Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байден менен болгон жолугушууда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды жоолук салынган котормочу кыз коштоп барды.
Эрдогандын жеке котормочусунун аты-жөнү - Фатима Гүлхан Абусханаб. Фатима айым жогорку билимин Америкадагы 100 мыкты жогорку окуу жайдын катарына кирген Джордж Мейсон университетинде Эл аралык мамилелер багытында бүтүргөн. Ал эми магистратурасын Вашингтондогу Жоржтаун университетинде мусулман-христиан мамилелери бөлүмүндө аяктаган. Ал эми докторлук даражасын Анкарадагы Йылдырым Бейазит университетинен алып, “Хожатепе” университетинен жеке котормочулук жана оозеки котормочулук боюнча билим алган.
Эрдоганды НАТОнун саммитине жоолукчан котормочу кыз коштоп барганы оппозициячыл партиялардын катуу сынына кабылды. Бул тууралуу Түркиянын сайттары байма-бай жазышууда.
Алсак, оппозизиячыл маанайдагы “ИЙИ” партиясынын башкы жетекчиси Мерал Акшенер Эрдогандын котормочуну тандоодо анын кесипкөйлүгүнө эмес, өзүнө ыңгайлуу кадрды алып келип алгандыгын айтты:
“ИЙИ” партиясы менен бийликтеги “АК” партиянын жеткчилеринин ортосунда социалдык тармактарда кайым айтышуу орун алды.
“Ак” партиянын мүчөсү Равза Кавакчы Кан аны Мерал Акшенердин дискриминациялык жана жаштарды басмырлаган сөзү капа кылгандыгын айтты:
“ИЙИ” партиясынын жетекчисинин жардамчысы Ахмет Эрозан социалдык баракчасында мындай ойлору менен бөлүштү:
Эске салсак, котормочу кыз Фатиманын апасы Мерве Кавакчы мындан 20 жыл мурун Түркия Парламентинин Башкы Ассамблеясында жоолугу үчүн Түркиянын Демократиялык Солчул партиясы тарабынан шылдыңга алынып, Парламенттен чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ага карата “Бул аялга өз ордун көрсөтүп койгула” деген сөздөр айтылган.
Ахмет Эрозандын пикирине “Ак” партиянын жетекчисинин жардамчысы Хамза Даг мындай деп жооп берди:
Тарыхка кайрылсак, 1999-жылы 28-февралда Мерве Кавакчы балдарын 1-класска мектепке алып барган. Ошондо журналисттер аны айланчыктап, мектептеги башка балдарга аларды кемсинткен ураан айттырышкан. Ошондогу коомдук шылдыңга алынган кыз – президенттин азыркы жеке котормочусу Фатима Гүлхам Абусанаб эле.