Журналист, коомдук ишмер Амаль Миранова мындан 2 ай мурун Бишкекте “Жоолугум менин сыймыгым аттуу иш-чара өткөргөн. Мындай саамалыкты уюштурууга Амаль айымдын инстаграм баракчасына келген каттар түрткү болгон. Алардын арасында “Аябай жоолук салынгым келет, бирок эрким жетпей жатат. Мусулман эже-сиңдилердин колдоосуна муктажмын. Жоолук салынгым келет, бирок азырынча кийим-кече алууга шартым жок” деген сыяктуу каттар көп эле.
Дал ушундай кыздарга арнап Амаль Миранова атайын иш-чара уюштуруп, алгач 23 кыздын жоолук салынуусуна себепкер болгон. Бул саамалык ушуну менен эле токтоп калган жок. Кыргызстандын ар кайсы аймагынан ислам динин парзын аткарып, жоолук салынып баштоону каалагандар жаза башташты. Ошентип, “Жоолугум – менин сыймыгым” иш-чара эле эмес, региондорду кучагына алган масштабдуу долбоорго айланды.
Аллах Тааланын жолунда кызмат кылууда четте карап отуруп калгандар болгон жок. Бул долбоорду ийгиликтүү алып кетүүдо Амаль айымдын санаалаш, пикирлеш адамдары колдоо көрсөтүштү. Бири көйнөк, жоолук жагынан, башкалары акчалай колдоп турушту. Ошентип, Военно-Антоновкада 25, Нарында 30, Кочкордо 32 кыз исламдагы аялзатына коюлган милдетин аткарып, жоолук салынышты.
“ЖООЛУГУМ-МЕНИН СЫЙМЫГЫМ” 18-мартта эми Балыкчыга сапар алганы турат.