Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дүйнөдө миллиондогон эл палестиналыктарды колдоп акция, митингдерге чыгышууда

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 18 май 2021

Дүйнө жүзүнүн бир катар өлкөлөрүндө миллиондогон эл Палестинаны колдоп тынчтык акциялары, митингдер, жөө жүрүштөргө чыгып жатышат. Алар Израилдин бүгүнкү иш-аракетине, зордук-зомбулугуна каршы экендигин билдирип чыгышууда.

Эл аралык басылмалардын жазганына караганда, жакынкы күндөрү Түркия, Иран, Ирак, Катар, Бангладеш, АКШ, Улуу Британия, Франция, Испания, Индия, Германия, Бельгия, Дания, Греция, Австралия сыяктуу өлкөлөрдө массалык акция, митинг жана жөө жүрүштөр орун алды.

Бишкекте да Палестина элине тилектештигин билдирип мындан 3 күн мурун “Горький” атындагы эс алуу багында тынчтык митинги өттү. Уюштуруучулар палестиналыктарды колдошорун, Израилдин басып алуучулук саясатына каршы экендигин айтышты.

Белгияда 3000ге чукул адам митингге чыгып, Израилдин палестиналыктарга жасаган зордук-зомбулугун сындады.

Белгиянын борбору Брюсселде 15-майда элдер Израил элчилигинин алдына чогулушуп, Израилдин палестина элине карата зордук-зомбулугуна каршы экендигин билдиришти. Тынчтык акциясы 1 саатка чукул созулду.

Ошондой эле, Брюсселдин чок ортосунда 3000ге чукул адам чогулуп, Израилдин Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги палестиналыктардын үйүн кыйратып, өз жеринен кубалап чыгуусуна каршы экендиктерин айтышты.

%article_title%

Данияда 4000ге чукул киши чогулуп, Палестинанын желегин бийик көтөрүштү.

14-майда Даниянын борбору Копенгагенде 4000 ге чукул киши Палестинада жүрүп жаткан зордук-зомбулукка каршы экендигин билдирүү үчүн Израиль элчилигинин алдына чогулушту. Алар Палестинанын желегин бийик көтөрүшүп, сионисттердин режимине каршы экендигин, палестиналыктарды бошотууну талап кыларын билдирип жатышты.

%article_title%

Түркиянын бир нече шаарларында палестиналыктарга тилектештик билдирген ациялар өтүп жатат.

Анкарада Израиль элчилигинин алдына чогулгандар Иерусалим менен Газа секторунда набыт кеткен палестиналыктардын рухуна арнап, символикалык жаназа уюштурушту. Ошондой эле, акциянын жүрүшүндө демонстранттар Палестинанын желегин көтөрүшүп, “Каршылык көрсөтүүнү уланта бергиле!” деген лозунгдарды айтып жатышты.

%article_title%

Миңдеген мусулмандардын жүрүшү Бангладештин борбору Даккада орун алды.

Демонстранттар колдоруна “Израиль кетсин!”, “Палестинаны куткаргыла!”, “Газадагы геноцидди токтоткула!” деген плакаттарды көтөрүп чыгышты. Буга кошумча, алар элдерди Израиль товарларын сатып албоого үндөдү.

%article_title%

Миңдеген элдер жума күнү Берлинде Палестина элин колдорун билдирип каршылык акциясына чыгышты.

Алар антиизраилдик лозунгдарды колдонушту. “Эркин Палестина”, “Газада киши өлтүрүүнү токтоткула!”деген билдирүүлөрдү айтышты.

%article_title%

Парижде 15-май күнү 5000ге чукул демонстранттар Палестина эли менен бирге экендигин билдирип чыгышты.

Миндеген элдер Лондондун борбордук көчөлөрүндө жөө жүрүш жасап, Израиль элчилигинин алдында чейин келишти. Алар “Эркин Палестина!” деген лозунгду колдонушту.

%article_title%

Ирандын борбору Тегеранда палестиналыктарды колдогон акция орун алды.

Палестинанын элчилигинин алдында өткөн акцияда медресе студенттери жана диний ишмерлер катышты. Демонстранттар Израиль, АКШ жана Улуу Британияны айыптаган лозунгдарды айтып жатышты. Акциянын жүрүшүндө Израилдин желеги өрттөнүп, “Палестиналыктардын каршы туруусун колдойбуз” деп айтышты.

%article_title%

Нью-Йоркто Палестинаны колдогон акциялар өтүүдө.

Митингдин катышуучулары Палестинанын желектерин көтөрүп, Чыгыш Иерусалимде палестиналыктарды үйүнөн чыгарып салууну, оккупацияны, палестиналыктарды өлтүрүүнү токтотууну талап кылып жатышат.

Акцияда, ошондой эле, салттуу еврей костюмдарын кийген бир нече адам да катышууда. “Биз Израилдин бийлиги жасап жаткан иштерге каршыбыз”,- дейт алардын бирөөсү өз атын атагысы келбей.

%article_title%

Эске салсак, Израиль полициясы 7-майда оккупацияланган Чыгыш Иерусалимдеги “Аль-Акса” мечитине кол салган. Ошондон бери Палестинада, Газа тилкесинде чыңалган абал сакталып, Израиль тараптын жардыруусунан улам 200дөн ашуун палестиналык көз жумду. Жума намазы окулуп жаткан кезде израиль полициясы мечиттин аймагына кирип келишип, мусулмандарды кулак тундуруучу гранаталар жана газ бомбалары менен аймактан кубалоого аракеттенишкен.

Израилдин коопсуздук күчтөрү палестиналыктарга үн чыгаруучу граната, резина окторун колдонушкан, ал эми палестиналыктар жооп иретинде таш жана айнек бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

Бүгүнкү күндө мусулмандардын ыйык жери тепсендиде калып, Иерусалим кош стандарттардын, адилетсиздик жана зулумдун символу болуп калды.

1-дүйнөлүк согуштан бери чечилбей, чоң кагылышуулар, кан төгүүлөргө себеп болгон Иерусалим маселеси бүгүнкүгө дейре дүйнө коомчулугунун көзөмөлүндө болуп, ага байланыштуу бир беткей чечим чыгарыла элек.

Тарыхый жактан алганда Иерусалим (Аль-Кудс) - үч диндин борбору. Ар бир мусулман үчүн Мекке жана Мединадан кийинки аль-Акса мечити менен Иерусалим 3- ыйык жер саналат. Бүгүнкү күндө Иерусалим (аль-Кудс) жалпы мусулмандардын ачык жарасы жана кайгысы боюнча калууда.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43