Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

314 млн сомго 3 заманбап мектеп, 292 үй-бүлөгө турак-жай...Мусулмандардын "Ас-Сафа" бирикмесинин Кыргызстанга жасаган ишинин отчету

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 23 сентябрь 2021

Жакынкы күндөрү, тагыраагы, 15-сентябрдан 18-сентябрга чейин “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин чакыруусу менен Кыргызстанга Кувейт, Катар жана Сауд Аравиясынан атайын делегация келди. Делегация тарабынан Кыргызстандагы бир катар социалдык маанидеги мекемелердин ачылышы болду. Кувейт, Катар жана Сауд Аравиясынын кайрымдуу инсандарынын аркасында Кыргызстанда 2 жыл ичинде бир топ маанилүү объектилер курулуп, колдонууга берилди.

%article_title%

1- Бишкектеги «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдында 5 кабаттуу балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмү курулду. Ага жалпысынан 411 миллион 200 миң сом сарпталып, заманбап медициналык техника менен жабдылды. Ачылыш салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенти катышты.

%article_title%

2- Чүй облусунун Токмок шаарында жардамга муктаж 104 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулуп, пайдаланууга берилди; Социалдык шаарчанын аянты 31 миң метр квадратты түзүп, анда 104 үй-бүлө үчүн 3 бөлмөлүү турак-үйлөр курулуп, эмерек жана турмуш-тиричилик техникасы менен жабдылган, 25 жумуш орду каралган тигүү цехи, фельдшердик-акушердик пункт, азык-түлүк дүкөнү, балдар аянтчасы жана футболдук талаа, ошондой эле мечит курулган.

%article_title%

3- Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында жардамга муктаж 104 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулуп, пайдаланууга берилди.

Жалпы аянты 29700 м2 болгон социалдык шаарча өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Үч бөлмөлүү 104 турак жай. Жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн ар бир турак жайда: өзүнчө душ бөлмөсү, от жагуучу меш жана өзүнүн тосулган короосу бар. Бардык батирлер керектүү эмерек, кир жуугуч машина жана газ плитасы менен жабдылган;

2. Тигүү цехи. Жалпы аянты 130 м2 болгон цех толугу менен керектүү тигүүчү машина, эмерек менен жабдылып, 25 жумуш орунун камсыз кылат;

3. Азык-түлүк дүкөнү жергиликтүү тургундарды азык түлүк менен камсыз кылууга багытталып, жалпы аянты 75 м2 түзөт;

4. Жаштардын руханий жана адеп -ахлактык өнүгүүсү үчүн 100 м2 болгон мечит;

5. Жаштардын ден соолугун чыңдоо үчүн жасалма чөп жана тосмолору бар футбол талаасы.

%article_title%

4- Ош облусунун Алай районуна караштуу Гульчө айылында жардамга муктаж 84 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулуп, пайдаланууга берилди. Жалпы аянты 25000 м2 болгон социалдык шаарча өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Үч бөлмөлүү 84 турак жай. Жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн ар бир турак жайда: өзүнчө душ бөлмөсү, от жагуучу меш жана өзүнүн тосулган короосу бар. Бардык батирлер керектүү эмерек, кир жуугуч машина жана газ плитасы менен жабдылган;

2. Тигүү цехи. Жалпы аянты 160 м2 болгон цех толугу менен керектүү тигүүчү машина, эмерек менен жабдылып, 25 жумуш орунун камсыз кылат;

3. Фельдшердик-акушердик пункт (ФАП). Пункт бардык керектүү жабдуулар, стоматологиялык аппарат, гинекологиялык кресло, заманбап жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган;

4. Наабайкана. Жалпы аянты 70 м2 болгон наабайкана жергиликтүү тургундарды нан азыктары менен камсыз кылууга багытталган;

5. Жаштардын руханий жана адеп -ахлактык өнүгүүсү үчүн мечит;

6. Жаштардын ден соолугун чыңдоо үчүн жасалма чөп жана тосмолору бар футбол талаасы.

%article_title%

5- Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кызыл-Бирдик айылында 300 балага ылайыкталган «Аманат» билим-берүү курулуп, керектүү эмерек, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, пайдаланууга берилди. Билим берүү мекемесинин жалпы баасы 87 миллион 316 миң сомду түздү.

%article_title%

6- Чүй облусунун Токмок шаарында 300 балага ылайыкталган «Аманат-Токмок» билим берүү мекемеси курулуп, керектүү эмерек, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылып, пайдаланууга берилди. Билим берүү мекемеси 79 миллион 168 миң сомго курулду.

%article_title%

7- Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Октябрьское айылында 350 балага ылайыкталган жалпы билим берүү мектеби курулду. Ага жалпысынан 148 миллион сом каражат жумшалды.

%article_title%

8- Токмок шаарында №2 Псохоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 80 орундуу жатакана курулду.

%article_title%

9- Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кызыл-Бирдик айылында фельдшердик акушердик пункт (ФАП) курулду.

10- Ош облусунун Араван районуна караштуу Жаңы-Араван айылында 250 иш орундуу тигүү фабрикасы курулду.

%article_title%

Эске салсак, “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан 2015-жылдан бери республика боюнча жардамга муктаж жалгыз бой аялдар жана көп балалуу аялдар үчүн 684 үч бөлмөлүү үй курулду. Аталган бирикме, ошондой эле, калкту таза суу менен камсыздоо, медициналык, билим берүү жана социалдык мекемелерди бардык керектүү техникалык, эмерек жабдыктары менен кошо камсыздап келет.

Жогорудагы социалдык маанидеги мекемелердин ачылыштарына

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич жана бийлик органдарынан атайын өкүлдөр катышып Кувейт өлкөсүнүн «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммад Абдурахман Альшаяга жана бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгын билдиришти. Мындан ары да тыгыз кызматташуу мамиледе болорун эки тарап тең баса белгилешти.

Кошумчаласак, учурда “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси республика боюнча дагы бир нече социалдык маанидеги мекемелердин курулушун аяктап жатат. Жакын арада алардын дагы ачылыш салтанаты болорун аталган бирикменин пресс-кызматынын өкүлү Кайрат Молдобаев билдирди.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси 2015-жылдын июнь айында Кувейт мамлекетинин жараны, мусулман бир тууганыбыз Шейх Мухаммад Абдурахман Альшайанын жетектөөсүндө жакыр жашаган үй-бүлөлөргө, жетим балдарга, көп балалуу жесир аялдарга ар тараптан жардам берүү максатында түзүлгөн.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37