Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр ажы Маликов: Бөлүнбөңүздөр! Улуттук жана регионалдык белгилер боюнча бөлүнбөңүздөр!

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 6 октябрь 2020

Кыргызстан мусулмандар муфтийинин орун басары Кадыр ажы Маликов учурдагы болуп жаткан окуяга байланыштуу жалпы элге, жаштарга жана саясий күчтөргө кайрылуу жасады.

null

Текст өзгөртүүсүз берилет.

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен!

Урматтуу Кыргызстандын жарандары! Кымбаттуу бир туугандар!

Мен сиздерге Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын атынан кайрылып жатам. Биз азыр чоң сыноолордун астында турабыз. Ар бирибиздин позициябыздан өлкөбүздүн келечеги көз каранды. Мен сиздерге Аллахтын аты менен кайрыламын. Бөлүнбөңүздөр! Улуттук жана регионалдык белгилер боюнча бөлүнбөңүздөр!

Биз чоң сыноонун астында, башаламандык, жарандык бөлүнүп – жарылуунун коркунучунда турабыз. Биз буларга жол бербөөбүз абзел. Биримдикте болуубуз керек. Кыргызстандын биримдиктүү эли бололу. Куранда Аллах Таала: “Чындыгында, ыйман келтирген мусулмандар – бир тууган. Бири-бириңерди элдештиргиле”,- деген.

Мен ар бириңиздерге кайрылгым келет! Тынчтыкты сактап, сабырдуу болгула! Анткени, баарыбыз билебиз, башаламандык учурунда түрдүү күчтөр, бөлүнүүнү, дестабилизацияны күчөткөн түрдүү элементтер пайда болот. Анткени бул нерсе - геополитикалык фактор.

Куранда Аллах Таала минтип айтат:

“Баарыңар Аллахтын жибин (гана) карманып, бөлүнүп-жарылбагыла!”

Дал ушул учурда бизди жасалма жол менен манипуляциялап, көп улуттуу Кыргызстаныбызды ар кандай өзгөчөлүктөр боюнча: регионалдык, этникалык, диний жана башка белгилер боюнча бөлүп-жарууга болгон коркунуч бар. Ар бирибиз бүгүн Кыргызстандын келечеги үчүн жоопкербиз. Биз өзүбүздүн эмоциябызды четке чыгарышыбыз керек.

Бул кризистик абалдан чыгуу жолу бир гана: саясий күчтөр ортосунда кризистен чыгуу жолун издөө. Элге коопсуздук камсыздалышы абзел.

Мен бардык тараптарга, саясий күчтөргө кайрылам. Сиздердин негизги милдетиңиздер – Кыргызстанда коопсуздук менен стабилдүүлүктү сактап калуу. Ар бир жарандын коопсуздугу- сиздердин абийириңиздерде.

Урматуу Кыргызстандын жарандары. Мен саясий кыймылдарга жана партияларга кайрылам. Өзүңүздөрдүн катарда жүргөн, түрдүү белгилер боюнча бөлүнүүгө чакырып жаткан адамдарды жеринде токтоткула. Провокатор менен провокацияларды жеринде баскыла. Сөзүңүздөрдү жана кыймыл-аракетиңиздерди таразалагыла жана сергектик менен чечимдерди чыгаргыла.

Чындыгында, сиздерден өлкөнүн келечеги, коопсуздугу жана бүтүндүгү көз каранды.

Урматтуу Кыргызстандын жарандары, кымбаттуу бир туугандар! Азыр биз оор сыноодон өтүп жатабыз. Ар бирибиздин позициябыздан, бири-бирибизге жасаган мамилебизден өлкөбүздүн келечеги, стабилдүүлүгү көз каранды болуп турат. Биз жарандык тирешүү жана согуш менен бөлүнүп кеткен өлкөлөрдүн тагдырын унутпашыбыз керек.

Өлкөбүздүн бөлүнүшүнө жол бербейли. Аллахтан жерибизде тынчтыкты сактап калууга жардам сурайбыз! Аминь!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:26
Күндүн чыгуу
08:07
Бешим
12:49
Аср
15:49
Шам
17:36
Куптан
18:51
Жаӊылыктар