Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бишкекте мусулман кыздарга арналган “NISA” сулуулук борбору ачылды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 16 сентябрь 2020

Бишкекте ислам дининин тартиптерине туура келген "Ниса" аталышындагы сулуулук борбору ачылды. Бул жерден кыз-келиндер өз келбетине кам көрүп, саламаттыгын чыңдап, жан дүйнөлөрүн эс алдырып кете алышат.

“Ниса” борбору кыз-келиндерге косметология, макияж, маникюр, педикюр, укалоонун (массаж) түрлөрүн, хижама кызматтарын сунуштайт. Мындан тышкары, аялдарга жана жаш балдарга ылайыктуу кийимдер, жоолуктун түрлөрү, ден соолукту чыңдоочу витаминдер, дары чөптөр, ислам адабияты, Куран китебинин түрлөрүн, жайнамаз жана аксессуарларды табууга болот.

null

Аталган борбордун негиздөөчүлөрүнүн бири Махабат айым бул жер аялзатына кубаныч тартууласа деген ниет менен ачылганын айтты.

“Айымдар өзүлөрүнүн сулуулугуна керектүү бардык нерсени ар кайсы жерден издеп убара болбой, бир жерден таап алса деген оюбуз бар болчу. Андыктан, боеп-жасалгалоо кызматтары, кийим-кечелерди, ички жан дүйнөсүн да кооздой турган ыйман китептерин бир жерге чогулттук. Эже-сиңдилерибизге жагат деген үмүттөбүз. Мындан тышкары, жоолук салынгысы келип, бирок кандай кийим тандоону билбей кыйналып жүргөндөр бар. Биз аларга жарашыктуу жана тыкан образды тандоого жардамдашабыз”,
- деген пикирин билдирди Махабат айым.

null

Баса белгилесек, аталган борбордо колдонулуучу сулуулук каражаттары “адал” талабына туура келет. Бул тууралуу бизге кененирээк борбордун негиздөөчүлөрүнүн бири Асел Аматова баяндады:

“Ар бир эле кыз татынакай болгусу келет эмеспи. Учурда кирпик өстүрүү, тырмак коштуруу, маникюр жасатуу сыяктуу сулуулук кызматтары абдан популярдуу. Биз булардын баарына альтернатива боло турган, ошол эле учурда шариаттын талаптарына да туура келген кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагыбыз келди. Мен жеке өзүм бул жаатта изденип баштадым. Мисалы, даарат өтө турган чач, тырмак боечу каражаттар бар. Аларды Кыргызстанга алып келсек болот. Азыр тиешелүү компаниялар менен бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өзүңүздөр билгендей, көпчүлүк учурда жоолук салынган кыздар сулуулук салонуна барганда кыйналышат. Эң жөнөкөй мисал- чач-тарач. Себеби ал жерде эркек кишилер да жүрүшөт. Колдонгон косметикалардын "адал" экенин да так биле алышпайт. Ошондуктан, биз бул сулуулук борборун мусулман кыздарына ыңгайлуу болуусу үчүн ачтык. Айрымдары, “Намаз окугандар да боенсо болобу? Бул туура эмес да”,- деп сөз кылышы мүмкүн. Албетте, чоочун эркектердин көзүнө жасанууга болбойт. Бирок өзүңдүн жубайың үчүн эмнеге болбосун? Аялзаты жубайына өзүн сулуулап, үйдө анын алдында эң кооз көйнөктөрүн кийип жүрсө бул алардын сүйүүсүн арттырып, мамилелерин бекемдейт. Мындан тышкары, ар бир аялзаты өзүнүн денесине, бет терисине кам көрүп турушу керек. Бул үчүн биз эже-сиңдилерибизге косметология, хижама жана укалоо (массаж) кызматтарын сунуштайбыз”,-
деди Асел айым.

null

Сулуулук борборунун негиздөөчүлөрү бул жердин кандайдыр бир деңгээлде үй-бүлө мамилелерин бекемдөөгө салым кошсо деген ниеттери бар.

Асел Аматова:

“Аялзатынын жакшы маанайына өзүнүн сырткы келбети да таасир этсе, ал эми анын жакшы маанайы бүт үй-бүлөсүнө чагылып турат. Эркектер да жубайларын тыкан, жагымдуу жана бактылуу көргүлөрү келишет. Биз эже-сиңдилерибизге өзүнүн “мыкты версиясын” тапканга көмөкчү болууну каалайбыз. Бул ишти баштоодо жолдошум мага чоң колдоосун көрсөтүп, ар тараптан жардам берди. Андыктан, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ага терең ыраазычылыгымды билдиргим келет”,
- деди.

“Ниса” сулуулук борбору Тыналиева 2/22 дареги боюнча жайгашкан. Байланыш телефону – 0703 78 78 56

1 / 8



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
20 октябрь 2020г.
Багымдат
5:47
Күндүн чыгуу
7:21
Бешим
12:46
Аср
16:28
Шам
18:15
Куптан
19:47