана башка намаздарды окууга тыюу салуу боюнча маселе көтөрүлгөн.

Таравих намаздарын окуу, ооз ачууну ар бир адам өз үйүндө гана өткөрүшү абзел. Анткени карантин бүтө элек.

Карантин аяктаган күндө деле биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечимине карайбыз. Анткени өлкөдөгү абал жакшы эмес, каалаган убакта коронавирустун күчөшү кайталанышы мүмкүн. Бул нерсенин баары зыяндан качуу жана коомубуздун коопсуздугу үчүн максималдуу шарттарды түзүү максаты менен аткарылып жатат.

Шариаттын ушул эрежелерине карап, Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан таравих намаздары үйдө окулсун деген чечимди баардык аалымдар бир ооздон колдошкон. Бул эрежелерге карабастан Аалымдар кеңешинин жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын токтомун бузуп, мечитте топ болуп намаз окугандар күнөөкөр деп эсептелинет".

Эскерте кетсек, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да коронавирус илдети курч бойдон калууда. 25-апрелге карата ооруну жуктургандардын жалпы саны 665ке жетти. Каза болгондор- 8. Андыктан, мындай кырдаалда өзүн-өзү изоляциялоо, массалык иш-чараларга жол бербөө өтө маанилүү.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
13 август 2020г.
Багымдат
4:17
Күндүн чыгуу
6:06
Бешим
13:06
Аср
18:03
Шам
20:11
Куптан
21:36
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов