Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Фотобаян: Кыргызстанда аль-Кудс үчүн кандай иш-чаралар уюштурулган?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 21 май 2021

Кыргызстандыктар да дүйнө жүзүндөгү жалпы мусулман бир туугандар менен биргеликте Палестинадагы адилетсиз кырдаалга кайдыгер карабастан түрдүү тынчтык митинги, каршылык акциялары, тегерек столдорду уюштуруп келет.

%article_title%

Биз фотоархивден 2014-жылдан берки тегерек стол жана тынчтык митингдеринде камерага түшкөн сүрөттөрдү таба алдык.

%article_title%
2014-жылы палестиналыктарга тилектештик билдирүү жана мусулмандардын биримдигине арналган жыйын

Кыргызстан мусулмандарына Палестинадагы болуп жаткан окуяларды жеткирүүдө активдүү мусулман коому 10 жылга чукул убакыттан бери аракет көрүшүүдө.

%article_title%
2014-жылы Мамлекеттик тарых музейинин алдында өткөн тынчтык митинги

Уюштурулган иш-чаралардын айрымдарына токтолсок, дин аалымы, профессор Кадыр ажы Маликовдун “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору “Умма” ислам журналы менен биргеликте 2015-жылы тынчтык митингине чыгышкан. Анда дүйнөдө болуп жаткан адилетсиздикке кайдыгер карабаган прогрессивдүү мусулман жаштары Палестина эли менен бирге экендигин, Газадагы геноцидди токтотууну талап кылышарын айтып, дүйнө коомчулугуна өз үнүн ушундай жол менен жеткирүүгө аракеттенишкен.

%article_title%
2015-жыл: Палестинадагы адилетсиз кырдаалга кайдыгер карабаган мусулман жаштары тынчтык митингинде

Жыл сайын Рамазан айынынын акыркы жума күнүндө Кадыр Маликовдун “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору “Иерусалим- мусулман дүйнөсүнүн кайгысы” аталышындагы тегерек стол уюштуруп келет. Бул салтка айланган иш-чара болуп калды. Ага дин аалымдары, укук коргоочулар, элчиликтерден өкүлдөр, саясат, маданият жана коомдук ишмерлер, тарыхчылар, эл аралык мамилелер жаатындагы адистер, журналисттер, окутуучулар, студенттер жана маселеге кайдыгер карабаган катардагы мекендештер, түрдүү улуттун, конфессиянын өкүлдөрү да катышышат.Ошондой эле, чет өлкөдөн атайын чакырылган коноктор да келип, Палестина маселесине байланыштуу таасирдүү сөздөрүн айтышат.

null
2016-жыл: аль-Кудс шаарынын Исламдагы бийик ордун коомчулукка жеткирүүгө арналган конференция. Мусулман жаштары мыкты докладдар менен чыгышкан

Маселен, 2017-жылы уюштурулган тегерек столго түркиялык тарыхчы, коомдук ишмер жана жазуучу Өзер Реваноглу катышып, Иерусалимдин динибиздеги орду бийик экендигин таасирдүү бир окуя менен баяндап берген.

%article_title%
Иерусалимди Израилдин борбору катары таанууга каршы чыккан Кыргызстан мусулмандары тынчтык митингинде

“Кимде-ким өзүн мусулман деп эсептеп, бирок Иерусалимге жүрөгү сыздабаса анда ал ыйманынан күмөн санасын”,
- деп айткан анын сөздөрү бүгүнкү күнгө чейин кулагыбызда жаңырып турат.

Бул тегерек столдордун жыйынтыгында жалпы добуш менен резолюция кабыл алынып, ага ылайык кийинки жасалчу кадамдардын планы түзүлөт. Резолюциянын негизги пункттары катары Аль-Кудс, Палестина, “Аль-Акса” мечити тууралуу мыкты кыскаметраждуу тасма, мыкты илимий макала, жума хутбаларына Кудс жана “Аль-Акса” мечити тууралуу баяндарды киргизүү сунуштарын айтсак болот.

Аталган иш-аракеттердин баары Кыргызстан мусулмандарына Ыйык шаар саналган Аль-Кудстун жана андагы “Аль-Акча” мечитинин бийик ордун, маанисин түшүндүрүү максатын көздөйт.

%article_title%
2017-жыл: Иерусалим - мусулан дүйнөсүнүн кайнысы" аттуу тегерек стол. Уюштуруучу: дин аалымы Кадыр Маликов

Ушул эле жылы тегерек столду улай Горький атындагы эс алуу багында Кыргызстан мусулмандары Палестина элин колдорун билидирип тынчтык митингине да чыгышкан.

Акциянын катышуучулары “Палестина- биздин жүрөгүбүздө”, “Мыйзам баарына бирдей болушу керек”, “Палестинага эркиндик”, “Биз Палестинаны жакшы көрөбүз” деген лозунгдарды жаңыртышып, катышуучулар өзүлөрүнүн жүрөгү, сөзү жана иш-аракети менен палестиналыктарга күйүп жатканын, жер жүзүндө мындай адилетсиздик орун алып жаткан чакта мусулмандардын жүрөгүндө тынчтык болборун бир добуш менен билдиришкен.

null
2019-жыл: Кадыр Маликовдун аналитикалык борбору жыл сайын ар Рамазан айынын акыркы жума күнүндө Иерусалимге арналган илимий иш-чараларды уюштуруп келет

2020 жана 2021-жылы пандемия шарттарына байланыштуу Кадыр Маликовдун “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбору “Палестина- мусулман дүйнөсүнүн кайгысы” аттуу эл аралык онлайн-конференция уюштурду. Ага Германия, Россия, Казахстан жана Кыргызстандын диний, саясий жана коомдук ишмерлери, эксперттер жана журналисттер катышты.

null
2020 жана 2021-жылы пандемия шартына байланыштуу "Иерусалим- мусулман дүйнөсүнүн кайгысы" аттуу конференция онлайн форматта өттү

Анда салтка айлангандай эле Ыйык шаар аль-Кудстун (Иерусалим) жана андагы “Аль- Акса” мечитинин орду жана ролу, дүйнөлүк Ислам үммөтү үчүн Палестинанын диний өңүттөн алгандагы мааниси, аны менен байланышкан эсхатологиялык ачылыштар, ошондой эле, Палестинаны басып алуу тарыхы, эл аралык мамиледе колдонулган кош стандарттуулук саясаты сыяктуу маанилүү маселелер көтөрүлдү.

%article_title%
2021-жыл: "Палестина жалгыз эмес!" Бишкекте активдүү мусулман коомчулугу Израилдин адилетсиз саясатына каршы тынчтык митингине чыгышты

Бул жылы Горький атындагы эс алуу багында активдүү мусулман жамаатынын уюштуруусунда Палестинаны колдогон тынчтык акциясы да өткөнүн баса белгилейбиз.

Палестинада болуп жаткан окуялардан Кыргызстан мусулмандарын жакшыраак кабардар кылуу үчүн дин аалымы Кадыр ажы Маликов имамдар мусулмандарга "Аль Акса" мечитинин макамы жана Кудстун (Иерусалим) Ислам дининде маанилүү орунду ээлерин айтып, түшүндүрүшү зарыл деп эсептейт.

"Тилекке каршы, Кыргызстан мусулмандары, балким, дүйнөлүк саясаттагы процесстерди билбестиктен улам жана Куран менен Сүннөттөгү, Ислам тарыхындагы "Аль-Кудстун" ролун жакшы түшүнбөгөндүктөн Ыйык Жердин (Палестина), Исламда Ыйык саналган "Аль-Акса" мечитинин келечегине кайдыгер карап жаткан болушу мүмкүн. Ал арада "Аль-Кудс" (Иерусалим) жана "Аль-Акса" мечитинин маселеси жалпы Ислам үммөтүнө эң маанилүү көйгөй болуп, Исламда Мекке менен Мединадан кийинки 3-Ыйык жер саналган бул жайды дүйнөлүк сионизмден, ошондой эле, жалпы адамзатты Дажжалдын (Антихрист) белгисиндеги адилетсиз дүйнөлүк эрежеден коргоо- Ислам динин кармангандардын жалпы иши болуп саналат. Биринчи кезектеги көйгөй- "Аль-Акса" мечитине биздин берилгендигибиз жана сүйүүбүздү, түшүнүгүбүздү ача турган Куран аяттарына жана бир катар хадистерге жакшы көңүл бурбаганыбыз болууда. Бул нерсе бүгүнкү заманбап дүйнөдө болуп жаткан окуялардын маанисин Куран жана пайгамбарыбыздын сүннөтүнүн призмасы аркылуу ачып берүүдө бүгүнкү көпчүлүк имамдардын жана Ислам аалымдарынын иштериндеги чоң мүчүлүштүк болуп саналат. Ошондуктан, имамдар мусулмандарга бул маселе боюнча мечиттерде сөз кылып, "Аль Акса" мечити тематикасында жума хутбаларын даярдашы керек!”
,
- деп жазат ал өзүнүн фейсбук баракчасында.

Эске салсак, Кадыр Маликовду

н “Исламда аль-Кудс шаары жана “Аль-Акса” мечити” аттуу чакан китепчеси кайрадан басылып чыкты. Аларды Бишкектеги “Ислам буукс” (@islam.books.kg) жана “Умма буукс” (@umma_books_kg) китеп дүкөндөрүнөн сатып алсаңыздар болот.

Ошондой эле, Кыргызстан мусулмандары 729 коду менен башталган Израиль товарларына бойкот жарыялоо демилгесин дагы көтөрүштү.

“Мусулмандын эң мыкты куралы-дуа” демекчи, Палестинада кыйналып, зордук-зомбулук көрүп жаткан бир туугандарга жамаат менен дуа кылуу да эскертилип жатат.

Ошондой эле, “Умма” журналынын ummamag.kg сайтында Иерусалим жана андагы “Аль-Акса” мечити тууралуу маалыматтардын сериясы, Палестинадагы акыркы кабарлар жарыяланууда.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43