Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ассоль Молдокматованын жардамы менен Чеченстандагы үй-бүлө атасын Бишкектеги карылар үйүнөн тапты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 20 июнь 2020

Чечен Республикасындагы Ахмат–ажы Кадыров атындагы коомдук фонд Бишкектеги карылар үйүнө 30 миң доллар өлчөмүндөгү каражатты которду. Бул тууралуу “Спутник” сайты “Грозный-информ” агенттигине шилтеме берүү менен жазат.

Мындай күтүүсүз чоң кайрымдуулуктун башы өтө кызыктуу жана көзгө жаш алдырган окуядан башталды.

null

Ассоль Молдокматова мындан 10 күн мурун Бишкектеги карылар үйүнөн атайын видео-материал жасап, аны өзүнүн баракчасында бөлүшкөн.

Карылар үйүндөгү чеченстандык 81 жаштагы Данга аттуу карыя Ассоль айымга маек берип жатып, бул жерде 10 жылдан бери жашарын, Кыргызстанда анын жакындары, туугандары жок экенидигин айткан.

“Бизге кичинекей бир муздаткыч болсо жакшы болмок. Жөнөкөй нанга сүйкөп жеген майды сактай албай жатабыз”,
- деген эле ал карыя.

Бул видеосуна Ассоль Молдокматова:

“Мен көп жылдан бери кайрымдуулук менен алектенип, карылар же балдар үйүндө ташталган чечен же корейлерди көргөн эмесмин. Анткени алар өзүлөрүнүкүн эч качан жалгыз таштабайт. Чеченстандык бул карыя – мен үчүн алгачкы учур. Данга ата мекенине кайтууну кыялданат. Эгер бул маалымат Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровго жетсе, балким, Данга атанын кыялы орундалаттыр. Рамзан Кадыровдун баракчасын ушул постко белгилеңиздер”,
- деп жазган.

Бул видео жарыялангандын эртеси күнү эле Рамзан Кадыровдун жардамчысы Ассоль Молдокматова менен байланышып, Данга атанын туугандары, жубайы жана балдары бар экенин, алар атасын көп жылдан бери издеп жүрүшкөнүн айтып, жакынкы күндөрү карыяны мекенине алып кетерин билдиришкен. Ошентип, Рамзан Кадыровдун буйругу менен карыя атайын жиберилген учак менен мекенине алынып келди. Аны Ассоль Молдокматова өзү коштоп барды.

Кичинекей эле муздаткычка жана көзгө тамызган даарыга муктаж болгон Данга атаны 500гө чукул тууганы, 1 уул , 2 небере, 3 чөбөрөсү жана көптөгөн журналисттер чоң шаң менен тосуп алышты.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров болсо Ассоль Молдокматовага терең ыраазычылыгын билдирди.

“Биз бул тууралуу билгенде, атаны эбак эле алып кетмекпиз. Жалпы чечен эли бул окуяга уялып жатат. Бир чечен карыянын каралбай, карылар үйүндө жашаганына уялып, жагымсыз сезимде болуп жатабыз. Бирок сиздин жардамыңыз менен биз карыяны үй-бүлөсү менен бириктиребиз”,
- деп айткан Рамзан Кадыров Ассоль айым менен болгон телефондук сүйлөшүүдө.

Бул окуядан соң чеченстандык фонд Данга ата акыркы 10 жылын өткөргөн Бишкектеги карылар үйүнө жардам катары 30 миң доллар которуп, кыргыз элине дагы бир ирет ыраазычылыгын билдиришти.

Кошумчаласак, Данга карыя Кыргызстанга 1944-жылы кавказ элдеринин депортациясы учурунда келип калган. Бул окуя карыяны үй-бүлөсү менен ажыраткан. Ошондон бери Данга аксакал жакындарынын тирүү же тирүү эмес экенин билбей, Бишкектеги карылар үйүндө күн кечирип келген.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Жаӊылыктар
Намаз убактылары
30 октябрь 2020г.
Багымдат
5:58
Күндүн чыгуу
7:34
Бешим
12:45
Аср
16:15
Шам
18:01
Куптан
19:33