Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жоолукчан кыздар "КМШнын мыкты студенти-2021" наамын утуп алышты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 5 август 2021

Жакында эле Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн алдыңкы студенттерин “КМШнын мыкты студенти-2021" наамы менен сыйлоо аземи өттү.

%article_title%

“КМШнын мыкты студенти" эл аралык долбоору Казахстандын илимпоздор конгрессинин колдоосу жана «Бөбек» улуттук кыймылы тарабынан уюштурулат.

Аталган наамды Кыргызстандан бир нече студент алды. Кыргызстандан “КМШнын мыкты студенти" болууга 800 студент өз талапкерлигин көрсөтүп, анын ичинен 90 студент тандалып алынган. Алардын арасында жоолукчан кыздар дагы бар. Илим-билимде, коомдук иштерде активдүүлүк көрсөтүп, ийгилик жаратып жаткан кыздар жоолук кыз кишинин өнүгүшүнө тоскоол болборун далилдеп, коомдо байма-бай айтылып жүргөн жаңылыш стереотиптерди жокко чыгарууда кезектеги зор салымдарын кошушту.

%article_title%

“КМШнын мыкты студенти” эл аралык долбоорунун

негизги максаты жаш илимпоздордун инновациялык долбоорлорун, изилдөө ишинде, чыгармачылыкта, студенттик кеңеште, спортто жана илим менен билим берүүнү өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерин аныктоо болуп эсептелет. Ошондой эле, КМШ өлкөлөрүндөгү студенттердин кызматташуусун арттыруу болуп да саналат.

“КМШнын мыкты студенти-2021" наамын алган жоолукчан кыздар тууралуу маалымат:

1- Жакыпова Рахима - Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү. Рахима түрдүү иш- чара, долбоор, марафондорго жана интеллектуалдык оюндарга катышып, өзүн ар тараптан өнүктүүгө аракеттенип келет. Азыркы убакка чейин 60ка жакын сыйлыктары, мактоо баракчалары бар.

%article_title%

“КМШнын мыкты студенти-2021"долбоорун багындыруу мен үчүн чоң ийгилик! Сынактын жыйынтыгы боюнча студенттер медаль, 1-даражадагы диплом менен сыйланышат.Ар бир мыкты студенттин ысымы "Талантуу жаштардын энциклопедиясы" эл аралык студенттик китептер жыйнагына киргизилет экен”,- дейт Рахима.

Сынактын жыйынтыгы боюнча студенттер медаль, 1-даражадагы диплом менен сыйланышат.Ар бир мыкты студенттин ысымы "Талантуу жаштардын энциклопедиясы" эл аралык студенттик китептер жыйнагына киргизилет экен”,- дейт Рахима. Рахима 15 тен ашык уюмда ыктыярчылык кылып, маданий, агартуу жана кайрымдуулук иштерине зор салымын кошуп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ыраазычылык катына, шаар мэринин жаштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамотасына татыган. Мындан сырткары, Рахима “Boorsok travel” туристтик агенттигинин негиздөөчүлөрүнүн бири, “Китепкөй Чилистен” долбоорунун автору. Дагы башка 10догон долбоор, масштабдуу иш-чара, илимий конференциялардын активдүү катышуучусу.

2- Момунбекова Ай-Данек- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин бүтүрүүчүсү.

%article_title%

“Бул конкурс боюнча 2020-жылы маалымат алып, бирок конкурска катышуу аягына чыгып калгандыгы үчүн катыша албай калганмын. Быйыл катышууну жараткан насип кылган экен. Бул долбоорго мурдагы СССРдин курамындагы 15 өлкөнүн студенттери катыша алышат. Студенттерге да коюлган талаптар бар. Башкы талап окуудагы, коомдук иштердеги жетишкендиктер эсептелинет. Жаңы абитуриент болуп ЖОЖго тапшырып жаткан мезгилде 4 жылдык максат койгонмун, башкы максатымдын бири Президенттин стипендиясын алуу болчу. Ал үчүн 1-курстан баштап окууда мыкты көрсөткүчтөргө жетишүү, эң жакшы деген бааларга ээ болуу, коомдук иштерге активдүү катышуу, илимий-практикалык конференцияларда грамота, дипломдорду алуу, жана башка тастыктоочу күбөлүктөргө ээ болуу керек эле. Ошол максатымдын артынан көп агартуу тармагындагы долбоорлорго катыштым. Грамоталарга, сертификаттарга, илимий-практикалык конференцияларда I , II даражадагы дипломдорго, кайрымдуулук акцияларында ыктыярчылык кылып, ыраазычылык баракчаларга ээ болдум. “КМШнын мыкты студенти” долбооруна документ тапшыруу башталганда керектүү документтерди чогултуу оңой болду. Жообун 2 ай күттүк. Биринчи жообу келгенде аябай сүйүндүм. Ата-энеме абдан ыраазы болдум. Кандай гана долбоорлорго катышпайын ар дайым колдоо көрсөтүп, ишенип турушат. Учурдан пайдаланып ата-энеме ыраазычылык билдирмекчимин.

