Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Стамбулдагы Дүйнөлүк халал саммитке катышкан Адина “Адал” тармагындагы акыркы жаңылыктар менен бөлүштү

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 25 декабрь 2020

Түркиянын Стамбул шаарында 21-22-23- декабрь күндөрү 20 дан ашык өлкөнүн катышуусу менен Дүйнөлүк халал саммит өттү. Бул иш-чарага Кыргызстандан адал тармагында билим алган Адина Байсылдаева да катышты.

null

Адина учурда Стамбул шаарында жашагандыктан аталган иш-чара тууралуу угуп калып, катышуу өтүнүчү менен иш-чаранын расмий сайтынан каттоодон өткөн.

“Бул дүйнөлүк саммитке адал тармагында иш алып баргандар гана катыша алышат экен. Мен теология факультетинде билим алып, магистратурадагы окуумда адал тармагын тандаганым үчүн саммитке катышуума уруксат берилди”,
- деди Адина.

Саммитте биринчи дүйнөлүк виртуалдык “Халал Экспонун” ачылышы чоң жана жагымдуу жаңылык болду. Бул виртуалдык дүйнөдө эми дүйнө жүзүндөгү мусулман өндүрүүчүлөр өз ара тыгыз кызматташып, адал тармагын жаңы деңгээлге чыгарып, өнүктүрүүдө иш алып барышат.

null

Адинанын айтымында, ал 3 күнгө созулган саммитте өтө көп, жаңы маалыматтарды ала алды.

“Чынында, адал дегенде көбүнчө оюбузга дин жаатындагы адамдардын фатвалары келет. Бирок адал тармагы муну менен эле чектелип калбайт. Адал стандарттарын түзүп, сертификат берип жаткан борборлордо диний жааттан гана эмес, тамак-аш инженериясы жана микробиология сыяктуу бир катар сфераларда кесипкөй экперттер болушу керек. Бул саммитте мына ушундай түрдүү жааттагы адамдар өз маалыматтары менен бөлүшүштү”,
- деди Адина.

null

Мекендешибиз иш-чарада айтылган эң маанилүү маалыматтарды “Умма” журналына айтып берди:

1- Бүгүнкү күндө көпчүлүк мусулман өлкөлөрдө “SMIIC” уюмунун адал стандарттары колдонулат. Анткени “SMIIC” уюмуна 113 мамлекет кирип, анын адал стандарттары эл аралык деңгээлде таанылат.

2- Пакистандагы “Sanha” сертификатташтыруу уюмунун жетекчиси азыркы учурда “Халал” деген документи бар продуктыларда да арам компоненттердин чыкканын айтты. Ал баарын азык-түлүк сатып алып жатканда “халал” жазуусу бар продуктылардын да курамын дыкаттык менен текшерүүгө чакырды.

3- Испаниянын Халал институтунун өкүлү азыркы учурда Европанын айрым өлкөлөрүндө анти-халал үгүттөөлөрү жүрүп жатканын, кээ бир мамлекеттерде адал тамактарга тыюу салынганын айтып, бул боюнча абал курч экенин билдирген.

4- Дүйнөлүк практикада спорттук тамак-ашта 1 гана фирманын толук кандуу адал экени (дүйнөлүк стандарттарга жооп берери) айтылды. Андыктан, спорттук тамактанууда этият болуу зарыл.

5- Профессорлор, бүгүнкү күндө “Е” коддор (адал эмес тамак-аштар) элдердин ооруп калуусуна чоң таасир тийгизип жатканын белгилешти.

6- Азыркы учурда дары дармектердин дээрлик 90% адал эмес. Бул жаатта адал сертификатташтыруу стандарттары эми түзүлүп башталгандыгы айтылды.

7- Пакистандан Ислам каржылоосу боюнча эксперт азыркы тапта төлөмдөрдүн көбү онлайн форматка өтүп жатканына байланыштуу блокчейн, биткойндар дагы акчанын жаңы түрү катары каралып, адал органдар тарабынан сертификатташтырылышы керектигин айтты.

8- Медицина тармагындагы эксперттер Ислам динин 100% практикалаган адам салттуу медицинага муктаж эмес экенин белгилешти. “Сүннөт боюнча туура тамактануу, орозо, намаз окуп, ойду топтоо, Куран окуу жана жаттоо көптөгөн дарттарды алдын алат”,- дешет алар.

9- Эң актуалдуу темалардын бири - бардык Ислам өлкөлөрүнө бир адал стандарттарын киргизүү. Ислам мамлекеттеринин биргеликте иштешүүсү жана адал институт өкүлдөрүн мамлекет тарабынан колдоосу каралды.

Кошумчаласак, Дүйнөлүк халал саммит быйыл 6-ирет өткөрүлдү.

null



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 февраль 2021г.
Багымдат
06:07
Күндүн чыгуу
07:42
Бешим
13:14
Аср
17:03
Шам
18:52
Куптан
20:07