Касиеттүү Рамазан айы дүйнөнүн ар кайсы жеринде ар башка шартта тосулат. Айрым мусулмандардын дасторкону түрдүү азыктарга бай болуп, эң кооз имараттарда ооз ачышса, айрым ооз бекиткендер суу менен ооз ачууга мүмкүнчүлүгү болгону үчүн Аллахка шүгүр айтышат.
1. Сүрөттөр 2019- жылдын орозо айында Мозамбикте Түркиянын “Инсан фонду” уюштурган ифтар учурунда тартылган. Бул өлкөдө Ислам дини 3- дин болуп саналат. Мозамбикте мусулмандардын саны 4 миллиондон ашат, мындайча айтканда, жалпы калктын 17,9% ын түзөт. Калктын 70 %ы кедейчиликте жашайт.
2. Орозо учурунда Сириянын Идлиб аймагында тартылган. Сүрөттөн имам жетим балдарга тамак бөлүштүрүп жатканын көрүүгө болот.
3. Сүрөт Сирияда ооз ачуу учурун чагылдырат. Сүрөттөн бир үй-бүлөнүн урандылардын арасында ифтар кылып жатканы байкалат. Бул өлкөдө калктын 92,8 %ын мусулмандар түзүшөт. Ар бир 10 жарандын жетөөсү кедейчиликте жашашат.
4. Сомали өлкөсүндө тартылган. Тургундар тамак алуу үчүн кезекте турганын байкоого болот. Аталган өлкөдө Ислам- мамлекеттик дин болуп саналат. Сомалиде калктын 70%ы жакырчылыкта жашайт.
5. Орозо учурунда Суданда тартылган. Бул мамлекетте калктын 97%ы- мусулмандар. Жарандардын 46%ы кедейчиликте өмүр сүрүшөт.
6. Сүрөт ифтар учурунда Уганда мамлекетинде тартылган. Угандада мусулмандар жалпы калктын 12,2% ин түзүшөт. Ал эми өлкөнүн 46,5 %ы жакырчылыкта күн көрүшөт.
7. Чад өлкөсүндө “ Шүгүр” гуманитардык жардам көрсөтүү коому тарабынан уюштурулган ифтарда тартылган сүрөт. Чадда мусулмандар калктын 57,8%ын ээлешет. Ал эми жакырчылык 42,3 %ды түзөт.
8. Йемендеги ифтар маалын чагылдырган сүрөт. Жаш балдардын бираз азык менен ооз ачып жатканын көрүүгө болот. Бул өлкөнүн 80%ы ачарчылыктан жабыркап келет.