3- Тазабек кызы Карачач- Кыргызстан эл аралык университетинин «Аймак таануу» бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, Россиянын Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн магистранты.

%article_title%

“Учурда ОсОО « Бакыт Ордосу» үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү алдын алуу жана жаштарды турмушка даярдоо борборунда жетекчинин орун басары болуп иштейм жана китеп которуп эмгектенем.

Жумуштан сырткары 1,2 жыл мурунтан жазып бирок даяр болбой келген «Келечекке инвестиция» аттуу социалдык долбоорумду аягына чыгарып, ыктыярчылардан турган команда түзүп, ал долбоорубуз да ишин баштады. «КМШнын мыкты студенти-2021» эл аралык долбооруна интернеттеги жарыяны көрүп, тапшырып көрүүнү чечтим. Университетте активдүү студент болуп, түрдүү иш-чаралар, илимий конференцияларга катышып, макалаларды жазчумун. Жараткан насип кылган экен, почтама «Сиз КМШ өлкөлөрү арасынан эң мыкты студент деп табылдыңыз» деген билдирүү келди. Бизге төш белги менен I даражадагы диплом жана КМШ боюнча мыкты студенттердин топтомун түзгөн энциклопедия китеби тапшырылды. Жакшы иштерде ар дайым мени колдоп келген ата-энеме жана жакын адамдарыма ыраазычылык билдирем!”- деди Карачач.

4- Абасбекова Анара- Бишкек мамлекеттик университетинде социология багытынын магистранты. Анара илимий-практикалык конференциялардын, республикалык олимпиадалардын көп жолку жеңүүчүсү. Коомдук иш-чараларга активдүү катышып, түрдүү уюмдардын ыктыярчысы. М.Кашгари атындагы Чыгыш университетинин “Мыкты студенти” наамынын ээси, мыкты окугандыгы үчүн университеттин атайын стипендиясына да татыган.

%article_title%

“Бул конкурс тууралуу маалыматты былтыркы катышкандардан угуп, быйыл катышып көрүүнү туура көрдүм. Жаз айында кабыл алуу башталган. Студент болгондон баштап бүгүнкү күнгө чейин коомдук иштерге активдүү катышып келем. Ушул жылдар аралыгындагы жетишкендиктеримди тизмектеп конкурска жөнөттүм. Анан тандоодон өтүп, Нур-Султанга жыйынтыктоочу конференцияга чакыруу алдым. Абдан кубандым, бирок барып келүүдөгү каржы маселесин толук өзүбүз көтөрүшүбүз керек болгондуктан, бара албадым. Мындай катышуучулар көп болгондуктан, атайын Бишкек шаарына келип, уюштуруп, сыйлоо аземин өткөрүштү”,- деди Анара конкурс тууралуу.

5- Нурзарбекова Бегимай - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттинин Чыгыш таануу жана Эл аралык мамилелер факультетинин Журналистика бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү.

Оратордук искусство, бизнес жүргүзүү, лидерлик, өзүн өзү өнүктүрүү боюнча атайын курстардын бүтүрүүчүсү. Университеттеги илимий-практикалык жана маданий-агартуу иш-чаралары, конференцияларынын активдүү катышуучусу. Бир катар коомдук жана жаштар фонддорунда ыктыярычылык кылат. Орус, англис, араб жана түрк тилдерин билет.

%article_title%

“Кичинекей кезден бери билим алганды жана өзүмдү ар тараптан өнүктүрүп турууну жакшы көрөм. Пайгамбарыбыз ﷺ ар бир мусулманга билим, илим алуу өтө зарыл экендигин дайыма баса белгилеп, мүмкүн болсо өмүрдүн акырына чейин илимди тереңдеп казуу керектигин айтып кеткен. Мен дагы алган билимимди бышыктоо максатында көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык илимий конференцияларга өзүм изилденип жазган эмгектеримди жактап, бир катар ийгиликтерге жетиштик. “КМШнын мыкты студенти” сынагын 3-курста окуп жүргөн кезде укканмын. Ошондо мен дагы мыкты студент болом деген максат койгом. Аллахым насып кылып тилегиме жеттим. Бул сынак 2021-жылдын 10-мартында башталган. Атайын комисия талапкерлердин өмүр баяны жана окуудагы, коомдук иштердеги жетишкендиктерин текшерип чыгып, студенттерди Ⅰ, Ⅱ, Ⅲ даражаларга бөлүп, мыктыларын тандап алышкан. Мен Ⅰ даражадагы “КМШнын мыкты студенти-2021” наамын алдым. Уюштуруучулар электрондук дарегиме: “Сиз мыкты студенттердин катарын толуктадыңыз,”- деп куттуктоо баракчасын жөнөтүшкөндө аябай сүйүндүм. Алган сыйлыктарды көргөн сайын дагы да алдыга умтулуп, чоң ийгиликтерди жараткым келет”, - деген ойлору менен бөлүштү Бегимай.

Эске салсак, «КМШнын мыкты студенти-2021» сынагы быйыл 3-ирет уюштурулду.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов