Бишкекте бир күндө 700 кыз өз ыктыяры менен жоолук салынды. Бул саамалык 13-мартта Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн “Жоолугум-өнүгүүмдүн башаты” иш-чарасынын алкагында орун алды.
Аталган иш-чаранын уюштуруучулары жаш жубайлар Адыл менен Сафия жоолук салынгысы келип, бирок кийим алууга каражаты жептегендерге жана моралдык колдоого муктаж болгондорго арнап “Жоолугум - өнүгүүмдүн башаты” аттуу саамалыкты 2020-жылдын соңунан баштап өткөрүп башташкан. Анда алар мындай айымдарга кийим-кече белек кылып, коомдогу үлгүлүү жоолукчан айымдарды чакырып, сөз сүйлөтүп, эми гана жоолук салынайын деп жаткандарга мотивация берген агартуучу программаларды уюштурушкан.
Бул жолку иш-чара 3-ирет болуп, Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтө чоң масштабда өттү. Алгачкы жолкусунда 90, экинчисинде 110 кыз жоолук салынса, эми бул жолкусунда 700 кыз чын жүрөктөрү, өз каалоолору менен исламдын парзын аткарууга кадам ташташты.
Уюштуруучу Адыл мырза мындай деди:
Спорт ордосунда өткөн саамалыкта элдер сахнага жык толду. Анткени бул күнү аалымдардан баяндар, чыгармачыл жаштардан таасирдүү сахналык көрүнүштөр тартууланды. Аялзаты руханий баяндарга өтө суусап турганы билинип турду.
“Жоолугум - өнүгүүмдүн башаты” иш-чарасынын уюштуруучулары жаш жубайлар болгон Адыл менен Сафиянын “Айнур стайл” деп аталган үй-бүлөлүк бизнеси бар. Алар чакан ишкерчилигинен түшкөн каражаттын бир бөлүгүн Жараткандын жолунда иштетүүдөн ырахат алышат.
Кошумчаласак, дал ушуга окшош иш-чара коомдук ишмер, журналист Амаль Миранова тарабынан да өткөрүлүп жүрөт. “Жоолугум – менин сыймыгым” деген аталыштагы иш-чара менен Амаль айым бул жылы Бишкекке гана эмес, региондорго чейин чыгып, Военно-Антоновка, Нарын, Кочкорго чейин барды. Эми алар 18-мартта Балыкчыга сапар алганы турушат.
Жогорудагы өткөрүлүп жаткан иш-чаралардан улам жылдан жылга Кыргызстанда жоолук салынууну каалаган кыздардын саны көбөйүп бара жатканын байкоого болот.