Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жоолук күнүнүн демилгечиси Назма Хан Кыргызстандыктарга видео кайрылуу жолдоду

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 5 февраль 2021

Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүнүн демилгечиси болгон Нью -Йорк шаарынын тургуну Назма Хан Кыргызстандыктарга видео-кайрылуу жолдоду.

Эске салсак, 1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнүн белгилөө 2014-жылы Нью -Йорк шаарынын тургуну Назма Хан тарабынан демилгеленген. Окуучулук кезде Назма Хандын классташтары эмне үчүн анын баарынан өзгөчөлөнүп, жоолук салынып жүргөнүн түшүнүшкөн эмес, айрым учурда шылдыңдаганга чейин барышкан. Ошондо ал жоолук анын жашоосунда кандай мааниге ээ экенин, дегеле эмне үчүн мусулман кыздар жоолук салынарын түшүндүрүп бергиси келет. Ошентип, Назма Хан мусулман эмес курбу-курдаштарына 1 күн жоолук салынып көрүүнү сунуштаган. Анын бул ою социалдык тармактар аркылуу жайылып отуруп, алгачкы эле жылы Назма Ханды 67 өлкөнүн кыз-келиндери колдоп чыгышкан. Ал эми 2015-жылы бул акцияны 116 өлкөдөн 10 миллионго жакын катышуучу колдоорун билдирген.

Алгач ирет "UMMA" журналы "Инсандык жардам" фонду менен биргеликте 2016-жылы Жоолук күнүнө карата аялдарга арналган тегерек стол уюштурган.

2019-жылы "Умма" ислам журналынын башкы редактору Элиана-Марьям Сатарова Жоолук күнүнүн Кыргызстандагы расмий элчиси болду.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
17 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:08
Күндүн чыгуу
6:44
Бешим
12:56
Аср
17:18
Шам
19:12
Куптан
20:45
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов