Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

2021-жылдагы "Рамазан Чатырында" колдоого муктаж элибизге 1 миллион 143 миң 232 сомдук жардам көрсөттүк

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 28 май 2021

Ыйык Рамазан айы да аяктап, аны менен бирге “Рамазан Чатыры” долбоорунун алкагындагы “Рамазанда тамак-аш менен бөлүш” акциясы да жыйынтыкталды. 2021-жылындагы аталган акцияда колдоого муктаж элдерге 1 миллион 143 миң 232 сом өлчөмүндөгү жардам көрсөтүлдү.

%article_title%

Бул жылы “Рамазан Чатыры” долбоорубуз пандемияга байланыштуу өзгөчөлөнгөн форматта өттү. Жыл сайын салтка айланган ооз ачуу кечелеринин ордуна муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчасы таратылды.

Соңку 3 жылдан бери “Рамазан Чатырына” “Кайнар Групп” @kaynar_group ресторандар тармагы башкы демөөрчүлүк кылып келет. Бул жылы да “Кайнар групп” менен биргеликте “Рамазанда тамак-аш менен бөлүш” акциясын ийгиликтүү ишке ашыра алдык.

Төмөндө акциябыздын жыйынтыктоочу отчету менен бөлүшөбүз.

“Рамазан Чатыры” долбоорунун алкагында жалпысынан 1 миллион 143 миң 232 сом (1 143 232) чогулду.

Анын ичинен 1 миллион 95 миң 52 сомго (1095 052) 938 даана азык-түлүк баштыкчасы даярдалып, колдоого муктаж үй-бүлөлөр, жетим балдар, жалгыз пенсионерлер, жалгыз бой апалар жана мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибизге дарек боюнча жеткирилип берилди.

Калган 48 миң 180 сомго (48 180) “Алтын уя” балдар үйүнө жана карылар үйүнө азык-түлүк баштыкчасы даярдалды.

%article_title%

Мындан сырткары, Баткендеги чек ара жаңжалында жабыр тарткан мекендештерге 60 миң сом (60 000) өлчөмүндөгү каражат жана гуманитардык жардам жеткирилди.

Рамазан айы боюнча жүрүп жаткан акциябызды уккан мусулман бир туугандар да бул кайрымдуулук ишине кошулууну чечишти.

Айтсак, Түрк элчилиги 50 даана азык-түлүк баштыкчасын, “Даткайымдар жамааты” фонду 73 даана баштыкча, активист мекендештерибиз 45 даана баштыкча даярдап беришти.

Ошондой эле, Александровка айылынан дунган бир туугандар 20 кап күрүч берип, акциябызга өз салымдарын кошушту.

Ислам боюнча билим берүү мекемелеринде көңүлдүү ооз ачуу кечелерин уюштурган коомдук ишмерлер Чынара Мамажакыпова менен Айжамал Каразакка да терең ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет.

%article_title%

Мындан тышкары, биз биргеликте 20-хутордогу айымдардын медресесине да колдоо көрсөтө алдык. Бул жерде бир нече жолу эстен кеткис ооз ачуу кечелери уюштурулуп, үй-тиричилик техникалары жана акчалай колдоо да көрсөтүлдү. Бул үчүн жалпысынан 170 миң сомдук (170 000) каражат чогултулду.

Мына ошентип, “Рамазан Чатыры” долбоорубузга өз ыктыяры менен 25 автоволонтер катышып, шаарыбыздын борборун гана эмес, Бишкектин четиндеги айылдарды жана жаңы конуштарды да кучагыбызга алдык.

Баса белгилесек, “Рамазан Чатыры” жалпы элдик долбоор болуп эсептелет. Ыйык Орозо айынын берекесин арттырган бул кайрымдуулук иш-чарасына катардагы кайдыгер эмес жарандарыбыз катышты.

Ар ким колунан келишинче жардам берди: кимдир бирөө өз колу менен тамак даярдаса, башкалары кийим-кече жагынан, калгандары биздин эсептерге акчалай жардамын байма-бай которуп турушту. Ошондой эле, дуа-тилектер менен жана@ummamagkg баракчабызга чыгып жаткан маалыматтарды бөлүшүү аркылуу бизге колдоо көрсөткөн бардык мекендештерибизге терең ыраазычылыгыбызды айтабыз. Өзгөчө, акча чогулткан кутусун алып келген акциябыздын кичинекей катышуучуларын көрүп, жүрөгүбүз жылыды. Кудай буюрса, алдыда кең пейил, берешен, кайрымдуу муун өсүп келе жатат деп ыраазы болдук.

Кымбатуу мекендештер, сүйүктүү окурмандар, акциябыздын катышуучулары! Биз сиздердин аманатты өз ээлерине жеткирдик. Алар сиздерге чын дилинен ыраазы болуп, жүздөрүндөгү жылмаюу менен алакан жайып бата берип жатышты.

%article_title%

Азык-түлүк баштыкчалары Рамазандын эң акыркы күнүнө чейин тынбай таратылды. Анткени, биз ар бир мекендешибиздин үйүндө майрамдык маанай болуп, дасторкону жайнап туруусун кааладык.

Азык-түлүк баштыкчалары жеткирилген ар бир күндү видеого тартып, атайын журналисттик материал да даярдадык. Булардын баардыгын @ummamagkg баракчабыздан көрө аласыздар. Өзгөчө, “Алтын-Казык” жаңы конушунун жанындагы шаардык таштанды топтолгон жайдын айланасында жашаган тургундардын тагдыры деталдуу көрсөтүлүп, окурмандардын жүрөгүнө жетти десек болот. Айланабызда биздин акчалай жардамыбызга, ошондой эле, жакшы сөз, жылуу мамиле менен болчу колдоого муктаж бир туугандарыбыз көп экен.

Алардын жашоо-шартын көрсөң айласыздан көзүңө жаш тегеренет. Мындан ары да токтобостон, кайрымдуулук иш-чараларын байма-бай өткөрүп турууну Жараткан насип этсин. Алуучу эмес, берүүчү колдон кылсын. Баарыңыздардын орозоңуздар жана чын жүрөктөн жолдогон кайрымдуулугуңуздар кабыл болуусуна тилектешбиз! Аминь!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов