Жылда октябрдын аяк ченине чукул социалдык тармактардан адамдын көзүнө өтө өөн учураган сүрөттөрдү учуратууга болот. Көздөрүн кан соргучтардыкы (вампир) сымал, ооздорунан кан шорголоп агып жаткан, беттеринде толгон тиликтери бар адамдардын миң түркүн сүрөтүн көрүүгө мүмкүн. Буларды көрүп, төбө чачың тик туруп, эң эле коркунучтуу тасмалардагы каармандар экрандын бери жагына чыгып келгендей сезилет. Эмне үчүн адамдар кебетелерин мындай акылга сыйбас түргө айландарып, кандай максатты көздөп жатканына кызыгасың. Көрсө, алар хэллоуин деген “майрамды” белгилеп жаткан болушат.
Мындан бир нече жыл мурун кыргызстандыктар хэллоуин эмне экенин билишпесе, азыр аны активдүү белгилеген жаштар, айрым учурда орто курактагы адамдардын тобу да пайда болду.
Алар октябрдын акыркы күндөрүндө коркунучтуу кинолордогу тирилип келген өлүктүн кейпиндей кылып гримм жасашып, чогулуп майрамдашат, сүрөткө түшүп, социалдык тармактарга жүктөшөт.
Интернетке чыккан жарыялардан, айрыкча, англис тили курстары бул күнгө өзгөчө көңүл буруп, майрам уюштурганын байкоого болот. Алар эң мыкты костюм кийип келгендерге тил үйрөнүү курсунда 3 айлык акысыз окуу сыяктуу сертификаттарды беришет экен...
"Биз балдарыбызды шалаакылыктан улам псевдо идеяларга алдырып жибердик"
Хэллоуинди белгилөө бала бакчаларга чейин кирип кеткени биздин улуттук, диний, деги эле жалпы адамзаттык баалуулуктарга чоң коркунуч келтирерин муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов баса белгиледи.
Бүгүн бул нерсе белгилүү адамдар тарабынан тамаша, мода катары кабыл алынып жатат. Бирок мунун аркасында чоң идеология турарын айткым келет. Тагыраагы, “жакшы” менен “жамандын” ортосундагы чек аралар жоюула баштаганда, оюн, шоу, образдар аркылуу баалуулуктардын алмашуу процесси жүрөт. Адамдар аморалдуу болуп, алар үчүн “жакшы”, “жаман” деген түшүнүктөр жашабай калат. Бүгүнкү күндө максаттуу түрдө салттуу баалулуктар жана руханий тарбиянын талкаланып жатышы өтө өкүнүчтүү. Кыргызстанда, тилекке каршы, көптөгон бала бакчаларда Хэллоуин белгиленет. Азыр биз бүтүндөй муунду жоготуп жатканыбызга күбө болуп жатабыз. Биз балдарыбызды шалаакылыктан улам псевдо идеяларга алдырып жибердик”,
Сырттан келген маданиятты анализге салбастан, оюн-зоок иретинде колдонгон адамдар арбын экени, чынында, талашсыз.
“Бул майрам сырткы атрибуттары менен коркунучтуу жана адамдын дүйнөнү кабыл алуусуна терс таасирин тийгизет"
Психолог Медина Скакова хэллоуин сыяктуу “майрам” адамдын психологиялык жана эмоционалдык саламаттыгына терс таасирин тийгизерин баса белгилейт.
Ошондой эле, этнопсихологиянын түшүнүгү менен айта турган болсок, эгер биз сырттан келген маданиятты анын тарыхын изилдебей эле көңүл ачуу максатында колдоно берсек, бара-бара улуттук иденттүүлүгүбүздү да жоготуп алышыбыз ыктымал. Мисалы, 3 муун катары менен ушинтип көңүл ачуу иретинде хэллоуин сыяктуу “майрамдарды” белгилесе, андан кийинки муунда: “Хэллоуин – бул кыргыздардын майрамы. Биздин ата-энебиз да майрамдашчу”,- деген пикир калыптанып калат”,
Хэллоуин эмне болгон “майрам”?
Жыл сайын 31-октябрда белгиленген бул майрам Америка Кошмо Штаттарында жана Канадада кеңири тараган. Бирок Хэллоуинге байланыштуу каада-салттар дүйнөнүн чар тарабына жайылган. Айрым жерлерде, аты эле башка болгону болбосо, рухтардын дүйнөсү менен, анын ичинде арбактар, сыйкырчы аялдар, жез кемпирлер, ал тургай жин-шайтандар менен байланышкан ушу сыяктуу майрамдар белгиленет. Мындай майрамдар ар кандай кудайларга жана ата-бабаларына сыйынган байыркы элдердин ишенген ишенимдеринен улам келип чыккан. Хэллоуин негизинен америкалыктардын майрамы деп саналса да, аны белгилегендердин саны жыл өткөн сайын өсүүдө. Бирок, алар Хэллоуинде колдонулган, көпчүлүгү сыйкырдуу күчтөр менен байланышы бар символдордун, жасалгалардын, каада-салттардын, ар кайсы кудайларга сыйынган байыркы элдердин ишениминен улам келип чыкканын билишпейт.